Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:38

"Миллиардер полковниктин" кармалышы шайлоо оюнубу?


Дмитрий Захарченко сотто. Москва, 10-сентябрь, 2016-жыл.
Дмитрий Захарченко сотто. Москва, 10-сентябрь, 2016-жыл.

Орусияда "миллиардер полковниктин" кылмыш иши иликтенип жатат. Милиция полковниги үйүнөн буга чейинки ушундай камоолордо кездешпеген ири көлөмдөгү нак акчанын табылышы чын эле коррупцияга каршы күрөшпү же шайлоо алдындагы оюнбу деген суроолорду да жаратты.

Орусия Ички иштер министрлигинин Коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчи орун басары Дмитрий Захарченко 9- сентябрь күнү кармалып, ага караштуу делген батилердин биринен тинтүү учурунда 120 миллион доллар, эки миллион евро табылган.

Бул Орусиядагы азыркы алмашуу курсу менен эсептегенде 8,5-9 миллиард рублдин тегерегиндеги каражат. Андан бери медиада "миллиардер полковник" атка конгон Захарченконун иши боюнча бөлөк маалыматтар да чыгууда.

Захарченкодон алынган акча.
Захарченкодон алынган акча.

Москвадагы айрым маалымат агенттиктери өз булактарына шилтеме жасап, Швейцарияда камактагы полковниктин атасына катталган жана 300 миллион доллардай евро сакталып турган алты банк эсеби табылганы тууралуу кабарлашты. Бирок, бул кабарды расмий органдар бышыктай элек.

Коррупция менен күрөшүү тикелей милдети болгон кызматтагы полковниктин үйүнөн мынчалык ири суммадагы нак акчанын табылышы көптөрдү таң калтырганы менен, бул окуя бир катар суроолорду да жаратты. Алар бул кармоо бийликтин коррупцияга каршы чыныгы күрөшүбү же шайлоо алдындагы эле оюнбу, эгер чын болсо акча полковниктин жеке өзүнүкүбү, же белгилүү бир топко тиешелүүбү деген маселелерге барып такалууда.

Дүйнөдөгү коррупцияны иликтеген “Транспаренси Интернешнл” уюмунун Москвадагы борборунун директорунун орун басары Илья Шуманов “Азаттыктын” орус кызматы менен маегинде төмөнкүлөргө токтолду:

- Бул - мамлекеттик кызматчыдан гиганттык суммада нак акча табылган алгачкы учур. Анын үстүнө акча жоголуп кеткен эмес. Бери дегенде азыркы учур үчүн кылмыш ишинде далил катары колдонулуп жатат. Орто эле эмес, ири чиновниктен мынчалык көлөмдө акча табылган учур эсимде жок. Менимче, бул жалгыз эле полковниктин коррупциялык же башка жол менен чогулткан акчасы эмес, ал өкүлү болгон структуранын көмүскө кассасы, полковник болсо көмүскө кассир же бухгалтер болгон деген версияга ыктап турам. Менимче, бул окуя Захарченко менен эле чектелип калбайт, Ички иштер министрлигинин бүтүкүл аппараты боюнча уланса керек. Ушул мекеменин ичиндеги системалык проблема, парадоксалдуу кырдаал - коррупцияга жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгы өзү бул илдетке чалдыкканы ачыкка чыгып отурат. Бирок коррупцияга каршы локомотив шайлоодон кийин да жүрөбү же бузулуп токтоп калабы, бул али суроо жарткан маселе.

Иликтөөчү Илья Шуманов полковниктин көмүскө миллиарддары ачыкка чыкканы менен Ички иштер министрлигинин жетекчилеринен али эч ким отставкага кетпегенин да кошумчалады.

Тергөө бүтмөйүнчө кызматтан чегинүүлөр күтүлбөсүн Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков да ырастап, бирок полковниктен табылган акчаны коррупцияга каршы “ырааттуу жана тыкыр иштин үзүрү” деп мүнөздөдү.

Айрым өкмөтчүл гезиттерде болсо Захарченкодон алынган 8,5-9 миллиард рубль Орусияда Украинадагыдай Майдан уюштуруу үчүн багытталган деген да версиялар айтылды.

Бийлик адамдарынын катып, жашырган дүйнө-мүлктөрүн шардана кылып жүргөн оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный фондунун өкүлү Леонид Волков “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде Захарченконун ишин коррупцияга каршы күрөштүн эмес, күч түзүмдөрү ортосундагы атаандаштыктын натыйжасы деп баалады:

- Бул коррупцияга каршы реалдуу күрөш эмес, күч кландары ортосундагы таасир көргөзүү чөйрөсүн бөлүштүрүүгө байланыштуу. Азыр ФСБга башка күч түзүмдөрүндө тартип орнотуусу үчүн карт-бланш берилип жатат. Алгач Тергөө комитетин казышты эле, эми Ички иштер министрлиги менен алектенип жатышат. Менимче, аларда адегенде эле кимди, кантип, эмне менен кармоо керектиги боюнча көрсөтмө маалымат болгон. Захарченко жалпы ИИМдин эмес, анын ичиндеги бир топтун, "общактын" бөлүгү да. Албетте, Захарченко соттолот, бирок анын батириндеги акчанын булагын, уурулуктун, акча чыгарып кетүүнүн схемаларын биз билбеген эле бойдон калабыз.

Президент Владимир Путин баштаган орус бийликтери коррупция менен күрөшүп жатканын такай айтып келишет. Бирок коррупция деңгээли боюнча "Траспаренси Интернешнл" уюму түзгөн акыркы рейтингде Орусия 167 өлкө ичинен 119-орунду алган.

Чайлап-коолап кеткен коррупция маселесин Путиндин сынчылары, либералдык-демократиялык оппозиция учурадагы шайлоо өнөктүгүндө утур-утур көтөрүүдө.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG