Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Москва кыйраган учак боюнча эл аралык трибуналга каршы


Учак кулаган жер
Учак кулаган жер

Орусия бир жыл мурда Украина чыгышында Малайзия учагын атып түшүргөндөрдү эл аралык трибунал соттосуна каршы чыгып, Улуттар уюмуна өз резолюциясын сунуштады.

Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешине альтернативдүү резолюция киргизгенин 20-июлда маалымдады. Буга Нидерландия, Малайзия жана башка өлкөлөр учактын кыйроосуна жооптууларды териштирүү үчүн эл аралык трибунал түзүүнүн аракетин көрүп жатканы себеп болду.

Орусия мындай кадамга буга чейинки иликтөөлөргө таянып даярдалган баяндаманын долбоорунда бул кырсыкка орусиячыл жикчилдер айыпталып, Украина чыгышында учакты Орусияда чыгарылган ракета менен аткан болушу ыктымалдыгы тууралуу маалыматтар чыгып кеткен соң барууда. Москва менен жикчилдер мындай айыптоолорду дароо четке кагып, кыйраган учакты Украинанын аскер учагы аткан деген жоромолду таңуулоодо.

Орусия БУУнун баш катчысы Пан Ги Мунга өз долбоорун эки жума ичинде уюмдун Коопсуздук кеңешине киргизүүнү сунуштады. Аталган өлкө бул долбоорунда учак кыйрашына күнөөлүүлөр сөзсүз жоопкерчиликке тартылыш керек деп эсептегени менен ал иш эл аралык трибуналда каралышына каршы. Орусиянын улуттар уюмундагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркиндин айтымында, мындай трибунал түзүү БУУнун укуктук ченемдерине туура келбейт: “Биз БУУнун уставын, эл аралык укуктарды, учактын кыйрашы боюнча мурда кабыл алынган резолюцияларды карманышыбыз керек”, - деди Чуркин журналисттердин алдында сүйлөп жатып.

Мунун алдында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да эл аралык трибунал түзүүгө каршы пикирин айткан эле:

- Эл аралык трибунал түзүү боюнча долбоор өтө көп суроолорду жаратат. Эң башкысы анда бул каргаша эл аралык тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч катары квалификацияланат. Ал мурдагы 21-66 номерлүү резолюция мындай маанини камтыбаганына карабай ушундай сыпатталган.

Орусия сунуштаган резолюциянын долбоорунда ошондой эле бул каргашанын чыныгы себептерин аныктоо - ага күнөөлүүлөрдү жоопко тартууда чечүүчү мааниге ээ экени, Жарандык авиация боюнча эл аралык уюм бул ишти иликтөөдө тиешелүү жана активдүүрөк роль ойношу керектиги айтылат. Мындан сырткары азыр жүрүп жаткан тергөө иштери ачык-айкындыкты камсыздай албай жатканы сынга алынат.

Москванын мындай сунушу учак кырсыгы боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүп жаткан Малайзия, Австралия, Нидерландия, Бельгия жана Украинанын кескин каршылыгына кабылды. Биргелешкен билдирүүдө бул өлкөлөр иликтөө иштери эл аралык жогорку стандарттарга ылайык жүрүп жатканын айтып чыгышты.

Былтыр 17-июлда Малайзия авиакомпаниясына таандык Амстердам - Куала-Лумпур каттамындагы Боинг-777 учагы Украинанын Донецк облусунда атып түшүрүлүп, андагы 298 адамдын баары каза тапкан. Алардын 196сы нидерланддыктар эле. Андан сырткары Австралиянын, Малайзиянын жана Британиянын да жарандары болгон.

Өткөп аптада Украин президенти Петро Порошенко бул окуянын бир жылдыгына карата жасаган кайрылуусунда каргаша үчүн жикчилдер менен Орусияны айыптаган: "Ичинде 298 адамы бар учак Украина чыгышындагы Орусия колдогон жикчилдердин террордук чабуулунун бутасы болгон. Учак жогорку технологиядагы курал менен атылган болушу мүмкүн. Бул кошуна өлкөнүн жогорку саясий жана аскерий жетекчилигинин түздөн-түз буйругусуз болушу мүмкүн эмес", - деп билдирген Порошенко

Бул кырсык боюнча эл аралык иликтөөнүн алгачкы жыйынтыктары быйыл күздө жарыяланары күтүлүүдө. Кулаган учакта жарандары каза болгон Нидерланд, Малайзия баштаган өлкөлөр болсо ага күнөөлүүлөрдү эл аралык сотко алып келүүнү жана Орусияга таасир этүүнү көздөшүүдө.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG