Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:41

Москва: бийлик каршы, оппозиция нааразы


30-январда Москвада “Стратегия-31” аттуу кыймылдын кеңсесинде тинтүү болуп, кыймылдын 7 мүчөсү камакка алынды. Бул тууралуу “Эхо Москвы” үналгысы маалымдады.

29-январда “Башка Орусия” кыймылынын кеңсесинде жана ал кыймылдын үч мүчөсүнүн үйүндө тинтүү болгон.

31-январда Москванын Триумф аянтында кечке жуук эки акция өттү. Анын бирин бийликтин уруксаты менен укук коргоочу Людмила Алексеева, экинчисин бийликтин уруксатысыз оппозициядагы Эдуард Лимонов уюштурууда.

“Стратегия-31” кыймылынын маалымдашынча, 31-январда Орусиянын 70 шаарында акциялар өтмөкчү.

30-январда кармалгандар тууралуу оппозициялык “Башка Орусия” кыймылынын лидерлеринин бири Александр Аверин буларды айтты:

- Ушундай тинтүүлөр менен бийлик адамдардын жүрөгүнүн үшүн алып атат. Бул тинтүүлөр бүгүн (31-январда) Триумф аянтында өтө турган акцияны болтурбоого байланыштуу.

Баш мыйзамдагы 31-беренеде “ар бир жаран өзү каалагандай жыйынга катыша алат” деп жазылган. Оппозиция ошол беренени ар бир айдын 31инде эскертип турууну чечкен. Бул демилгени “Башка Орусия” кыймылы бир жарым жыл мурда көтөрүп чыккан жана ошондон бери митинг уюштуруп келет. Буга чейин мурдагы мэр Юрий Лужков уруксат бербей, митинг күч менен таратылып келген. Шаардын жаңы мэри болуп Сергей Собянин дайындалгандан кийин “митингге 800гө чейин гана киши катыша алат” деген шарт менен митингдерге уруксат берилген.

2010-жылы 31-октябрда оппозиция ошентип алгачкы митингин өткөргөн. Бирок дал ошол күнү оппозициянын ичинде жарака кетти: Эдуард Лимонов өз тарапкерлерин Москвадагы “Хельсинки” тобунун жетекчиси Людмила Алексееванын тарапкерлеринен бөлүп кеткен. Ошондон бери оппозиция бир эле учурда ар башка жыйын өткөрөт.

Бул жолу, 31-январда, Триумф аянтында митинг өткөрүүгө уруксат алган Алексеева менен уруксат алалбаган Лимоновдун тарапкерлери чогулду. Москва шаарынын бийлиги митингге 1000 кишиге уруксат берген.

Демейде акция жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 7ден кийин башталып, бир саатка созулат. “Башка Орусия” кыймылынын лидери Эдуард Лимонов бул жолу бийлик түнү менен тинтүү жүргүзүп чыкканын айтат:

- Биз митинг өткөрөбүз деп турабыз. Бирок өткөндө мени үйдөн чыгаарым менен кармашкан. Бул жолу кандай болоору белгисиз. Көчө менен жүрүш жасоого эл чогулта албай калышыбыз да мүмкүн.

The Washington Post гезити “орус бийлиги бир нече айдан бери юридикалык системаны өз кызыкчылыгы үчүн кол бала кылып алууга, башкача көз караштагылардын оозун басып Батыш макул болбогон пикирлерди тоотпой атканын билдирип койду. Бийликтегилер ансыз да үнү угулбай калган оппозициянын оозун мурдагыдан да катуу басууда” деп жазат.

XS
SM
MD
LG