Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

Орусия: Израилге жер которгондор саны өстү


Израилге туруктуу жашоо үчүн кетип жаткан орусиялыктар
Израилге туруктуу жашоо үчүн кетип жаткан орусиялыктар

Орусияда 16 жылдан бери биринчи жолу Израилге жер которгондордун саны өстү. Былтыр биротоло көчүп кеткен орусиялык жөөттөрдүн саны төрт жарым миң адамды түзгөн. Адатта бул сан жылына эки миңдин тегерегинде гана болуп келген.

2014-2015-жылы жер которгондор сан жагынан гана эмес, сапат жагынан да өзгөргөн.

Москвалык журналист жана драматург Михаил Калужский жер которуу үчүн кезекке 2014-жылдын сентябрында турган. Башка жылдары Израилге көчүүнү каалагандардын саны 2 миңдин тегерегинде болуп келсе, былтыр бул сан эки жарым эсе өсүп, 4685 адамды түздү. Михаил Калужский ошолордун бири.

- Мекенге кайтуу жараяны андай деле оор эмес. Сен элчиликтеги телефондордун бирине консулдун кабыл алуусунда болуу үчүн кезекке турууну кааларыңды айтып, телефон чаласың. Бизге телефондун ар жагындагы кыз кезекке тургандар абдан көп экенин дароо эскертти. Биз консулдун кабыл алуусунда эки ирет болдук. Анткени консул жубайыма кошумча документ алып келүүсүн айтты. Аны бат эле бүтүрүп келдик. Менимче, эгер консул кайсы бир кагазды алып кел деп айтса, ал сөзсүз эле керек дегенди түшүндүрбөйт деп ойлойм. Бул жерде консул адамга дагы бир аз ойлонууга убакыт берип жатат жана экинчи ирет ал чын эле келеби-келбейби деп текшерет деп ойлойм.

Москвалык журналист жана драматург
Москвалык журналист жана драматург

Израил парламенти - Кнессет тарабынан 1950-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, Израилге жер которуу укугун алуу үчүн чоң ата же чоң апасынын жөөт экенин, башкача айтканда, үч муунунан бири жөөт экенин тастыктаганы жетиштүү.

- Мен алияны (Израилге жер которууну) 1991-жылы эле жасайын дегем. Бирок анда университеттин 4-курсунда окучумун. Ошондуктан кетип калуу туура эмес болот го дегем жана окуумду бүтүрүп жогорку билим менен кетүүнү ылайык көргөм. Мен диплом алган кезде кайталангыс өзгөрүүлөр болуп кетти жана мага Орусияда болуп көрбөгөндөй кызыктуу нерселер болуп жаткандай туюлду. Мындай шартта кетип эмне кереги бар деген ой келди. Ошентип экинчи ирет да сапарыман баш тарттым. Бирок азыр менин чындап эле кетким келип турат. Анткени менен жумушчу тилим - бул орус тили. Бул тил менин Орусияда дайыма турушумду талап кылган жок. Экинчиден, айланаңда саясий, турмуштук жана эмоционалдык чөйрө сени жерип жатса, анда кетүү керек. Менин кетип жатканым саясат менен түздөн-түз байланыштуу.

Израилдин Көчүп келгендер менен иштөө министрлигинин кызматкери Зеэв Ханинин айтымында, израил аткаминерлери жер которгондор, өзгөчө Орусиядан келип жарандык алып жаткандар, муну ириде Израилди сүйгөнүнөн эмес, түзүлгөн кырдаалдан улам жасашууда деп билет. Профессор Зеэв Ханин Орусиядан көчүп келип жаткандардын портрети кандайча өзгөргөнүнө кеңүл бурду.

Профессор Зеэв Ханин
Профессор Зеэв Ханин

- 1990-жылдардын акырында көчкөндөрдүн үчтөн экиси аймактардан, чакан шаарлардан болчу. Ал эми азыркы үч жылда жер которгондор чоң шаарлардан – Москва менен Питерден келгендер. Келгендер билим деңгээли жагынан жогору болууда, гуманитардык адистиги барлардын үлүшү болуп көрбөгөндөй өстү. Башкача айтканда учурда негизинен тапкыч, жаңычыл интеллигенция жер которууда. Ошондой эле Орусиядан келгендер жашарды - 1998 2000-жылдарга караганда жаштар көп келип жатат.

"Коммерсант" басма үйүнүн жана “Сноб” долбоорунун негиздөөчүсү Владимир Яковлев жети ай мурда жер которгон. Ал жубайы менен Тель-Авивдин эски бөлүгүнөн - Яффо районунан орун-очок алган. Ага кээде такыр эле жер которуу болбогондой сезилет. Анткени аны менен кошо Москванын жарымы Тель-Авивге келип алгандай.

Владимир Яковлев
Владимир Яковлев

- Менин бул жерде баарлашкан чөйрөм - толугу менен Москвадагы чөйрөмдөй эле. Мен Москвада дайыма көрүп жүргөн адамдарды бул жерде көчөдөн жолуктуруп калам. Анткени кимде Израилге кетүү боюнча документ даярдоо мүмкүнчүлүгү бар болсо, алар аны жасап жатышат. Андай кылууга мүмкүнчүлүгү бар мен тааныган адамдардын баары муну кылышууда. Ар бир экинчи адам эмес, ар бир биринчи адам деп айтсак да болот. Бул жерде чын-чынында эмиграция жөнүндө сөз кылууга болбойт. Анткени документ даярдап жаткандар эмигранттар эмес, алар качкындар. Эмиграция дегенде адамдар турмуштук шарттан улам жер которушат. А бул жерде болсо адамдар жашагысы келген жерден корккондуктан улам кетип жатышат. Алар Орусиядан качып жатышат.

Орусиянын каттоо мекемесинин билдиришинче, Владимир Путин президент болуп тургандан бери былтыр Орусиядан сыртка чыгып кеткендердин саны эң жогору болду. Маселен, 2014-жылдын сегиз айында эле Орусиядан башка мамлекетке туруктуу жашаганы кеткендердин саны 203 659 адамды түздү. 2013-жылы ушул аралыкта 120 756 адам гана көчүп кеткен эле.

Деген менен жер которуп кеткендерге караганда Орусияга көчүп келгендердин саны көптүк кылат. Бирок келип жаткандардын саны же миграциялык агым КМШ мамлекеттеринен келген жарандардын эсебинен өсүүдө. Ошол эле кезде билимдүү адистер, ишкерлер, чыгармачыл интеллигенция АКШга, Германияга, Финляндияга жана жогоруда айтылгандай, Израилге туруктуу жашоо үчүн көчүп кетишүүдө.

XS
SM
MD
LG