Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:57

Орусиянын аба соккусуна араб дүйнөсү эмне дейт?


Сириялык активист орус учактары таштагандан кийин жарылбай калган бомбаларды чогултууда. 7-октябрь, 2015-жыл
Сириялык активист орус учактары таштагандан кийин жарылбай калган бомбаларды чогултууда. 7-октябрь, 2015-жыл

Орусия Сириядагы аба соккуларынан улам Жакынкы Чыгыштагы араб өлкөлөрү менен алакасын бузуп алышы мүмкүн. Аймактагы сунни араб мамлекеттеринин жана алардын калкынын Орусиянын Сириядагы аскерий аракетине карата реакциясына байкоо салган талдоочулар мына ушундай ойду айтышууда.

Москваны Сириядагы аба соккуларын токтотууга утур-утур чакырып жаткан мамлекеттер арасында Түркия эле эмес, Сауд Арабия, Катар жана Иордания да бар.

Талдоочулар сунни араб өлкөлөрүнүн борборлорундагы нааразылыкты алар Сириядагы жарандык согуш токтошу үчүн оболу президент Башар Асад бийликтен кетиши керек деген турумду карманганына байланыштырат:

- Араб өкмөттөрүнүн баары бир добуштан Орусиянын бомбалоо өнөктүгүнө каршы экени талашсыз. Орусия сокку урган буталардын көбү, анын ичине секулярдык Эркин Сирия армиясы, оппозициядагы исламчыл топтордун басымдуу бөлүгү суннит мусулмандар. Араб өлкөлөрүнүн көбүндө да суннит мусулмандар басымдуулук кылат,- деди Бейруттагы Америка университетинин тарых боюнча профессору Пол де Кенуа.

Кошумчалай кетсек, араб дүйнөсүнүн 21 өлкөсүнүн 20сында калк саны жагынан сунниттер көп.

Сирияга бомба таштап аткан орус учагы. 5-октябрь
Сирияга бомба таштап аткан орус учагы. 5-октябрь

Британдык “Индепендент” гезитинин жазганына караганда, Сауд Арабия, Перс булуңундагы араб өлкөлөрү, алардын катарында Түркия да Сириядагы суннит оппозициячыл топторуна Асаддын режимин кулатуу үчүн миллиондогон доллар жардам бөлгөн.

Асаддын режими болсо шиит мусулмандардын бир канаты саналган – аллавит жамаатынан турат.

Өзү “Ислам мамлекети” тобунун башаты да сунниттерден куралган уюм. Ага каршы АКШ түзгөн жана былтыртан бери аба соккуларын жасап жаткан коалицияга Сауд Арабия, Иордания, Бириккен Араб Эмираттары, Катар сындуу калкы суннит мусулмандардан турган өлкөлөрдүн өкмөттөрү кошулган.

Бирок алар да Орусия “Ислам мамлекети” тобун гана бутага алып жатабыз деп ырастаган менен, аба соккулар негизинен Сирия оппозициясынын секулярдык жана байистүү исламчыл күчтөрүнө каршы багытталууда деп санашат.

Маалыматтарга караганда, араб дүйнөсүндөгү коомдук пикирде да Орусиянын аба соккуларына каршылар үстөмдүк кылып тургандай. Мунун бир белгиси катары саудиялык диниятчылардын ушул аптадагы кайрылуусун айтсак болот.

Элүүдөн ашуун диниятчы интернет аркылуу тараткан билдирүүсүндө араб жана мусулман өлкөлөрүн Сирия өкмөтүнө жана анын өнөктөштөрүнө каршы күрөшүп жаткандардын “ыйык согушуна мүмкүн болгон моралдык, материалдык, саясий жана аскерий колдоону көргөзүүгө” чакырып жиберишти.

Москванын Сириянын президенти Асадды колдогонуна сунни араб дүйнөсүндөгү кыжырдануу аймактын өлкөлөрү менен алака курууга буга чейин бир топ эле инвестиция жумшаган Орусияга экономикалык жана дипломатиялык жоготуу алып келүүсү да мүмкүн.

Экономикалык жактан Москва араб өлкөлөрүн атомдук энергия жаатындагы технологиясы сатылуучу базар катары карайт. Эми араб дүйнөсү менен алака-катыш начарлайт деген ойго “Азаттык” менен маегинде москвалык араб таануучу, профессор Георгий Мирский да кошулду:

- Албетте, бузулат да. Алар менен мамиле акыркы учурларда гана жакшырган. Бизге Саудиядагы династиянын өкүлү, ханзаадалардын бири келген. Египеттин президенти ас-Сиси Путин менен үч ирет жолукту. Иордания, башкалары менен да алака-катыш жакшырган. Бирок азыр бул өкмөттөргө эми коомдук пикир менен эсептешүүгө туура келет. Коомдук пикир азыр Орусияга каршы маанайда. Андыктан, мамиленин начарлашынан качууга болбойт.

Араб борборлорунан Москванын дарегине азырынча Каирден гана сын айтыла элек. “Биз Орусиянын кийлигишүүсү Сирияда террорго каршы күрөшкө таасирин тийгизип, аны жок кылууга жардам берет деген ишеничтебиз”, - деди Египеттин тышкы иштер министри Самех Шукри өткөн аптада.

Талдоочулардын баамында, Каир Орусия менен кызматташтыкты Асаддын бийликтен кетишинен да жогору койгондой.

Бул Орусия Египет менен жакында экономика, курал соодасы, атомдук энергия чөйрөсүндөгү кызматташтык боюнча жакында түзгөн келишимдердин жемиши болушу мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG