Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:41

Орусиядан “айдалгандар” арбууда


Орусия -- Москвада кармалган эмгек мигранттары, 25-октябрь, 2013.
Орусия -- Москвада кармалган эмгек мигранттары, 25-октябрь, 2013.

Москвадагы кечээки рейд учурунда кармалгандар арасында эки кыргызстандык бар экени кабарланууда. Жыл башынан бери Орусиядан жалпысынан миңдей кыргызстандык чыгарылган.

Москвадагы "Садовод" базарындагы текшерүү учурунда кечээ дагы Борбор Азиядан барган миңдей мигрант кармалды. Орусиядагы кыргыз элчилигинин кызматкерлери учурда эки милиция бөлүмүн текшерип чыкты. Алдын ала маалыматтар боюнча, анда эки кыргызстандык бар экени аныкталды. Калган бөлүмдөр да бүгүн текшерилет.

Мекенине кайта албай каржалгандар

Каракөлдүк Сейитбек Садыков үй-бүлөсүн багуу үчүн Орусияга маал-маалы менен барып иштеп, тыйын таап турган. Бирок анын бу жолку сапары оңунан чыкпай, үйүнө араң кайтып келип отурат. Аны иш берүүчүлөр эч эскертүүсү жок жумуштан алып, Орусиядан тез арада чыгып кетүүсүн талап кылышыптыр:

- Иш берүүчү биздин аттарыбызды атап туруп, “иштей албайт экенсиңер, иштен алындыңар” деп салды. Бул боюнча бизге мурда эч ким эскерткен эмес. Бизге мал сыяктуу мамиле кылышты. “Тажиктерден эмнеңер кем, иштей бербейсиңерби” деп мазакташты. Тезирээк чыгып кетпесек, милиция менен чыгараарын айтып коркутушту.

Ошентип каракөлдүк 17 жумушчу Орусияга 12-сентябрда барып, 26-октябрда кайтып келишкен. Алар белгисиз бир ортомчу ишкананын жардамы менен Красноярск крайында курулушта иштешкен.

Кармалган мигранттар, Москва, 25-октябрь, 2013.
Кармалган мигранттар, Москва, 25-октябрь, 2013.
Сейитбек ушу тапта мекенине кайта албай жаткан жарандар да бар экенин айтты:

- Биз негизи 18 адам барганбыз. Бир баланын паспорту жок калып калды. Ага иш берүүчүлөр “азырынча иштей бер, кийин бир нерсе кылабыз” деп коюшту. Паспорту жок болсо ага каалаганын жасатышат да.


Кайгыга салган кара тизме

Ушу тапта Сейитбек Садыков сыяктуу Орусиядан чыгарылган мигранттардын агымы күн санап өсүүдө. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянсак, жыл башынан бери 950 кыргызстандык Орусиядан депортацияланган. Баса белгилей кетчү жагдай, Орусия өкмөтү январь айынан баштап тышкы мигранттардын бирдиктүү маалымат системасын түзгөн. Ага ылайык, мыйзам бузган мигранттар дароо кара тизмеге киргизилет.

ТИМдин консулдук мамилелер боюнча бөлүм башчысынын орун басары Бакыт Уметовдун айтымында, кыргызстандык 264 миң адам кара тизмеге кабылышы мүмкүн:

- Азыр Орусиянын кара тизмесине кириши мүмкүн делген 264 миң жараныбыз бар. Алар тизмеге кире элек. Бирок мыйзам бузса дароо киргизилет. Орусия мурда эле мигранттарды өлкөдөн чыгарып келген. Бирок бирдиктүү система иштеп баштагандан бери мыйзамсыз мигранттардын тизмеси так аныкталып жатат.

Ал ортодо Орусияга барып, мигранттардын оор абалын тасмага түшүрүп келген “Калыс” саясий кыймылы өкмөттү жана тышкы иштер министрлигин мигранттарга карата кайдыгер мамиле жасап жатат деп сындап чыкты. Алардын айтымында, мигранттар учак билети 30 миңден 50 миң рублга чейин көтөрүлгөндүктөн мекенине кайта албай убара.

Аталган кыймылдын төрагасы Жеңиш Молдокматов буларга токтолду.

- Азыр көптөгөн мигранттар жумушсуз калды. Айрым мекендештерибиз жол киреге акчасы жок келе албай жатышат. Билет баасы асмандын башы. Өкмөт бул багытта эч кандай иш жүргүзгөн жок. Аларга мигранттардын акчасы гана керек. Биздин бийлик мигранттардан быйыл көп акча түшөт деп кубанып жатты эле, эми минтип кыйын кырдаалга кабылганда аларды адам ордуна көрбөй калышты. Болбосо алар бюджеттин үчтөн бирин толтурат.

Мындай дооматтарды Консулдук кызмат департаментинин башчысы Ирина Оролбаева четке кагып, Орусиянын ички мыйзамдарына кийлигишүүгө мүмкүн эместигин билдирди:

- Кээде Орусиядагы эмес, Кыргызстандагы жарандар деле камкордукка алынбай калат. Орусиядагы мекендештерибиздин баарын камкордукка алуу кыйын болуп жатат. Бирок биз мигранттарга жардам берүү боюнча бардык иштерди жүргүзүп жатабыз. Албетте, баарына жетишүү мүмкүн эмес. Бизде кызматкерлердин да саны аз. Бирок баарыбыз мыйзамга баш ийишибиз керек. Элчилик жарандарыбызга мыйзам чегинде жардам берип жатат.

Мигранттарды тазалоонун төркүнү эмнеде?

Саясий талдоочу Марс Сариев Орусиянын мигранттарга болгон катаал мамилеси тууралуу оюн ортого салды.

- Орусия мигранттарды сүрө берсе, Кыргызстанда 25 миңге жакын жумушсуз пайда болот. Алдыда кыш, маселе мындан да курчуп кетиши мүмкүн. Кыргызстан кайра эле Орусиядан жардам сурап, сүйлөшүүгө барат. Ошентип Бажы союзу боюнча маселе тез чечилиши мүмкүн. Анткени Орусия Кыргызстандын "Дордой", "Кара-Суу" базарлары, жеңилдик режими сыяктуу шарттарына көнбөй жатат.

Орусиянын миграция кызматынын маалыматына таянсак, бул өлкөдө 570 миңдин тегерегинде кыргызстандык жаран бар. Алардын 127 миңге жакыны гана жумушка уруксат кагазын алган. Жумушка жарамдуулардын 180 миңин эркектер түзсө, кыз-келиндер 100 миң чамалуу. Москванын Бирюлево районунда 13-октябрда болгон башаламандыктан соң мигранттарды депортациялоо, текшерүү күч алган. Адистер 4-ноябрда өтчү “Орус маршы” мигранттарга карата чабуулдун кезектеги ири толкунуна айланат деп кабатыр болуп турушат.

XS
SM
MD
LG