Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:02

11-декабрь бүткүл дүйнөдө эл аралык Тоо күнү болуп белгиленип келатат. Борбор Азияны суу менен камсыз кылып турган Кыргызстандын мөңгүлөрү глобалдык жылуулуктан жана экологиялык кесепеттен улам азайып баратат.

Коомдук ишмер Кемелбек Ашыралиевдин айтымында, учурда өлкөдөгү 8 миңден ашуун мөңгүнүн 2 миңге чукулу эрип кеткен.

- Кыргызстандын тоолорундагы мөңгүлөрдүн абалы жакшы эмес. Ысык-Көлгө баратканда жакшылап карасаңыздар, сол жактагы тоолордо мөңгүлөр калбай калган. Азыр дүйнөдө экологиялык абал оор. Кыргыз мөңгүлөрү жалпы Борбордук Азия мамлекеттерине азык болуп турган байлык. Мөңгү – суу, мөңгү – таза аба, мөңгү – бак-дарак, мөңгү – жарык, мөңгү – жашоо. Борбор Азия мамлекеттериндеги мөңгүлөрдү толук изилдеп, иликтөөгө алуу зарыл. Токойлорду кыюуну токтотуш керек.

Адистер кийинки 15-20 жыл аралыгында мөңгүлөр тез эрип, муз катмары азайып бара жатканын айтышууда. Бир жайда орто эсеп менен мөңгү катмары сегиз метрге чейин азайганы катталган. Жыйырма жылдан кийин Кыргызстандын мөңгүлөрү отуз беш пайызга чейин кыскарышы мүмкүн деген илимий божомол да бар.

Бишкектеги кыргыз-немис Борбор Азия жер илим изилдөө институтунун ага илимий кызматкери, география илимдеринин кандидаты Рыскул Усубалиевдин айтымында, Кыргызстандагы мөңгүлөргө байкоо жүргүзүлүп, иликтөөгө алынганы менен атайын каттоого алуу кеңеш доорунан бери жүргүзүлө элек. Адистин пикиринде, мөңгүнүн бардыгы эрип кетип, дарыялар суусуз калат деген чындыкка сыйбаган кеп:

- Мөңгүлөр азайып, көлөмү кичирейип калганы байкалат. Алар деле климат сыяктуу эле өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Бардыгыбыз абанын жылып жатканы тууралуу сөз кылуудабыз, ал эми жаан-чачындардын санын эске алган киши жок. Мөңгү үчүн температурадан сырткары жаан-чачындын да таасири бар. Атүгүл кылымдар бою буркан-шаркан болуп агып келаткан Нарын дарыясынын жылдык көлөмүнүн 7-8 пайызын гана мөңгү суулары түзөт. Калганы жер алдынан чыккан булак суулары, жаан-ачындан пайда болгон суулар.

Окумуштуулардын айтуусунда, мөңгүлөр жылына орто эсеп менен бир нече метрге чейин жылып, суу берүү өлчөмү да ар жыл сайын өзгөрүлүп турат.

Ал эми экологиялык Мерцбахер атындагы "Мөңгү" корунун жетекчиси Үрүстөм Кабылбеков өлкөдөгү мөңгүлөрдүн 30 пайызы жоголуп, эрип баратканы менен иче турган таза суу маселеси дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп жатканын “Азаттыкка” айтып берди.

- Бүгүнкү глобалдык жылуулуктун таасиринде, акыркы 10 жыл ичинде 1163 мөңгү эрип кеткен. Биз келечегибизди ойлоп, кайдыгер карабай, мындай экологиялык көрүнүшкө каршы турушубуз зарыл. Азыр биздин маселе - мөңгүлөрдү сактоо, ошону менен катар эле элдин экологиялык сабатсыздыгын жоюу. Биз "Борбор Азиядагы нымдуулуктун, ден соолуктун, кубаттуулуктун жана саясый туруктуулуктун башаты" деген өңүттө дүйнөлүк деңгээлде форум уюштуралы дегенбиз. Кыргызстандын жана Тажикстандын мөңгүлөрүн өзүнчө бөлүп кароого болбойт. Эки өлкө бирдиктүү иш алып барсак, жалпы Борбор Азияны гүлдөтүп, багып алганга экономикалык, энергетикалык, экологиялык потенциялыбыз жетет эле.

Адистердин баамында, аба ырайы эки градуска жылыган учурда күңгөй Ала-Тоонун түштүк кырка тоо тарабында мөңгүлөрдүн аянты 76 пайызга, түндүк тарабында 32 пайызга азаят. Нарын дарыясынын куймаларындагы мөңгүлөр өзүнүн аянтын 50 пайызга чейин жоготушу мүмкүн. Бир кыйла бийиктиктен улам Кан-Теңир менен Жеңиш чокуларынан мөңгүлөр анча көп азайбайт дешет адистер.

Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 8100 чарчы метрге барабар эле. Бирок бул аянттын көлөмү жылдан-жылга азайып келет.

Коңшу мамлекеттер миңдеген гектар жерлерди иштетип, сууну эл аралык нормага ылайык колдонбогондуктан Арал деңизине суу жетпей келет. Андыктан деңиз жээгинен туз ирээтинде көтөрүлгөн чаңдар мөңгүлөргө таасир этүүдө.

Экинчиден, кийинки учурларда токойлордун кыйылып жатканы да мөнгүлөрдүн эришине алып келүүдө. Себеби бир гектар токой жыл ичинде 50 тонна чаңды жутуп, өзүнө сиңирип алат. Ал эми жутулбаган чаңдар бийиктикке чыгып, шамал аркылуу мөңгүлөргө жетүүдө.

Үйлөрдөн, унаалардан чыккан түтүндөр, ошондой эле тоо-кен иштери да мөнгүлөрдү зыянга учуратууда. Мындай экологиялык кесепеттерден улам акыркы 35 жылдын ичинде мөңгүлөрдүн көлөмү 30 пайызга кыскарып кеткен.

2002-жыл Кыргызстанда Тоо жылы болуп жарыяланып, Бишкекте эл аралык Биринчи Тоо саммити өткөн эле. Ошондо Кыргызстандын демилгеси менен Бириккен Улуттар уюму аркылуу атайын резолюция кабыл алынып, 11-декабрь бүткүл дүйнөдө эл аралык Тоо күнү болуп белгиленип келатат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG