Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

Владимир Путин футбол күйөрмандары менен жолугушту


Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин
Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин

21-декабрда Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин футбол боюнча бардык клубдардын өкүлдөрү менен жолугушту. В.Путин эгерде улуттук азчылыктын өкүлдөрү башка элдин адаттарын сыйлабаса, анда аларды ири шаарларда каттоого алуу эрежелери өзгөрүшү керектигин айтты.

Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин 21-декабрда сөөгү Москва шаардык Люблинск көрүстөнүнө коюлган “Спартак” футбол клубунун күйөрманы Егор Свиридовдун бейитинде болду. Свиридовду кавказдык жаштар атып кеткенде Москвада жана өлкөнүн башка шаарларында миңдеген футбол күйөрмандары жана улутчул маанайдагы топтордун башаламандыктары орун алган.

Егор Свиридовдун өлтүрүлүшүн Владимир Путин улутуна карабастан бардык футбол күйөрмандарына каршы жасалган чабуул катары мүнөздөдү.

11-декабрда Манеж аянтындагы башаламандыктардан кийин Москвада мигранттарга кол салуулар көбөйдү. Мисалы, 12-декабрда кыргызстандык мигрант Алишер Шамшиев улутчул маанайдагы топтун бычагынан мерт болду.

Премьер-министр Владимир Путин футбол күйөрмандары менен жолугушууда Е.Свиридовдун өлтүрүлүшү бардык тараптарга катуу сокку болгонун айтып, “ири шаарларга келгендерди каттоого алууну жакшыртуу керектигин” кошумчалады.

Орусияда буга чейин мигранттарга байланыштуу бир катар мыйзамдар чыккан. Бирок өкмөт башчынын “каттоого алууну жакшыртуу” тууралуу сөзү жакынкы келечекте мигранттарга тоскоол болчу шарттар иштелип чыгарын адистер белгилешет.

Бул жолку башаламандыктын дагы бир өзгөчөлүгү – ага дээрлик өспүрүмдөрдүн катышканы болду. Тартип коргоо органдарынын маалымдашынча, тополоңго 8-10-класстын окуучулары катышкан.

Айрым талдоочулар Орусияда улутчул маанай жайылып атканын, муну бийлик өз кызыкчылыгы үчүн колдонушу ыктымалдыгын эскертишет. Муну түшүнгөн Владимир Путин футбол күйөрмандарына жан тарткан маанайда сөз сүйлөп, аларды өзүнө тартуу аракети жасалганы белгиленет. Карнеги борборунун талдоочусу Алексей Малашенко буларды айтат:

- Өкмөт башчынын футбол күйөрмандары менен жолугушуусу – улутчулдук маанай жаштар арасында тамыр жайып кеткенин мойнуна алуусу. Путин футбол күйөрмандары келечекте шайлоодо таянууга боло турган күч экенин баамдады.

Ал эми саясатчы Михаил Ремизов:

- Коомчулук азыр саясий кармашты башынан өткөргөн жок, ал азыр криминал жана жашоо-тиричиликтеги зомбулукту башынан өткөрүүдө. Ошондуктан премьер-министр футбол күйөрмандарын жоошутуу аракетин жасады. Алардын көңүлүн табуу максатында “бийлик силер менен, кайгыңарды тең бөлүшөт, силерди жалыз таштабайт” деп атат.

Ал арада 21-декабрда Рязанск бекетинин жанындагы Молдогулов көчөсүндө көчө тазалаган кыргызстандык мигрантты белгисиз бирөөлөр пневматикалык куралдан көзгө атып кетти.

XS
SM
MD
LG