Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:02

Түркмөн азили: Кудай өзү ыйлап жибериптир...


Түркмөн театры президент Г.Бердымухаммедовдун романын сахналаштырды. 2014-жыл.
Түркмөн театры президент Г.Бердымухаммедовдун романын сахналаштырды. 2014-жыл.

«Күлкү кербени» түркмөнстандык заманбап саясий азилдерден үзүндү тартуулайт.

* * * * *

–– Кана, суроомо жооп бериңизчи? XIX кылымдын ортосундагы Франциядан азыркы Түркмөнстан эмнеси менен айырмаланат?

–– Сурооңуз оңой экен. Ал кезде Францияда шайланма император тактыда отурган. Ал эми Түркмөнстанда азыр мураска калтырылчу президенттик кызмат бар эмеспи.

* * * * *

Түркмөн, казак жана өзбек президенттери Кудайга барып, өз элдерине бакыбат турмуш качан келээрин сурашыптыр.

Оболу өзбек президенти кабылдамага кирип, бат эле бушайман болуп чыгыптыр:

- Менин элим 30 жылдан кийин араң бакыбат турмушка жетет экен, байкуштарым!

Казак президенти да кабылдамадан чыгып кайгырып алыптыр:

-– Кайран казагым ай! Кырк жылдай азап-тозок көрүп, анан жакшы турмушка жетет тура!

Түркмөн президенти кабылдамага кирип, анан ийнин куушуруп чыгыптыр:

- Мени көрүп, Жараткан өзү ыйлап жиберди го?

Берки эки президент кайра ашыга кирип, Кудайдан себебин сурашса, ал айтат дейт:

- Өздөрүнө Түркмөнбашыларды шайлай беришсе, түркмөндөрдүн турмушу эч оңолбойт ко деп ыйлап отурам!

* * * * *

Беларустун калайыгы Түркмөнстандын президенти кылып Александр Лукашенкону шайлап алышыптыр.

Түркмөндөр таң калып:

- Географиялык картаны байкоостон чаташтырып алдыңар дейли, бирок кантип Александр Лукашенкону түркмөнгө чаташтыра аласыңар? – деп сурашыптыр.

Анда беларустар айтат имиш:

- О-о, андан айлакер түркмөн жок быякта!

* * * * *

Түркмөнстандын туңгуч Түркмөнбашысынын 2001-жылдын 18-январындагы учкул сөзү (бул сөз анын «Рухнаамасына» да киргизилген):

«Түркмөн гана түркмөн кылып түркмөндү жарата алат».

* * * * *

- Жаңылыкты уктуңузбу? Гурбангулы Бердымухаммедов каратэ боюнча кара белбоо алыптыр го?!.

- Кызык. Анын атын укканда эле түркмөндөр коркконунан жерге жата калышчу эле, эми бул кара белбоонун мааниси деле жок ко…

* * * * *

- Өткөн жыл Сиздердин бүлөңүздөр үчүн кандай болду? – деп Түркмөнстандын расмий сыналгы каналынын кабарчысы жаш аялметтен сурап калды.

- Абдан бактылуубуз. Бир перзенттүү болдук, – деди да, тигил жигит кабарчыдан алган алдын-ала жооп жазылган кагаздын текстин аттатып, андан ары эжелеп окуду. – Бул үчүн мамлекет башчыбызга – урматтуу Сердарыбызга ("жолбашчыбызга") миң мертебе ыраазыбыз!

* * * * *

(TT)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG