Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:51

Кыргызстандын заманбап география жана картография илимин, Кыргызстан География Коомун түптөгөн мээнеткеч инсандардын бири, коомдук ишмер, ыраматылык Садыбакас Өмүрзаков (1921-2002) алатоолук илимпоздордун ар-намысы катары каралчу.

Алгы сөз

ХХ кылымы кыргыз илиминин европалык жана дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлүп, заманбап бийиктикке жетүү үчүн чоң секирик жасаган дооруна күбө болду. Албетте, орто кылымдарда жана соңку жаңы доордун ирегесинде кыргыздын сабаттуулук тарыхынын өзгөчө баскычтары болгон. Энесай, Талас рун жазуулары, он кылым илгери жашаган Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгари Барскани калтырган мурастар эми илимде өз ордун таап иликтене баштады.

Азыркы тапта мурдагы көчмөн жана жарым көчмөн калктын айрым өкүлдөрү Кашкарда, Фергана өрөөнүндө, тээ Итил боюнда билим кубалап жүрүп китеп жазган кезеңдер, окумуштуулугу үчүн өз айылында “молдо” атыккан учурлар арбын болгону тастыкталды. Аларды бүгүнкү тарыхчылар чып-чыргасын коротпой жазганга аракет кылып жатышат, бирок, ошондой болсо да, кыргыз илиминин көп тармактуу жана көп улуттуу жамааттын орток түшүмү катары жаралышы – совет дооруна гана туш келген тарыхый жетишкендик болду.

Бул бийик серени жаратуу үчүн кыргызстандык илимпоздор улутуна карабай ири салым кошушту. Алар так илимде да, гуманитардык илимде да, башка тармактарда да алатоолук жаңы илимий мектептерди түзүүгө жетишишти (Караңыз: Кыргыз Совет Энциклопедиясы, 1-6-томдор. – Фрунзе, 1976-1980; Академия наук Кыргызстана: История и проблемы. – Фрунзе, 1990; Асанов У., Джуманазарова А., Чоротегин Т. Кыргызская наука в лицах. – Бишкек: Гл. Ред. Энциклопедии и Центра госязыка, 2002; ж.б.). Ошондо да мажирөөлүк, окумуштуулук даража үчүн эптеп оңой-олтоң темаларга азгырылуу, бийлик тепкичин пайдаланып, татыксыз түрдө академиялык ири даражаларга ээ болуп алуу (илимдеги аткаминерлик) сыяктуу жосунсуз көрүнүштөр арбын эле учурап келди.

Ушундай оош-кыйыш дүйнөдө кыргыз илиминдеги акыйкатчылдыктын, абийирдин, асыл нарктар үчүн күрөштүн, жаңычылдыктын символу болгон илим дыйкандары да болгонуна шүгүр. Алардын арасында куугунтуктоого кабылган Касым Тыныстанов, Тазабек Саманчин, Кусейин Карасай уулу, Кубанычбек Нурбеков, ж.б.; улуттук академияга мүчө кабарчы болуу тилеги ишке ашпай, бирок эң мыкты чыгыш таануучулук жана этнографиялык эмгектерди калтырып кеткен Өмүркул Караев, Имел Молдобаев, диалект таануу жаатында эбегейсиз зор эмгек сиңирген Жээнбай Мукамбаев, адабият таануучу Салижан Жигитов сыяктуу залкарлар болду.

Кыргыз илимине бараандуу салым кошкон инсандардын тизмесинде кашкайып алыстан көрүнүп турган ири илимпоз – ыраматылык географ Садыбакас Өмүрзаков агай эле (орусча адабиятта ысымы «Садыбакас Умурзаков» деп жазылчу). Ал 1921-жылдын жалган куранында (мартында) Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Кант районундагы Жайылма айылында туулган жана 2002-жылы баш оона (август) айында борбор шаарыбыз Бишкекте кайтыш болгон. 1958-жылы география илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган.

Эмгеги кыйыр ашкан окумуштуу

Оболу мен Садыбакас агайдын жеке өзү менен эмес, жарыялаган эмгектери менен тааныштым. 1983-88-жылдары Ташкенде Өзбекстан Илимдер Академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда стажировкада жана күндүзгү аспирантурада окуп жүргөн чагымда, Садыбакас агайдын “Кыргызстандагы географиялык ачылыштардын жана изилдөөлөрдүн тарыхынын учкай баяны” (Умурзаков С. Очерки по истории географических открытий и исследований Киргизии. – Фрунзе: Кыргызстан, 1959. – 150 с., илл.) деген китеби менин “жаздыгымдын астында” В.Бартольд, И.Крачковский, А.Бернштам, Ө.Караев, Ю.Худяков, В.Бутанаев, А.Б.Халидов сыяктуу окумуштуулардын эмгектеринин катарында турду.

Садыбакас агайдын аталган монографиясын кылдат иликтеген киши тим эле университетти бүтүрүп чыккандай болот. Ал эми университетти бир күндө бүтүрө албайсыз да. Ошондуктан, “Кыргызстандагы географиялык ачылыштардын жана изилдөөлөрдүн тарыхынын учкай баяны” китебин улам-улам карап чыгууга, башка айрым китептердеги айрым каталарды тактоо же түзөтүү үчүн Садыбакас агайдын ушул чыгармасына улам кайра кылчаюуга туура келди.

Мында элибиздин тарыхына жана географиялык-картографиялык мурасына байланыштуу нечендеген тарыхый фактылар, башка кыргыз окумуштуулары жана улут үчүн жаны күйгөн публицисттер бул маалыматты козгой элек учурда, Садыбакас агай тарабынан электен кылдат өткөрүлүп, жатык тил менен топтоштурулуп берилген.

Бир эле мисал келтирсек, Махмуд Кашгари (Барскани) калтырган картографиялык-географиялык мурас кыргыз журтчулугунда 1960-жылдары (“Дивандын” өзбекче котормосу жарыяланган соң) гана кеңири сөзгө алына баштаган. Ал эми С.Өмүрзаков агай болсо Махмуд Кашгаринин картографиялык мурасын чечмелөө маселесине 1950-жылдардын ичинде эле кайрылат. (Махмуд Кашгаринин дооруна, өмүр жолуна жана илимий мурасына арналып, 1998-жылы жакталган доктордук диссертациябызда С.Өмүрзаковдун бул илимий салымын өзгөчө айта кеттик).

Садыбакас агайдын “Көз жеткен чектин төрт жагынан” деген орусча китеби да (балким, бул китептин аталышын “Теребелдин төрт жагынан” деп кыргызчалоого да болор?) жалпы эле Борбордук Азия аймагындагы география, картография жана топонимия таануучу адистер менен тарыхчылардын сүйүктүү китебине айланды (Умурзаков С. С четырех сторон горизонта. – Фрунзе, 1983).

Жалпысынан, өз эмгектеринде С.Өмүрзаков агай Кыргызстанды иликтеген чет өлкөлүктөр тууралуу эле жазып чектелбестен, жер таануу жаатында кыргызстандыктардын өздөрү кошкон илимий салымды да унутта калтырган эмес.

Жер таануу – эл таануу демек

Кыргыздар менен байланыштуу топонимдер Энесай, Монголия жана Тибеттин хотандык этегинен тартып, Урал, Эдил (б.а. Итил же Волга), Крымга чейин кезигээри тууралуу илимий маалыматтарды топтоодо тарыхчы жана этнографтар менен бир катарда С.Өмүрзаковдун да олуттуу салымы болду.

Ал өзү өмүр бою топтогон мол маалымат 1970-80-жылдардагы кыргыз тарыхын жана тарыхый ареалын жалаң гана Кыргызстандын аймагы менен жасалма чектөө аракеттерине кайчы келерине көзү жеткен. Ал кыргыздардын кеңири географиялык чөлкөмдөр тууралуу эмпирикалык бай маалыматы болгондугу тууралуу тыянагын эмгектеринде ырааттуу тастыктап келди.

Эсимде, өзбекстандык илимпоздор, географиялык ачылыштар жана жер-суу аттары тууралуу нечендеген чыгармаларды жазган топонимист окумуштуулар Хамидулла Хасанов менен Сүйүн Караев (Сүйүн агай – Өзбекстандын Жизак тоолорунда туулуп-өскөн чыгаан кыргыз окумуштуусу) өз чыгармаларында да, илимий жыйындарда чыгып сүйлөгөн учурларында да Садыбакас Өмүрзаковду өздөрүнүн устаты катары терең урмат менен белгилешчү.

Ал эми мага, 1980-жылдардын ичинде жаңыдан гана илим жолуна өтүүгө далалаттанып жүргөн жаш жигитке, кыргызстандык географ окумуштуу тууралуу мындай мактоо сөздөр “майдай жагып”, ушунчалык кубат берип, шердентип, Садыбакас агайды көрө элегимде эле ага карата терең кадырлоо сезимимди арттырган эле.

Кыргызстандын өзүндө да анын үлгүлүү, өрнөктүү жолу бардыгын ыраазы кылган, куштарланткан, демөөрлөнткөн.

Садыбакас ага чыныгы атуул, анык патриот киши болгон, бирок мекен сүйөр сезимин жыйындарда көкүрөктү ургулап, “алтын шилекей” чачыратып, курулай ураан чакыруу аркылуу эмес, ар күнүн текке кетирбей, илимий эмгек жазуу аркылуу туюнткан.

1990-91-жылдары Садыбакас агай Бишкекте топонимиялык комиссиянын ишине ургаалдуу жетекчилик кылган илимий адистердин биринен болду. Бул комиссиянын айрым баскычтарына Кыргызстан Жаш тарыхчылар жамаатынын жетекчилеринин бири катары мен да аралашып калган элем. Маркум академик Салмоорбек Табышалиев жана Садыбакас Өмүрзаков агайлар ошол комиссиянын туура жыйынтык чыгарышына, тарыхый географиялык аталыштарды калыбына келтирүү жана мурда унутта калтырылган же куугунтукталган залкар кыргыз ишмерлеринин аттарын Кыргызстанда көчөлөргө жана башка жайларга коюу жүрүмүнө салым кошушту. Аларды топонимист Кадыралы Конкобаев, географтар Саламат Аламанов, Темиркул Эшенкулов сыяктуу мыкты шакирттери колдоого алышты.

Жекече баарлашууга эмне жетсин!

Садыбакас агайды мен алгачкы жолу 1988-жылы Бишкек шаарында Кыргызстандын Илимдер академиясында уюштурулган ономастикага жана топонимияга арналган ири илимий жыйын маалында көрдүм. Ошол жылы декабрда Ташкенде кандидаттык ишимди жактаган соң, Бишкекке кайтып келдим да, андан кийин агайды ар кыл коомдук жыйындарда көбүрөөк учуратчу болдум. Анын окуучулары менен да байма-бай кездешкен жагдайлар болду (1980-жылдардын этегинде – 1990-жылдардын башында кыргыздын чыгармачыл жана илимий айдыңдары өтө эле саясатташып жана жалпы улуттук мүдөө үчүн айрыкча ынтымакташып кетпеди беле).

Агайдын калың көз айнеги, кол жазмасын өтө кылдат карап окуган учурлары анын өзгөчө интеллигенттик жүрүм-турумунун ажырагыс бир көрүнүштөрүнөн эле. Дагы бир касиети – ал жүйөөлүү айтылган сөздөргө өзгөчө урматтап мамиле кылган, табиятынан калыс киши болчу.

Ошол доор кээде романтикалык бир учур сыяктуу эске түшөт. Советтер Биримдигиндеги Михаил Горбачевдун бийлигинин соңку жылдарындагы руханий эркиндикке башат болгон желаргыга Ала-Тообузда Түгөлбай Сыдыкбек уулу, Чыңгыз Төрөкул уулу Айтматов баштаган улуу муундагылар да, Ашым Жакыпбеков, Салижан Жигитов, Кеңеш Жусупов, Казат Акматов, Абдыганы Эркебаевдей орто муундар да, жыйырма-отуз жаштын аркы-берки жагындагы жаштар да ыракаттанып, мурда айтылбаган нечендеген көйгөйлөр эми ачык козголо баштады. 1989-90-жылдары Бишкектин айланасында «Ашар» уюму саясий сахнага чыкты, Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты, «Мемориал», «Ак кеме», «Акыйкат»,»Асаба», КДК, ж.б. уюмдар түптөлүп жатты.

Кыргызстандын 1991-жылы чыныгы мамлекеттик эгемендикке жетиши айдыңдардын чыгармачыл жигерин ого бетер кубаттандырды. Эгемендиктин ирегесинде, маселен, Маскөө (тактап айтканда, И.Сталиндин режими) 1926-жылы таңуулаган Фрунзе аталышын борбор шаардын аталышынан алып салып, тарыхый Бишкек наамын калыбына келтирүү үчүн күрөш жүргүзгөн бейрасмий кыймыл күчөгөн.

Жер-суу аталышы да күрөш майданы

Тарыхый жер-суу аталыштарын калыбына келтирүү үчүн аракет маалында бир чети күлкү келтирген, бир чети кабырга кайыштырган факттар да ачыкка чыгып жатты. Маселен, Ички Теңир-Тоодогу Ат-Башы деген чакан айылдагы үч мектептин экөөнүн аталышы Ленин менен байланыштуу экен; Бишкекте болсо “Первый Коммунистический тупик” (“Биринчи Комунисттик туңгуюк”) чолок көчөсү сыяктуу күлкү келерлик көчө аттары болгон экен.

Ушул жана башка көрүнүштөрдү Садыбакас Өмүрзаков жана анын шакирттери кылдат иликтеп, падышалык оторчулук бийлик же эски советтик режим таңуулаган далай топонимдерди мурдагы тарыхый аталыштарга ооштурууга салым кошушту.

Окумуштуулар убактылуу жеңилип калган учурлар да болбой койгон жок, Маселен, жергиликтүү аткаминерлер Рыбачье шаарынын аталышын илимпоздордун сөзүнө кулак салбай эле “Ысык-Көл” шаары деп атап коюп, аны Балыкчы шаар аталышына которуу иши кошумча түйшүк жараткан кез дагы эл эсиндедир. Токмокту бир учурда Чүй-Токмок деп да атап жибердик.

Айрым замандаштарыбыз азыр дагы Чүй облусу турса, Чүй району дебестен, Баласагын району деп атасак дурус болмок деген пикирлерин айтып калышат.

Аталыштарды алмаштыруу маалында бир беткей аракеттер көп эле болду. Кээде тар жердештик, кокту-колоттук кызыкчылыктар басымдуулук кылып кетип жатты. Бир мисалды өз айылымдан эле келтирейин. Коммунисттик доордо эле бабаларыбыз эстүүлүк кылып, Эчки-Башы айылынын башкы көчөсүн Манас көчөсү деп атап алышкан. Дайыма мактанчубуз: «Башка жактарда негизги көчө – Ленин атында, биздин чакан кыштакта – Манас атында» деп. Эми болсо алиги кокту-колот психологиясынын жана айыл депутаттары жеген чүйгүн эттин даамынын айынан ушул көчө аталышы бир айылдык аксакалдын ысымына которулуп салыптыр. То-бо! Азыркыга чейин уялып келем.

Башка кээ бир кыштактардагы айыл мектептеринин аталышын өзгөрткөндө, жалпы улуттук касиети бар инсандардын ысымдары алынып салынып, жергиликтүү төбөлдөрдүн эмгеги анчейин белгисиз кишилеринин аттарына алмаштырылганын сындап жүргөн жаным, бул жолу, айрым добуш бергич айылдаштарымдын айынан баш көтөрө албай кысынып жүрөм. «Эгерде жалпы улуттук деңгээлде эмгеги тастыкталган кишинин ысымы мектепке, көчөгө же клубга мурда коюлган болсо, анда анын ысымын ошол кыштактагы башкарманын, бригадирдин, колхоз кампачысынын же дагы бир дасторкону берекелүү урпактын ата-энесинин ысымына алмаштырууга болбойт» дегендей мыйзамдык берене керектир?

Дал ушул сыяктуу түйшөлткөн миңдеген окуялар географ жана коомдук ишмер Садыбакас агайдын көз майын жеп, илимий ишинен кыйла алагды кылганын аңдоо кыйын эместир.

«Кыргыз» этноними

С.Өмүрзаков агайдын кыргыз улутунун карт тарыхын даректүү маалыматтарга таянып иликтеши постсоветтик кыргыз улутунун руханий кайра жаралуусу үчүн кызмат кылган өбөлгө болду.

Эсимде, кыргызстандык илимпоздордун эки өкүлү “кыргыз” этнониминин 2200 жылдык мааракесин кылымдар тогошкон жылы өткөрүү идеясын тээ 1980-жылдардын этегинде бири-биринен көз каранды эмес, ар кими өз алдынча сунуш кылышкан. Алардын бири – аксакалыбыз Садыбакас Өмүрзаков болсо, экинчиси – жаш окумуштуу, азыркы тапта тарыхый романдар жарыялай баштаган шакиртибиз Арслан Капай уулу Койчиев болду.

Илимий фактыларга негизделген бул идеяны саясатчылар алгачкы демилгечилердин ысымдарын эч оозанбастан андан ары өркүндөтүшүп, 2002-2003-жылдары Кыргызстанда жана дүйнөнүн башка айрым өлкөлөрүндө, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму менен ЮНЕСКОнун алкагында байыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдык мааракеси белгиленди.

Атаганат, ошол маараке күндөрү бул эки демилгечинин ысымдары эч аталган жок, себеби алардын ысымдары Ак үйдөгү аткаминерлердин бул мааракени уюштуруу демилгесин ошол таптагы президент Аскар Акаевдин ысымы менен гана байланыштыруу далалаттарына бөгөт болмок.

2003-жылы октябрда Парижде Сорбонна университетинде жана ЮНЕСКОнун баш кеңсесинде бул мааракеге (кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдык майрамына) байланыштуу жолугушуулар болгондо, мен бул окуяны чагылдыруу үчүн Прагадан (“Азаттык үналгысынан”) бардым. Башкы баяндамалардын бирин президент А.Акаев жасады, берки Парижге чакырылган кыргызстандык баяндамачылардын арасында бир дагы тарыхчы болгон жок.

Ошол жылдын соңунда А.Акаев мырза жергиликтүү тарыхчыларды жемелеп, «алар жазбай койгондуктан, байыркы кыргыз мамлекетинин башаттары тууралуу тарых китебин өзүмө жазууга туура келбедиби», дегендей мааниде «агынан жарылып» сүйлөдү. Физик агайдын бул сөзүн дайым азил аралаш эстеп жүрдүк.

Албетте, “кыргыз” этнониминин байыркы учурда чагылдырылгандыгы тууралуу фактыларды, - байыркы кытай тарыхынын атасы Сыма Цяндын “Ши-цзи” чыгармасындагы жана андан кийинки Хан сулалесинин (династиясынын) тарыхчысы Бан Гу сыяктуу жана Тан, Ляо, Юан, Цин, ж.б. сулалелеринин доорундагы кытайлык тарыхчы окумуштуулардын эмгектериндеги маалыматтарды тааныгысы келбеген, тангысы келген адистер кийин деле чыга бериши мүмкүн деңизчи.

Бирок “этноним” катары “кыргыз” аталышынын карт тарыхка эгедер экендиги тууралуу В.Бартольддун, Н.А.Аристовдун, Ю.С.Худяковдун, С.Өмүрзаковдун жана башка чыгаан чыгыш таануучулардын жана башка илимпоздордун илимий жыйынтыгына каршы чыккандардын логикасын да бүшүркөп түшүнүүгө болот. Алардын бир даары – те совет доорунда кыргыз тарыхнаамасына таңууланган «кыргыздар социализмдин жеңиши менен гана 1930-жылдары (тактап айтканда, кыргыздын интеллектуалдык каймагынын олуттуу бөлүгү атылып, сүргүнгө айдалып, куугунтук жеген жылдары) улут болуп калды» деген жоромолго али бүгүнкү күнгө чейин ишенгендер.

Экинчилери болсо 1991-жылга чейин деле илимге дайын болгон тарыхый даректердин көөнө кыргыздар тууралуу маалыматын окуп коюуга мойну жар бербей, «кантип эле 2200 жыл мурда жашаган элдин аты бүгүнкүгө чейин сакталып калсын» деп априори бүтүм чыгарып алып, курулай шектенгендер.

Тарыхый фактыны четке каккандар – өзүнчө уламыш дүйнөсүн гана жактыргандар. Алар Садыбакас Өмүрзаковдун «кыргыз» этноними тууралуу илимий пикиринин кадырын деле аңдай беришпесе керек.

Кыргыздар – Евразияга чачыраган эл

Албетте, эч бир эл өзүнүн узун тарыхында өзгөрбөй койбойт. Кыргыздын «Манас» дастанында деле элибизге жуурулушкан башка этностук компоненттер тууралуу арбын эскерилет. Аны менен чектелбестен, «Манас» дастаны кытайлашып кеткен кыргыздар (Көзкамандын тукумдары) бар экендиги жөнүндө да баяндайт.

Тарыхта да кытай, монгол, өзбек, казак, башкыр, ногой, уйгур жана башка элдерге жуурулушкан кыргыз топтору болгону чын. Азыр да Түндүк Кытайдагы Хэйлуңжаң аймагында (тарыхый Манчжурияда) Фу-йү деген ооданда бир ууч кыргыз тобу байырлайт. Ал эми Монголиянын 1979-жылы жарык көргөн тилдик-этностук атласында (Монгол ард улсын угсаатны судлал. Хэлний шинжлэлийн атлас. – Т- 1-2. Улаанбаатар, 1979) «хара хыргыс», «мөдөн хыргыс», «шара хыргыс» сыяктуу этнонимдер катталган.

Кытайдагы Ички Монголия автоном чөлкөмүндө ислам динин туткан чакан монгол уруусу бар. Алар өз ата-бабаларынын тегин Чыгыш Теңир-Тоодон ооп келген кыргыздар менен уйгурларга байланыштырышат.

Дегиңкиси, кылымдар карыткан элдик аталышын укум-тукумга мурастап сактап калган элдер да тарыхта аз эмес. Алардын бири кыргыздар экенин орус жана Батыш окумуштуулары алгачкы болуп жазып чыгышкан. Кыргыз тарыхынын терең тамырын, баарынан кызыгы, кыргыздардын өздөрү эмес, негизинен алардын тарыхый коңшулары (кытайлар, фарсы, араб, тибет, монгол, түрк тилдүү элдер) жазып калтырышкан.

Кыргыздар калтырган «автограф» жазмалар, маселен, Энесай жазмалары, Монголиянын Сужийн-Даван жергесинен табылган жазма эстелик, оозеки дастандар, Осмонаалы Сыдык уулунун, Белек Солтонкелди уулу Солтоноевдин китептери жана башкалар, эгерде ханзу тилиндеги, мусулман элдеринин тилдериндеги, монголчо, европалык жана башка тарыхый булактар белгисиз калган болсо, кыргыз тарыхын мынчалык ар тараптуу, терең жана ынанымдуу кылып жалпылаштырып жазууга жетишсиз болмок. Бул жагдай, балким, дээрлик бардык элдерге тең тиешелүүдүр.

Ошондуктан сырткаркы элдердин кыргыздар жөнүндөгү жазма маалыматтарын иликтөө, чет өлкөлүк географтардын жана саякатчылардын Кыргызстанга жана жалпы Ички жана Борбордук Азияга жасаган саякаттарын кылдат изилдөө - өтө олуттуу илимий зарылчылык.

Ушул өңүттөн алганда, Садыбакас Өмүрзаковдун эмгектери жалаң гана географиялык ачылыштардын тарыхын тактоо үчүн эле эмес, кылымдар карыткан жалпы этностук тарыхыбызды, кыргыздардын топтору байырлаган евразиялык ар кыл чөлкөмдөрдөгү этностук-саясий жана геосаясий тарыхты калыбына келтирүү үчүн да омоктуу салым кошуп келди.

Эр эмгеги унутулбайт

Кыргызстандын Жогорку Кеңеши кыргыз элинин чыгаан уулунун ысымын түбөлүккө калтыруу максатында 2008-жылдын үчтүн айынын (январынын) 15инде кабыл алган атайын мыйзамга ылайык, Аламүдүн суусунун төрүндөгү деңиз деңгээлинен 4417 метр бийиктиктеги аты белгисиз чокуга «Өмүрзаков чокусу» деген аталыш берди.

Көзү тирүүсүндө С. Өмүрзаков агай көп томдук “Кыргыз Совет Энциклопедиясын” жарыкка чыгарууга кошкон салымы үчүн башка авторлор менен катар эле Кыргызстандын Мамлекеттик сыйлыгына да татыган, андан тышкары бир катар орден-медалдарга арзыган, «Жаратылышты коргоо тармагындагы эмгеги сиңген кызматкер» наамына ээ болгон.

Мунун өзү окумуштуунун бараандуу эмгеги атажуртунда көз жаздымдан сырткары калбагандыгын айгинелейт.

Шакирттери көп аалым

Биз, XXI кылымдын башындагы алатоолук тарыхчылардын өкүлдөрү, өзүбүздү географ С. Өмүрзаковдун шакирттери катары санайбыз деп баса белгилеп айта алар элем. Анын окуучуларынын бири, картография жана топонимия боюнча белдүү адистердин бири Темиркул Эшенкулов агай биз менен маегинде С.Өмүрзаков жаш тарыхчылардын эмгектерине өзгөчө астейдил мамиле кыларын, өз окуучуларына да ушундай мамилени сунуш кылганын бир айтканы бар.

Демек, географ жана тарыхчы С. Өмүрзаков өзүн жаш муундар менен көрүнбөгөн көпүрө аркылуу ырааттуу байланыштыра алган, мындай чыгармачыл көпүрөдөгү кыймыл үчүн өз эшигин дайыма ачык кармаган айкөл устат эле.

Садыбакас агай өзүнө өзү эч качан жалган айтпаган, дайыма булакка таянуу менен гана илимий корутунду жасоого умтулган окумуштуу болчу. Анын картографиялык жана географиялык эмгектери илимий мааниси бөксөрбөстөн күнү бүгүнкүгө чейин жалпы адамзаттык илимге кызмат кылып келет.

Анын публицистикалык эмгектери да жаш муундарды илим жолуна чакырган, алардын дүйнө таанымын байыткан мурас болуп калды.

Анын окуучулары эгемен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана өлкөбүздөгү экологиялык көйгөйлөрдү чечүү жүрүмдөрүнө да чоң салым кошууда. Садыбакас Өмүрзаков агайдын илимий жана коомдук ишмердик чыйыры – улуулар көчүн улантып калган алатоолук коомчулук үчүн унутулгус өмүр сабагы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG