Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:54

"РусГидронун" кыргыз өкмөтүнө дооматы


Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу долбоорунун ачылышында.
Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу долбоорунун ачылышында.

Орусиялык басылмалар бул жумада "РусГидро" ишканасы расмий Бишкектен акча доолап жатканын, ал эми Душанбе мигранттарына Москвадан жеңилдик сураганын, Москва болсо Ташкентти өзүнө имергиси келип турганын жазышты.

"Вести Экономика" басылмасы орусиялык “РусГидро” Кыргызстанды эл аралык сотко бериши мүмкүн деп жазат. “РусГидронун” башчысы Николай Шульгинов Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу долбооруна коротулган каражаттар кыргыз өкмөтү тарабынан төлөнүп берилбесе, орусиялык ишкана Кыргызстанга каршы доо арыз менен эл аралык арбитражга кайрыла тургандыгын билдирген. Дооланган акча 35-36 миллион долларды түзөт деп белгилейт басылма. Орусия менен Кыргызстан ГЭСтер каскадын чогуу куруп, аны чогуу колдонууну 2012-жылы макулдашкан болчу. Бирок, быйыл жыл башында кыргыз тарап Орусия менен Жогорку Нарын каскадын жана “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча макулдашууну жокко чыгарган. Анда Кыргызстан Орусиянын каржылык мүмкүнчүлүктөрүнөн күмөн санаган деп айтылат макалада.

Кыргыз тарап "РусГидрого" 10-декабрда жооп кайтарды. Улуттук энергохолдинг бул жаатта эл аралык көз карандысыз аудит жүргүзүлүүсүн талап кылып келе жатканын маалымдап, “бирок, орус тарап чыныгы жумшалган акчаны иликтеп чыгуучу эл аралык аудит жүргүзүүгө каршы экенин” кошумчалаган.

"Лента.ру" казак президенти Нурсултан Назарбаевдин күтүүсүз билдирүүлөрү жөнүндө жазып чыкты. Назарбаев шейшемби күнү президенттик “Алтын сапа” cыйлыгын тапшыруу аземинде “Казакстан мурун Орусиянын колониясы болуп келген” деп айткан. “Падышалык Орусия маалында жердеги бардык жаратылыш байлыктары алынып кетчү, бизге казылган жерлер эле калчу, бизди чаң жутууга мажбурлашкан” деп айткан Назарбаев. Казак эл башчысынын айткандары орусиялык басылмаларда кеңири жазылды. Айрым басылмалар Назарбаевдин мындай билдирүүлөрүн АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүсүнө жана АКШдан күтүлгөн инвестицияларга байланыштырса, айрымдары Назарбаевдин падышалык Орусия жана Советтер союзу тууралуу мурунтан эле айтып келе жаткан сын-пикирлерин эскеришкен.

"Лента.ру" Назарбаев Казакстанды жыйырма жылдан бери башкарып келе жатканын, “улут лидери” деген статусу анын үй-бүлөсүн кылмыш жообунан коргоору жана Казакстанда эл башчысын “каралагандар” жазаланарын белгилеп өткөн.

"Регнум" маалымат агенттиги Тажикстан Орусиядан мигранттарга жеңилдик кылууну суранганын маалымдайт. Тажик өкмөтү Москвадан мигранттарга патент акысын кыскартып, орус тил боюнча тестирлөөнү жана тажикстандыктардын Орусияда каттоого туруусун жөнөкөйлөштүрүүнү суранган. Тажикстандын миграция кызматынын өкүлү Сухроб Тошев Орусияга быйыл 450 миң тажикстандык жаран ишке кеткенин, бул мурунку жылга салыштырмалуу 10 пайызга кыскарганын белгилеген.

"Известия" басылмасы орус-өзбек мамилелеринин келечеги тууралуу саясат таануучу Андрей Суздальцевдин маегин жарыялаган. Макалада мурунтан Ислам Каримов Батыш менен Орусиянын ортосунда тең салмактуулукту сактап, андан тышкары Кытай, Түштүк Корея, Индия менен жакшы алака түзүп келгени баяндалат. Бирок, эми президенттикке жаңы келген Шавкат Мирзиёев өлкөнүн тышкы саясий багытын так аныкташы керек деген ой баса белгиленет. Саясат таануучу Суздальцев Өзбекстанда бийликтеги кландык элиталардын аймактарга карай бөлүнүүсү бар экенин, ага кошумча Ташкенттин кошуна Астана, Бишкек жана Душанбе менен алакаларын бир нукка салуусу зарылдыгын айтып өткөн. Колдоого муктаж Мирзиёевди Путин конокко чакырганы, өзбек президенти жаңы жылдан кийин эле Орусияга келерин басылма маалымдаган.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG