Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Марсты изилдөөгө адамдар жиберилет


НАСАнын жаңы муундагы космос капсуласы “Орион” өткөн жума күнү аалам мейкиндигине чыкты.
НАСАнын жаңы муундагы космос капсуласы “Орион” өткөн жума күнү аалам мейкиндигине чыкты.

НАСАнын жаңы муундагы космос капсуласы “Орион” өткөн жума күнү аалам мейкиндигине чыкты. Даниялык «Моно-моно» деп аталган компания бүктөгөндө чөнтөккө баткыдай отургуч ойлоп тапты.

Марска качан барабыз?

НАСАнын жаңы муундагы космос капсуласы “Орион” өткөн жума күнү аалам мейкиндигине чыкты. Космос агенттиктери бул жаңылыкты адам баласынын Марс планетасына саякаттоосуна жасалган биринчи кадам деп баалашууда.

“Марс чындыгында абдан кооз планета. Биз ал жөнүндө ар түрдүү булактардан билебиз, эми Марсты изилдөөгө адамдарды жиберүүнү пландап жатабыз” - деди НАСАнын Планеталык илимдер бөлүмүнүн башчысы Жим Гриин Кеннеди космос борборунда берген маегинде.

Бирок «Орион» жана 2018-жылы учурулууга даярдык көрүлүп жаткан космостук учуу системасынын ракетасы жөн гана алгачкы кадамдар. Космонавттардын күнүмдүк жашоого зарыл нерселерин, күйүүчү май, байланыш жана Марска конуу системаларын иштеп чыгуу азырынча эң баштапкы этапта.

НАСАнын башчылары ошол татаал иштерди жана каржы маселелерин эске алып, “адам баласы 2030-жылдары Марска конот” - деп боолгошууда.

Роботтор адамды жок кылышы мүмкүнбү?

Азыркы замандагы эң белгилүү теоретик физик Стефан Хокинг адамдын жасалма акылды ойлоп табуу аракети бир күнү өз алдынча ойлоно ала турган компьютердин пайда болушуна жеткирет жана алардын адамдар менен карама-каршылыгы башталат деген талкууну өткөн жумада ББС агенттигине берген маегинде кайрадан көтөрүп чыкты.

“Адамдар жасалма акылды ойлоп тапкандан кийин, алар өздөрүн өздөрү билип, өз алдынча көбөйүп, өнүгүп, адамзатка каршы чыгышы мүмкүн. Толук кандуу жасалма акылдын пайда болушу, адам расасынын түбүнө жетет”- деп билдирди атактуу физик.

Компьютерлердин адамды башкарып калуусу, аларга каршы чыгуусу тууралуу 20-кылымдын ортосунда компьютер чыккандан бери эле талкууланып келет. Бул тууралуу “Терминатор” сыяктуу дүйнө жүзүндө популярдуу болгон кинотасмалар да далилдейт.

Австралиядагы Монаш университетинин профессору Дэвид Дои компьютерлер эчак эле адамдардын жашоосун башкарып калганын айтат. Абадагы учактардын жүрүшүн көзөмөлдөө, жардыруучу аспаптар, пилотсуз учактар - мунун баарын компьютер башкарат. Бирок системаны адам көзөмөлдөйт. Компьютердин мээси адамдыкынан ашып кетет деген ой көп талкууланса да, адамдын компьютерди жоопкерчилик менен колдонуусу жана кетирген каталары өзүнчө маселе. "Эгер компьютер ката кетирсе, андан адам гана жапа чегет", – дейт профессор Стефан Хокинг Conversation деген веб сайтында.

Акылдуу мискей

Жаңы ойлонуп табылган Пантелижент (Pantelligent) акылдуу мискейин колдонгон ким болбосун мыкты ашпозчудай эле тамак жасай алат.

Мискейге ысык-муздакты сезгич орнотуп, аны смартфонго кошкондо тамакты кантип жасоонун ар бир кадамын үйрөтүп, жол-жобосун көрсөтүп турат.

Алгач телефондун ээси смартфондон Пантелижент тиркемесинен элүүдөн ашык рецепттин ичинен каалаганын тандап алып, анан блютуз аркылуу мискей менен байланышып, тамак даярдоону баштайт. Мискей өтө ысып кеткенин же от жетпей жатканын, ичиндеги тамакты качан, кантип аралаштыруу керектигин жана бышканын аудио билдирүүлөр аркылуу билдирип турат.

Мискей келерки жылы август айында сатыкка чыгып, баасы 200 доллардын тегерегинде болот.

Чөнтөккө баткан отургуч

Башы көрүнбөгөн кезекте туруу, чоң аянтта концерт көрүү же отургуч жетишпеген жыйынга катышуу чоң маселе эмес. Даниялык «Моно-моно» деп аталган компания «Ситпэк» деп аталган, бүктөгөндө чөнтөккө баткыдай отургуч ойлоп тапты.

Бүктөлгөн «Ситпэктин» узундугу 17 см. туурасы 7 см. Отургучтун буту адамдын боюна жараша узарып, дээрлик бир метрге чейин чоюлат. Ал эми отура турган тактасы 33 см. узарып, 130 кг. салмакка чейин көтөрө алат.

Дизайнер Жонас Линд-Бендиксендин айтымында, адам бир орундан жылбай, узак турганда аркасы менен буттарына күч келип, ал тургай ооруксунуп калышы мүмкүн. Дизайнер өз тажрыйбасынан улам ушундай отургучту ойлоп тапкан.

Баасы 50 доллардын тегерегиндеги мындай бүктөлмө отургуч апрель айына чейин сатыкка чыгат деп билдирди АКШнын Коомдук радиосу.

  • 16x9 Image

    Гүлжан Исраил кызы

    "Азаттыктын" кабарчысы. Борбор Азиядагы Америка университетинин маданий антропология бөлүмүн бүтүргөн. Учурда АКШнын Денвер шаарында санарип дизайнерликти окуйт. 

XS
SM
MD
LG