Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:15

Бишкек шаарын Манас деп которуу демилгеси көтөрүлдү


Ала-Тоо аянтындагы "Эркиндик" эстелигинин ордуна Манас айкелин орнотуу демилгеси көтөрүлдү.
Ала-Тоо аянтындагы "Эркиндик" эстелигинин ордуна Манас айкелин орнотуу демилгеси көтөрүлдү.

Кыргызстандын ордо калаасы Бишкектин атын Манас деп которуу демилгеси көтөрүлдү. Демилге ээси “Манас киноэпопея” эл аралык уюму кызыл түстүү тууну көккө которуу, борбор майдандагы "Эркиндик" эстелигинин ордуна Манас айкелин орнотуу сунушун 23-ноябрда Тарых музейинде өткөн жыйында кеңири коомчулукка жар салды.

Байкоочулар бул демилге азыркы оор экономикалык кырдаалда жана коомдук туруктуулук орной элек кезде орунсуз болорун билдирүүдө. Бишкек шаары мурда Пишпек, андан кийин большевиктик колбашчы Фрунзенин атын алып жүргөн эле.

Президенттин саясий иштер боюнча кеңешчиси Топчубек Тургуналиев башында турган “Манас киноэпопея” эл аралык уюму “Манас” деген мыйзамдын долбоорун талкууга койду. Анда мамлекеттик программа кабыл алуу, Бишкек шаарын Манас деп которуу өңдүү иш-чаралар каралган экен.

Топчубек Тургуналиев
Тургуналиев Манас жөнүндө тасма, аннимациялык фильм тартыла тургандыгын, Манас эпосун улуттук идеология катары колдонуу зарылдыгын белгиледи.

- Бишкек шаарын Манас деген атка которуу керек. Бул өзү кыргыз улутунун дагы бир жолу кайратына келип, дагы бир жолу силкинип, дагы бир жолу сыймыктана турган улуу нерсе.




Топчубек Тургуналиев “Манас” эпосу менен катар кыргыз элинин башка эпосторун да бала бакчадан тарта жалпы билим берүү тармагында окутуу программасын киргизип, жогорку окуу жайынын биринде Манас факультетин ачуу керек деген пикирин кошумчалады.

Сулайман Кайыпов
Бул демилге коом ичинде ар кандай пикирлерди пайда кылууда. Мисалы, кыргыз-түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Сулайман Кайыпов Манас темасына өтө этият мамиле кылып, кызуулукка алдырбай, “жети өлчөп, бир кесүү” менен иштеп чыгуу керек деп эсептейт.

- Эгерде “Манас” деп туруп, болбогон бир нерсени жасап ала турган болсок, анда биз Манаска кыянаттык жасаган болобуз жана улуттук негизибизге чоң зыян келтирген болобуз. Менин айтарым, кино тартабызбы, музыка жазабызбы, театрда ойной турган чыгарма жазабызбы же роман жазабызбы. Эмне жазсак ошол Манастын рухун чагылдыра турган бир нерсе жасаш керек. Эгерде аны жаңылыш жасап ала турган болсок, дагы жүздөгөн жылдарга чейин ошол жаңылышыбызды түзөтүү мүмкүн болбой калат.

“Манас” эпосунун күйөрмандары мындан тышкары Бишкек шаарынын Ала-Тоо ордо майданындагы түндүк көтөргөн аялдын элеси түшүрүлгөн “Эркиндик” эстелигин алып, анын ордуна Манастын айкелин тургузуу, Мамлекеттин азыркы кызыл туусун алмаштырууну сунуш кылууда.

Бул маселе да журт ичинде уу-дуу кептерди пайда кыларын серепчилер белгилеп жатышат. Бул маселе боюнча келерки аптада кыргыз-түрк “Манас” университетинде кеңири талкуу уюштурулары айтылууда.

Дагы бир тарап өлкө саясий-экономикалык кризисти башынан кечирип жаткан азыркы чакта башкалаанын атын, тууну которуу орунсуз иш болот деп каршы пикирлерин билдирүүдө.

Коомдук ишмер Бегиш Ааматов “Манас киноэпопея” уюму мындан көрө өлкөнүн бүтүндүгү, элдин биримдиги демилгесин көтөрүп чыкса, кыйла пайдалуу болмок деген ойдо.

- Эртең Манас дедик. Бүрсүгүнү келип туруп, “жок, мунун атын Семетей коюш керек”,-десе эмне дейбиз? Ал эпос боюнча калышы керек. Манасты баарыбыз сыйлайбыз. Бардыгыбыз Манасыбыз менен мактанабыз. Ал биздин маданиятыбыз. Бирок башка кыла турган ишибиз жокпу?


Кыргызстандын азыркы башкалаасы Октябрь революциясына чейин Пишпек деп аталып келген. Кыргызстан өзүнчө автоном республика болгондон кийин Пишпек борбор шаар болуп, 1926-жылы Кызыл Армиянын колбашчыларынын бири Михаил Фрунзенин атына которулган. 1991-жылы көзкарандысыздык алган Кыргызстандын парламенти борбор калаага Бишкек баатырдын атын коюу чечимин кабыл алган.
XS
SM
MD
LG