Жалал-Абад: желим баштыктын зыяны
Жалал-Абаддын жашоочулары полиэтиленден жасалган буюмдардан арылып, аз-аздан болсо дагы кездемеден жана кийизден тигилген баштыктарды колдонууга өтө баштады. Экология багытындагы адистер желим баштыктын айлана-чөйрөгө зыяны чоң экенин эскертет. Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда желим баштык өндүргөн 34 ишкана бар. Полиэтилен болжол менен 200 жылга чейин чирибей жер кыртышына, айлана-чөйрөгө зыян тийгизерин эксперттер аныктаган.
Чыгарылыштар
-
Апрель 09, 2024
Сокулуктагы кылмыш: 13 жаштагы кызга кысым күчөдү
-
Апрель 08, 2024
Бишкектин жолдору качан оңдолот?
-
Апрель 06, 2024
"Апрель окуясы бардык бийликке сабак". Таластагы эскерүү