Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

Москвадагы мигрант "көпөлөктөр"


Москвада сойкулук менен алектенген кыргызстандык келиндер кармалды. Алар мигранттардын батиринде жашыруун сойкукана уюштуруп алып иштеп жүрүшкөн.

- Москвада эмне жумуш кыласыңар?

- Интимдик кызмат көрсөтөбүз.

- Күнүнө канча табасыңар?

- Ар кандай, кээде кардар болот, кээде болбой калат. Айына мен 20-30 миң рубл табам. Мен көп деле иштей албайм. Толукмун.

- Кимдер келет?

- Ар кандай. Орустар, кыргыздар, тажиктер.

- Канча кыргыз кызы иштейт?

- Мен тааныгандардан он чакты кыз иштейт. Жарымы башка батирде. “Көп болуп кеттиңер” деп бизди экиге бөлүп салган.

- Кылмыш жообуна тартыларыңарды билесиңерби?

- Эмне кылганым үчүн?!

Мигрант күйөөлөр талап кылган ДНК-тест

Мигрант күйөөлөр талап кылган ДНК-тест

Бул 31 жаштагы Клара менен диалогдон үзүндү. Ал Москвадагы жашыруун сойкуканалардын биринде кармалган. Орусияга үч жыл мурда келген экен. Өзүнүн айтымында, документтериндеги мүчүлүштүктөн улам башка иш таппай сойкулукка барган.

- Бишкекте цирктин жанында иштечүмүн. Бул жакта "иштей" баштаганыма эки жыл болду. Биздин "жетекчибизди" Марина деп айтышат, мен аны көргөн эмесмин. Гуля деген “диспетчер” отурат, телефон аркылуу заказ алып, кардар таап берет. Саатына 1,5 миң рублга иштейбиз. 900үн аларга киви-капчык аркылуу которобуз, 600 рубл өзүбүздө калат.

Клара, Канышай, Назгүл, Аида... Тагдыры окшош мигрант келиндер. Алар Москвада туруктуу иш таба албай сойкулукка өз каалоосу менен барган. Эң жашы отузда болсо, улуусу 45ке таяп калган. Айрымдары күнү-түнү иштесе, кээ бири башка жумуштан кийин кошумча акча табуу үчүн күнүнө эки-үч саатка келет экен.

Алардын айтымында, мигранттардын батиринде мындай сойкукананы башка бирөөлөр уюштурган. Ал эми келиндер телефон аркылуу жөнөтүлгөн кардарларды гана тосуп алышчу. Алар менен бирге Африкадан келген аялдар да болгон.

Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиев үч кыргызстандык жарандын бирөөнө сойкулук уюштуруу боюнча айып коюлуп жатканын билдирди:​

Аскат Алиев
Аскат Алиев

- Бул иш-аракеттер Москва шаарынын ИИМи менен биргеликте жүргүзүлдү. Шаардагы батирде сойкулук менен алектенген үч жаран камакка алынды. Биздеги маалыматтар боюнча ал жакта жыйырма чакты адам сойкулук менен алектенсе, ону Кыргызстандын жараны. Кармалгандар арасынан бир адамга Орусиянын Кылмыш кодексинин 241-беренеси боюнча кылмыш иши козголууда.

Орусиянын Административдик укук бузуулар кодексинин 6.11-6.12- беренелери боюнча сойкулук кылгандарга 2500 рублге чейин айып пул салынат, ал эми сойкукана уюштургандарга Кылмыш кодексинин 241-беренеси боюнча 500 миң рублга чейин айып пул же беш жылга чейин камакка алуу жазасы каралган.

Марттын аягында эле Калининград шаарында сойкулук менен алектенген кыргызстандыктардын кармалганы маалымдалган. Маалымат каражаттары бир топ жылдан бери Орусияда сойкулук менен алектенген кыргызстандык мигранттар шаар которуп, жер алмаштырып иштерин жазып чыгышкан. Москвада иштеген Акыл сойкулук менен шугулдангандарды шаардан оңой эле табууга болорун белгиледи:

- Москвада кыргыздардын эле саатына берилчү мейманканалары бар. Жарнамалары бардык сайттарда турат. Одноклассникте былтыр ошондой бир топ ачылып, кыздар сүрөттөрү менен чыккан. Ошол саатына мейманкана бергендер керек болгондо кыз-келиндерди чакырып берет. Атайын сүйлөшүп алгандары болот. Саатына миңден эки миң рублга чейин. Алар көчөдө же бир жайда топтолуп турбайт, баары телефон аркылуу заказ боюнча эле келишет. Чогуу иштегендерден Киевский, Курский, Щелковский, дагы бир катар метролордо атайын ошондой батирлер бар деп уккам. Кечээ эле бир таксист таанышым бирөөнү ошолорго жеткирип барыптыр.

Орусияда “этникалык сойкулук” тагыраак айтканда, борбор азиялык сойкулар жөнүндө 2010-жылдары айтыла баштаган. Ири шаарларда мигранттардын сойкуканаларынын пайда болушун адистер миграциянын күчөшү жана экономикалык кризис менен байланыштырган болчу.

"Азаттыктын" архиви: Солго баскандардын соодасы. 3-ноябрь, 2016-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG