Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Орусияда митингдерге каршы мыйзам кабыл алынды


Орусиянын Мамлекеттик Думасындагы сессиядан бир көрүнүш. Москва. 5-июнь 2012
Орусиянын Мамлекеттик Думасындагы сессиядан бир көрүнүш. Москва. 5-июнь 2012

Федерациялар Кеңеши уруксатсыз митингге чогулгандарга жана митинг кезде мыйзам бузгандарга салынчу айып пулду миңдеген эсе көбөйтүү жөнүндө мыйзамды кабыл алды.

Федерациялар Кеңеши бейуруксат массалык акциялар боюнча мыйзам долбооруну болуп көрбөгөндөй тездик менен кабыл алды. Береги мыйзамды 5-июнда шамдан кийин Мамлекеттик Дума бекиткен эле.
Дүйнөнүн бир да цивилизациялуу өлкөсүндө митингге катышып, протестке чыккан адам айрым жасаган кылмышы үчүн кылмышкер деп айыпталып, абакка кесилген адамдан көп айып пул төлөйт деген жобо мыйзамда жок.

Парламенттин жогорку палатасы - Федерциялар кеңешининин мүчөсү Людмила Нарусова сенаторлордо жаңы мыйзамдын тексти жок болгондуктан, аны бекиткенге шашпоого чакырды. Нарусова –белгилүү орус тележурналисти Ксения Собчактын апасы. Бирок коллегасынын үнүн сенаторлор угушпады.

Орус президентинин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңештин төрагасы Михаил Федотов да жаңы мыйзамды кабыл алуу “коомдук тирешүүнү тереңдетчү жаңылыштык болот” деп сенаторлорду мыйзам долбоорун бекитпегенге үндөгөн.

Мамдуманын жыйынында оппозициячыл фракциялар уруксатсыз митингге каршы чараны катаалданткан мыйзам долбооруна алдарынын келишинче каршы турушту.

“Адилеттүү Орусия” партиясынын лидери Сергей Миронов кремлчил “Бирдиктүү Орусия” партиясын мыйзамды кабыл алып, шайлоочуларды урматтабаганын айкын кылды деди:

- “Бирдиктүү Орусия” өзүнө керек жыйынтыкка жетүү үчүн регламенттин бардык нормаларын көзгө илбестен акылсыз кадамга барууга даяр экенин, эң башкысы - өз элин жана өз шайлоочуларын урматтабасын ашкерелшш үчүн биз баарын жасадык.

Оппозиция тарапкерлери жаңы мыйзамка каршы митинг өткөрүүдө. Москва, 5-июнь 2012
Оппозиция тарапкерлери жаңы мыйзамка каршы митинг өткөрүүдө. Москва, 5-июнь 2012
Жаңы мыйзамга жараша, митинг же жөө жүрүш транспорттун жана жолоочу адамдардын жолун бөгөчү болсо, же аянтта нормадан көп адам чогулса, же анын көзөмөлдөөгө кошумча полиция тартылса, акциянын уюштуруучулары 10 миңден 900 миң рублге чейин же 300 доллардан 26, 5 миң долларга чейин айып төлөйт. Митингдин катышуучулары бет кап менен же мас абалында жүрбөөсү, жанында арак-шарап ичимдиктери болбошу керек.

Оппозиция “Бирдиктүү Орусияны” үчүнчү ирет президенттик орунду ээлеген Путинга каршы демонстрацияларды тыйуу максатында береги мыйзамды ойлоп чыкты деп да күнөөлөөдө.

Бирок башкаруучу партиянын ана башы Андрей Воробев массалык акцияларга каршы тартипти күчөтүүчү мыйзам бардык европалык стандарттарга жооп берет дейт:

- Биз эркиндикти абдан баалайбыз. Ар бир адам, ар бир үй-бүлө эркиндикти чексиз баалайт. Бирок биз демократияда жашап жатып, бул мүмкүнчүлүк эле эмес, укуктар эле эмес, өз жүрүм-турумуна жооп берүү да экенин мыкты түшүнүүбүз керек. Ошон үчүн, бүгүн бардык европалык нормаларга, биздеги демократиялык мүнөздөгү өзгөрүүлөрдүн логикасына ылайыктуу мыйзам долбоорун кабыл алдык.

Ырас эле, Орусия парламентинин эки палатасы ыкчам кабыл алган жаңы мыйзам Европанын стандартына жооп береби? Бул суроого таанымал чех публисицти Ефим Фиштейн мындай деди:

- Мен Воробьев мырза европалык стандарт деп эмнени түшүнөт билбеймин. Бирок дүйнөнүн бир да цивилизациялуу өлкөсүндө митингге катышып, протестке чыккан адам айрым жасаган кылмышы үчүн кылмышкер деп айыпталып, абакка кесилген адамдан көп айып пул төлөйт деген жобо мыйзамда жок. Орусияда адамдарга ок аткан полициячы тергөө маалында эркиндикте жүрөт жана ок атканы үчүн 150 миң рубль айып төлөйт. Митингге катышкан адам сойкулардан же майда, болбосо чоң уурулук кылган адамдан көп суммага айыпка жыгылат. Ошондуктан, бул мыйзам Европанын талабына жооп берет деп айта албайбыз. Азыр Европа өлкөлөрүндө мурда Америкада болгон Occupy кыймылына, Москвада болгон “Окупайабай” кыймылына же азыр өтүп жаткан "Оккупай Химлестейдеги" акциялар жүрүүдө. Аларды тарап кеткенге үгүттөөө менен чектелүүдө. Чеки кеткен учурда чатырларын жыйнап салууда. Бирок Орусия парламенти жаңы кабыл алган мыйзамдагыдай, орточо айлык маянадан бир нече эсе чоң айып пул эч кимге салынбады.

Массалык митингдер боюнча жаңы мыйзамга эми президент Путин кол койот. Ал ошондон кийин гана күчүнө кирет.

XS
SM
MD
LG