Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Назарбаев Евразиялык биримдикке капа


Казак президенти Нурсултан Назарбаев менен орус президенти Владимир Путин. 15-октябрь, 2015-жыл.
Казак президенти Нурсултан Назарбаев менен орус президенти Владимир Путин. 15-октябрь, 2015-жыл.

Жапония Өзбекстанды санариптик телеберүүгө өткөрөт. Тажикстандын Куляб шаарындагы орус базасынын бөлүмү Дүйшөмбү шаарына көчүрүлүүдө, ал эми Орусия Борбор Азиядан келген мигранттарга чектөө киргизүү тууралуу ойлонууда.

"Независимая газета" Казакстан жаңы түзүлгөн экономикалык биримдиктен чыгаша тартып жатканын жазды. Президент Нурсултан Назарбаев өкмөттүн жыйынында мамлекеттик чыгымдарды кескин кыскартуу тууралуу сөз козгоп, Евразия экономикалык биримдигинен көрүнүктүү киреше болбой жаткандыгын белгилеген. Ал Казакстандын автоунаа өндүрүшү Орусиядан киргизилген автоунаалардын айынан чоң соккуга кабылып, учурда токтоп калганын баса белгиледи. Евразия экономикалык биримдигине айтылган мындай сын-пикирди “Север-юг” саясий борборунун эксперти Юлия Якушева “негизсиз” деп таап, Назарбаев өз өкмөтүн алдыда күтүлгөн узак мөөнөттүү экономикалык кризиске даярдоо үчүн айтты деген ойдо.

Казакстандын Бажы кызматташтык ассоциациясынын өкүлү Марат Шибутов орусиялык кесиптешинин оюна кошулса да, Орусияны Евразиялык биримдикте өз милдеттерин эң начар аткарууда деп мүнөздөп кеткен.

Кулябдагы аскер база Дүйшөмбүгө көчөт

"Взгляд" басылмасы Тажикстандын Куляб шаарындагы орусиялык 201- аскерий базанын мотоаткычтар бөлүмү Дүйшөмбү шаарына которулду деп кабарлайт. Коңшу өлкөдө орустардын аскер базасынын бөлүктөрү Дүйшөмбүдөн тышкары Куляб жана Коргон-Төбө шаарларында жайгашып келгени белгилүү. Эми Кулябдагы 149-мотоаткычтар бөлүмү толугу менен көчүрүлүп, аскерий шаар тажик бийлигине өткөрүлгөндүгү маалымдалат. Орусиянын Борбордук аскерий аймагынын пресс-кызматынын башчысы Ярослав Рощупкин Тажикстандагы үчүнчү бөлүктү кыскартуу чечими аскерий даярдыкты жогорулатуу максатында жасалганын билдирген. 201- база Орусиянын чет өлкөдө жайгашкан ири аскерий күчү, Москва - Дүйшөмбүнүн келишими боюнча база Тажикстанда 2042-жылга чейин турат.

Жапония Өзбекстанды санарипке өткөрөт

Регнум интернет басылмасы Жапония Өзбекстанды санарип телеберүүгө өткөрөт деп маалымдайт. Ogawa Seiki Co деп аталган жапон ишканасы 2016-жылдын аягына чейин Өзбекстандын бардык аймактарын санариптик телеберүүгө өткөрүүгө милдеттенген. Керектүү техникалык жабдууларга эле 74 миллион доллар кетет. Бул чыгымдардын көпчүлүгүн жапондор алып, ал эми өзбек банктары 11 миллион долларды насыя түрүндө берерин Өзбекстандын маалымат технологиялары жана коммуникация министрлиги билдирген. Мурунтан Жапония менен Өзбекстан жалпысынан 8,5 миллиард доллар өлчөмүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу сүйлөшкөндүгү макалада айтылат.

Орусия Борбор Азиядан барган мигранттарга чектөө киргизет

“Мамдума Орусияга чет элдик жарандарды киргизүүгө убактылуу чектөө салууну караштырууда” деп жазат Лента.ру. Макалада Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын жарандарын Орусияга киргизүүгө чектөө салуу сунушу тууралуу айтылат. Мамдуманын вице-спикери Игорь Лебедев өз сунушун терроризм коркунучу менен байланыштырып, биринчи кезекте орусиялык жарандар тууралуу ойлонууга чакырган. Агенттик “Бүгүн 1941-жылдын 22-июну, бирок фашисттер менен эмес, терроризм менен согуш жүрүүдө” деген Лебедевдин сөзүн мисал келтирген. Орусиядагы маалымат каражаттары Федералдык коопсуздук кызматы аэропортторго Борбор Азиядан келген жарандарды жумушка албоону сунуштап жатканын кабарлашууда.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG