Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:55

Түркмөнстан Батышка ыктадыбы?


Ашхабаддагы чабандес
Ашхабаддагы чабандес

Түркмөнстандын түштүгүндөгү Мары шаарында АКШнын аскердик базасы пайда болушу мүмкүн экендигин "Независимая газета" да жазды.

"АКШ Мары-2 аэродромунда аскер базасын жайгаштырууга мурдатан кызыкдар болуп жүргөн. Жакында ал жерде аскердик базасын жайгаштыруусу мүмкүн" деп жазды "Независимая газета".

"Жакында эле Түркмөнстан-Ооганстан – Пакистан – Индия газ куурун куруу долбоору жандана баштаган. Өлкөнүн Галкыныш газ кенин жапондор менен кытайлар иштетет, ал эми АКШ коопсуздукка кепил болмокчу. Мындай кепилдикти түркмөн тышкы иштер министри Рашид Мередов Вашингтонго болгон иш сапарында алгандай",- деп жоруду Борбор Азия алакалары боюнча эксперт Александр Князев.

Кыргызстанда электр кымбаттайт

“Кыргызстанда электр энергиясы кымбаттайт” деп жазды "Независимая газета" басылмасы. Евразия экономикалык биримдикке киргенден кийин өлкө өнөктөрүнө карап иш кылып, электрдин арзан баасынан акырындап баш тартууга аргасыз болорун "Независимая газета" басылмасы баса белгилеген.

Энергетикалык комплексти башкаруу боюнча Кыргызстандын мамлекеттик агенттигинин директору Нурбек Элебаев жарык менен кошо жылуулук энергиясы кымбаттарын кошумчалап, калк алардын өздүк наркына жараша төлөөгө өтүшү керектигин белгилеген. Тарифтер кийинки жылдын август айына карата 21 пайызга, 2017-жылы 29 пайызга көтөрүлмөкчү. Энергетика тармагын эффективдүү башкаруу үчүн жаңы мамлекеттик энергетикалык холдинг курууну көздөгөн бийлик учурда Жапониядан каражат издеп жатканы да маалымдалган. Кыргызстан 1991-жылдан бери 7,6 миллиард доллар өлчөмүндө тыштан жардам алып, анын ар бир бешинчи долларын энергетика тармагына жумшаган менен учурда системалуу кризиске учураганы баса белгиленет.

Тажикстан: Дүйшөмбүдө гана жарык өчпөйт

Тажикстан электр энергиясын колдонууга кайрадан чектөө киргизип жатканын Интерфакс маалымат агенттиги кабарлады. «Барки Точик» мамлекеттик энергохолдинг чектөө бүтүндөй өлкө боюнча жүргүзүлүп, бир гана Дүйшөмбүдө жарык үзгүлтүксүз берилерин жарыялаган. Азыртадан эле Тажикстандын айылдарында электр энергиясы эртели-кеч беш сааттан берилип жатканы кошумчаланат. Электр энергиясы калкка төлөмүнө жараша берилип, өлкө боюнча иш ырааты иштелип чыгары белгиленет.

Каримов КМШ жетекчилерин сындады

"Регнум" басылмасы Өзбекстан президенти Ислам Каримов КМШ өлкө жетекчилеринин жолугушууларын сындап чыкканын жазат. Каримов постсоветтик аймакта жаңы биримдиктердин пайда болушу менен жетекчилердин талкуулаган маселелери учурда түзүлгөн абалга туура келбей, чындыктан алыстап кеткенин айтууда. 16-октябрда Казакстандагы КМШ жетекчилеринин жолугушуусунда өзбек президенти талкууланып жаткан маселелер жалпы мүнөздө өтүп жатат деп өз нааразылыгын жашырган эмес. “КМШ жана Евразиялык биримдик бири-бирин кайталабастан, ар бири өз алдынча күн тартибине жана иш-аракет программаларына ээ болушу керек”, - дейт Каримов. Казакстандагы КМШ лидерлеринин жолугушуусунда Евразиялык экономикалык биримдиктин жыйыны дагы өткөнүн, ага Өзбекстан чакырылбаганын жана Каримов өзү дагы ага катышууну каалабаганы басылмада маалымдалган.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG