Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:31

Кыргызстандагы айыл кыштактардын, жер-суулардын тарыхый аталыштарын калыбына келтирүү жөнүндө Мамлекеттик тил комиссиясы Президентке, Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү бийлик башчыларына кайрылуу жасады. Бирок көп улуттуу Кыргызстанда бул демилгени ишке ашырууда саясий жана этникалык проблемалар чыгышы мүмкүн.

Кыргыздардан башка улуттар отурукташкан айыл-кыштактарда аталыштарды өзгөртүүдөн саясий жана этникалык маанидеги талаш-тартыштар чыгышы мүмкүн. Ушул маселенин айланасында “Азаттыкта” өткөрүлгөн сөзбөрү талкуусуна Мамлекеттик тил комиссиясынын өкүлү Аалы Молдоканов, кыргыз-түрк “Манас” университетинин профессору Кадыралы Коңкобаевди жана Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Сабиров катышты.

“Азаттык”: Адегенде сөздү мен Мамлекеттик тил комиссиясынын өкүлү Аалы Молдокановго берейин. Тил комиссиясы ушундай демилге менен чыгышына кандай зарылдык болгонун, анын жүйө себептерин айтып кетсеңиз?

Аалы Молдоканов: Биз эгемендик алдык, энчибизге мамлекетибиз, жер-суубуз колго тийди дегенден бери 20 жылдан ашык убакыт өтүп баратат. Болгону башкы борбор калаабыз Бишкети калыбына келтирдик, бул ошол кезде келген легендарлуу парламенттеги депутаттардын демилгеси менен болуп калды. Бул да чоң ызы-чуу менен бүттү. Ошону менен токтоп калды, башка эч жакка жылган жокпуз.

Жаныбыздагы коңшулар Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан деген биздин Орто Азиядагы элди карасак, падышалык Орусиянын убагында коюлуп калган, андан кийин Советтер Союзунун учурунда коммунисттик доордогу коюлган аттардын көпчүлүгүн алып салды дагы, өз жеринин эски аттарын калыбына келтирди. Биз азыр айтылган республикалардын бүгүнкү картасын, энциклопедиясын ачып көрсөк, ал жерде ала тактардын баары жоголду. Биз болсо бул жагынан таптакыр жылган жерибиз жок.

Өзгөчө борборубуз жайгашкан Кыргызстандагы жети облустун эң чоңу болуп эсептелген Чүйдө 8 район турат, ошонун ичиндеги айыл-кыштактардын теңинен көбүнө падышачылыктын убагында коюлуп калган аттар. Аны биз кадыресе кабыл алып атабыз.

Бир эле Чүйдүн ичин алсак, ошонун тең жарымы, башкача айтканда 150гө жакын айыл-кыштак жалаң эски аттарда туруп атат. Макул, Ленин, Октябрь деген биздин эл үчүн тез унутуп кое турган түшүнүктөр эмес экен, аларды ыйык катары жайына коелу, Ленин эстелиги борборубузда турсун, ага көз жумалы, Фрунзе биздин эң улуу жердешибиз болгон. Бирок кыргыздын ата-бабасы тааныбаган Константиновка, Лебединовка, Малиновка, Алексеевка, Васильевка, Новониколаевка, Федеровка, Антоновка, Петровка, Григорьевка, Семеновка, Богатыревка, Юрьевка, булар Кыргызстанга качан келип, качан жашаган, эмне эмгек сиңиргенин билбейбиз, бирок ошону өзүбүздүкү кылып алып, ошол айыл-кыштактарды жазып, ошол жерде жашап отурабыз.

Балким 50-60 жыл өткөндөн кийин заман өзгөрсө, саясат бат өзгөрүп атат, ошондо биздин улуу орус деп аталган элибиздин өкүлдөрү, ошондогу бийлиги келип, бул биздин жерибиз турбайбы, биздин ата-бабабыздын атында болуп атпайбы деп айтса, ага кандай далил, кандай жүйө коебуз? Ошондуктан бул маселе бышып жетилди.

“Азаттык”: Кадыралы мырза, сиз жер-суу аталыштарын көп жылдан бери изилдеп келе жатасыз. Сиз жер-суу аталыштарынын тарыхый аттарын калыбына келтирүү канчалык азыр актуалдуу маселе деп ойлойсуз?

Кадыралы Коңкобаев: Тарыхый аттарды калыбына келтирүү деген бул элдин аң-сезимине, улуттук сезимине, мекенчилдигине байланыштуу маселе. 1984-85-жылдарда кайра куруу башталганда биздин улуу окумуштуубуз, мыкты географ Садыбакас Өмүрзаков агай демилге көтөрүп, Кыргыз ССРинин географиялык коому деген бар эле, ошол коомдо топонимикалык комиссия деген бар болчу. Ошол жерде мен негиздеп жазып бул маселени, 85-86-жылдарда аномастика боюнча бүткүл союздук чоң конференция биздин Бишкекте өткөн. Ошондон кийин биз демилге көтөрүп, бул маселени ошондо козгодук эле. Аябай чоң сөз болуп, гезиттерге чыгып, бул тарыхый аттарды калыбына келтирүү, кайра жаңыртуу маселелери каралган.

Бул маселелер жалгыз эле Кыргызстанда каралган жок. Биз баарыбыз көзүн карап турган Москванын өзүндө башталган. Бүгүнкү Москвага барсаңыздар, анын ичинде СССР учурунда коюлган бир да ат калган жок, азыр тааныбай калдык. Москва, Ташкен, Алматы да бул өзгөрүүлөрдүн баарын жасады. Биз бир гана Фрунзени Бишкекке айландыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук, ошондо дагы көп ызы-чуу, талаш-тартыштар менен.

Канча жолу Садыбакасов агай экөөбүз кат жаздык, географиялык коомдун атынан кайра-кайра жазып, бүт коомчулук колдоп, ошонун натыйжасында 86-жылдан баштап 4-5 жыл бул маселе козголгондон кийин, Пишпек болсун, Бишкек болсун деп талашып-тартышып жүрдүк. Пишпек деген орусча аталган сөз да, анан биз түп нускасы болгон Бишкекке токтолгон элек. Ошондо легендарлуу парламент кабыл алып, биздин шаарыбыз Бишкек болуп дүйнөгө таанылды. Ушул жерден айта кетейин, жакында Бишкекти Манас кылабыз дегендер чыгып жатат. Бул менимче туура эмес. Борбор шаардын атын улам эле өзгөртө бергендей, ал оюнчук эмес. Манас деген өзүнчө турган тоо, биздин рух чокубуз.

Эми бул тарыхый аттарга келгенде, албетте, биз эркин, эгемен мамлекет болдук. Эгемен мамлекет болгондон кийин, ошол мамлекеттин жүзү бул шаардагы, айылдардагы аталыштарда. Түптүү улуттан сырткары чогуу жашаган кыргызстандык башка аз элдердин койгон тарыхый аттары да бар. Буларга өтө эле тийише бериштин кереги жок. Биз тарыхты сыйлашыбыз керек. Алардын бардыгы элдин аң-сезиминде мыйзам катары кабыл алынып калган. Биз мыйзамды бузбашыбыз керек. Муну мамлекеттин деңгээлинде уюштуруу иштери аркылуу илимий жактан негиздеп туруп, анан аткарыш керек.

Дагы бир маселе, мына Фрунзени Бишкекке айланттык, бирок андагы төрт чоң райондун аталышы бүгүнкү күнгө чейин СССРдин символдор боюнча калды. Канча жолу маселе козгодук.

“Азаттык”: Бул маселенин саясий жагына көңүл бура кетсек. Көп улуттуу Кыргызстанда жер-суу аталыштарын өзгөртүү этият жүргүзүлбөсө этникалык же саясий каршылыктар болушу мүмкүн деген чочулоолор бар. Жогорку Кеңештин депутаты Равшан мырзага кезек берсек. Бул жерде ушундай тынчсызданууга негиз бар деп ойлойсузбу?

Равшан Сабиров: Жогоруда агаларым абдан жакшы, орчундуу маселени көтөрүп кетти. Туура, биринчи кадам Фрунзени Бишкек кылдык, дүйнөнүн бардыгы бүгүнкү күндө Бишкек деп билип атат. Мына парламенттик башкаруу чыныгы демократиянын принциптерин орнотуп жатат, бүгүнкү күндө жергиликтүү элге өзүнүн тагдырын, өзүнүн айылын, көчөсүн, акимин, айыл өкмөтүн тандоо боюнча укук берилди. Ошондуктан, Бишкек боюнча мисал кылып айтып кетип атасыз. Бүгүнү күндө төрт районду Бишкек шаарынын депутаттары чогулуп, мисалы Октябрь районун Ч.Айтматов району деп, 1-Май районун И.Раззаков району деп коюшса, мисал кылып айтып атам. Ушундай райондордун аттарын өзгөртүүдө эч кандай тоскоолдук жок. Бирок ошонун артында, албетте, каражат бөлүнүш керек.

“Азаттык”: Равшан мырза, бул жерде тарыхый аталыштарын калыбына келтирүү жөнүндөгү маселе болуп жатпайбы. Мисалы, Чүй боорундагы Александровка айылында негизинен дунгандар жашайт. Ушул айылдын тарыхый аталышы эгер бар болгон болсо, ошону калыбына келтирүүнүн механизмин кандай көрөсүз?

Равшан Сабиров: Мисалы, ал жерде дагы жергиликтүү депутаттар бар, албетте, алар топтолуп туруп бул нерсени талкууга алыш керек. Ал жерде канчалык деңгээлде бул айылдын атынын тарыхый мааниси бар? Ошону карап көрүш керек. Ошол жердеги жергиликтүү депутаттар бир чечим кабыл алышы керек, мунун баары укуктук талаада болушу керек. Мисалы, Александровка эмес, эртеңки күнү башкача болсун десек, биз буга жол беришибиз керек дагы, бул жерде бюджеттик каражаттарды бөлүп берип, депутаттардын кабыл алган чечимине биз баш ийип жашашыбыз керек.

“Азаттык”: Аалы мырза, ушул жерден сөзгө кошулсаңыз, ушул маселенин укуктук негиздерин, принциптерин сиз кандай көрүп жатасыз?

Аалы Молдоканов: 1997-жылы кабыл алынган “Географиялык аталыштар жөнүндө” деген чакан мыйзам бар. Ал мыйзам боюнча жанагыдай айыл-кыштактардын, шаарлардын аттарын акыры барып алмаштыруу, кайра жаңыча ат берүү, же тарыхый атын калыбына келтирүү бул Жогорку Кеңеш тарабынан чечиле турган маселе. Мунун юридикалык жагы ушундай. Бул жерде саясий жагы абдан оор.

Мына депутатыбыз азыр айтып атат, адегенде эле тыйынга шылтоолойбуз. Фрунзени Бишкек кылганга канча акча кеткен, ушуну эсептеген киши барбы, убагында ызы-чуу чыкты эле. Буга чындап келсе бюджеттен бир тыйын да акча кетпейт. Атын, мөөрүн, атайын кагаздарды, документтерди алмаштыруу акырындап жүрө берет. Ал ошол эле күнү шаар куруп, туннель салып бүткөргүдөй, көзгө көрүнө турган шашылыш чараларды, же сел алып кеткен жерди, көчкөн жерди оңдогондой каражаттын кереги жок. Керек болсо ал он жылдап жүрө берсин, ага шашылыштын кереги жок. Болгону аттарын аташ керек, аттарын ордуна алып келиш керек.

Биздики так ушул жерин кармайт дагы, эл кыйналып атканда бюджеттен акча жетпей атат деген шылтоо менен мунун саясий жагын такайт. Азыр ачыгын айтыш керек, Москванын көзүн карап ого бетер көз каранды болуп карап турганда, буга бийлик тарабынан, ошол эле шайланып келген депутаттарыбыз тарабынан каршы пикир айтыларын сезип турабыз. Бирок мекенчил азаматтарыбыз бар. Алар маселенин терең экенин, кыргыздын түпкү байыркы улут экенин, жер-суусунун аттары бар экенин түшүп турат.

Кадыкем жакшы маселени айтып койду, Фрунзени Бишкек кылып алдык, эми муну Манас, же Айтматов, же Масалиев кылабыз деген ороюрак айтканда, бул чоң келесоолук, бул илимий жактан да эч нерсеге жооп бербейт. Мына Казакстанды карабайсыңарбы, жаныбызда Жамбул деген облусу, шаары бар эле, биздин Токтогулдай болгон атактуу адамдын атына коюлган. Алар облустун атын калтырып коюшту, Ленинград деп калтырып койгондой эле, алар азыр Жамбулдун эски атын Тараз деп койду. Азыр Тараз облусунун картасын карап көргүлө, ал жерде биздикиге окшогон Алексеев, Антонов, Федоровдордун бири да калган жок.

Биз убагында тескери кылганбыз, ошол ишти дагы кылганы жатабыз. Кетмен-Төбө өрөөнүнүн атын алып салып Токтогул кылганбыз, Баетов деген ырчынын атын Дөрбөлжүн дегенге койгонбуз. Бул таптакыр жол берилбей турган иштер. Ошону азыр да улантканы жатабыз. Мына ата-бабадан бери Бишкек, Токмок, Сокулук, Кара-Балта деп татынакай ырааты менен айтылып турса, эми кимдир бирөөлөр ушуну кылабыз дейт. Свердлов дегенди эбак жок кылып, азыр Төкөлдөш деген район болду, ошону эбак эле кылыш керек болчу.

“Азаттык”: Орусча аталыштар боюнча маселеге кайрылып келсек, бул жерде орустардын жана кыргыздардын ортосундагы мамилени салкындата турган же мамлекет аралык өзүнчө саясий маселе келип чыкпайбы?

Кадыралы Коңкобаев: Жергиликтүү аттардан, дегеле тил маселесинен саясатты чыгаргандар көбөйүп кетти. Бул саясатты чыгаргандардын көптөрү тилдин, илимдин, жашоонун табиятын билбеген адамдар чыгып алып эле тигинтиш-минтиш керек экен деп эле өз билген ойлорун айтып атышат. Негизи булардын бардыгын илимий жолго коюш керек. Тарыхый аттарды калыбына келтириш керекпи? Керек. Себеби Бишкек шаарында биздин эсебибиз боюнча 800дөн ашык көчө бар. Ошонун 90 пайызы орусча, Кыргызстан деген республикага тиешеси жок аттар бар. Булардын бардыгын шаардык кеңеш, Бишкек шаарынын мэриясы окумуштууларды чакырып, атайын кеңеш куруп өзгөртүш керек.

Азыр биздин эң атактуу адамдардын аттарын жаңы конуштарга алып барып коюп атышат. Булардын бардыгы туура эмес. Бишкек шаары бул - Кыргыз Республикасынын улуттук аң-сезиминин, улуттук мамлекеттигинин күзгүсү. Ошондуктан орусча аттар, эски кыргыздын тарыхый аттары бар. Орусча падышачылык Орусиянын учурунда келген аттардын бардыгы эле диний түшүнүктөгү, мисалы Михайловка ж.б. аттар. Булардын бардыгын эч кандай тоскоолдуксуз эле алып салса болот. Себеби ал жерде орус калкы жашабай калды, абдан аз санда калды. Азчылык деген көпчүлүккө баш ийиш керек. Ошондуктан бул жерден эч кандай саясат жасабай, илимий изилдөө жүргүзүп туруп, жергиликтүү кеңештер аркылуу мыйзамдуу түрдө эч чатаксыз чечүүгө болот.

“Азаттык”: Равшан мырза, бул экономикалык да маселе эмеспи, бир көчөнүн атын өзгөртүү эле бир топ каражатты талап кылат. Бул жөнүндө сиз жогоруда атып кеттиңиз. Мамлекеттик казынада каражат тартыш болуп жаткан учурда, айыл-кыштактардын атын өзгөртүү экономикалык жактан өзүн актаган иш чара болуп калабы?

Равшан Сабиров: Бүгүнкү күндө жергиликтүү бийликке өзүнүн тагдырын өзү чечип, өзүн каржылоо маселеси өзүнө берилип атат. Бул жерде туура айтып кетишти, мурда ошол эле Григорьевка, Михайловкада турган орустар көбүрөк болушу мүмкүн, бүгүнкү күндө алардын көпчүлүгү көчүп кетишти, ал жерде жергиликтүү депутаттар менен чогуу карап көрүш керек.

Бүгүнкү күндө бул маселени көтөргөнү абдан туура. Бул жерде бюджеттен көп деле каражат каржыланбайт, ага да кошулам, ал жерде 300-400 миңдей каражат кетет. Бул нерсе өзүнөн-өзү чечилчү маселе бүгүнкү күндө. Көп эле айыл-кыштактардын наамдары алмашып атат. Ошол эле Григорьевканын айыл өкмөтү топтолуп, жергиликтүү эл чечим кабыл алса, ошондой болот мунун бардыгы.

Кадыралы Коңкобаев: Менимче, бул тарыхый аттарды кайтаруу боюнча жана жалпы географиялык аттардын маселесин чечүү боюнча Кыргызстанда эки жумуш жасаш керек. Биринчи, бул бийлик тарабынан, Жогорку Кеңеш, мурда ведомстволор аралык географиялык аттар боюнча комиссия бар эле, ошол СССР учурундагы мыкты комиссия эле, аны калыбына келтириш керек. Бул оңой жумуш эмес. Бул атайын уюштура турган, мыйзамдарга байлай турган жумуш. Ошондой эле ар кандай жолдор аркылуу долбоор жасап, ар бир шаар, райондор боюнча изилдөө жүргүзүш керек. Тарыхый, жергиликтүү аттардын маселелери көп, туура жазылыштары, транскрипциясы бар. Жер-суу аттары деген ошол жердин тарыхынын күзгүсү, миңдеген жылдар бою камтылган тарых. Ошондуктан бул маселеге терең мамиле жасап, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жумуштарды жасаш керек деп ойлойм.

Равшан Сабиров: Мамлекетте, айыл өкмөттө башка улуттун өкүлдөрү жыш жашаган жерлер болсо, ошол жерлерди өз атында калтырып коюуга болот. Мен Кыргызстанда жашаган тажиктердин коомдук бирикмесинин президенти катары айтып кетейин, мисалы Тажикстанда кыргыз туугандарыбыз жыш жашаган жерде Жерге-Тал жана Мургап району деп кетет. Анын ичиндеги көчөлөрдү, коюлган эстеликтерди жана башкаларды кандай атоону ошол жердеги эл өзү чечет. Ошондуктан бул жерде да орус же дунган, же башка улуту болобу, алар жыш жашаган жерде, албетте ал жерде аралаш болуш керек. Көчөлөрүнө Кыргызстандагы көрүнүктүү инсандардын атын коюш керек

“Азаттык”: Рахмат мырзалар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG