Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

Чочконун жүрөгү адамга жарайт


Чочко
Чочко

Окумуштуулар чочконун жүрөгүн, өпкөсүн жана боорун адамга салуу мүмкүн дешет. Семиз адамдар операциясы жок эле арыктайт. Tesla Motors компаниясынын автомобили жасалбай жатып, жүз миңдеп сатылды. 2020-жылы Марс планетасына спутник учурган өлкөлөр көбөйөт.

Чочконун жүрөгү салынган бабуиндер 945 күн жашады

Бул жөнүндө Мохаммед Мохуддин (Muhammad Mohiuddin) башындагы америкалык жана германиялык окумуштуулар тобу 6-апрелде билдиришти. Мындай эксперимент беш маймылга жасалган. Алардын жүрөгү алынбай кан айландыруу системасына чочконун жүрөгү кошулган. Бабуиндердин иммундук системасынын каршылыгын азайтуу максатында трансплантация үчүн чочконун модифицияланган органы пайдаланылган.

“Бул тажрыйба абдан маанилүү. Себеби, бөтөн жандыктын органдарын адамдарга колдонууга бизди бир кадам жакындатты.

Ксенотрансплантация жылына адам органы жетишпегенден улам өлгөн миңдеген оорукчандардын өмүрүн сактап калганга мүмкүндүк берет”,-дейт Мэриленддеги Жүрөк, өпкө жана кан боюнча улуттук институттун изилдөөчүсү Мохаммед Мохуддин.

Бул ксенотрансплантациянын1 1960-жылдардан берки тарыхындагы рекорддук көрсөткүч.

Илимпоздор жакынкы мезгилде чочконун жүрөгүн, өпкөсүн жана боорун адамга салуу мүмкүн болот деп ишенишет.

(Караңыз: www. Medicalxpress.com)

Жок автомобилге кезекке тургандар саны 300 миңден ашты

Электромобилдерди чыгарууга адистешкен Tesla Motors компаниясынын жаңы автомобили өндүрүштөн чыкпай жатып рекорд койду. Model 3 электромобилинин жүз ачары 31-мартта болду. Андан кийинки бир жумада 325 миңге жакын кардар миң доллардан төлөп, жаңы электромобилге кезекке жазылган. Бул компаниянын директорлор кеңешинин төрагасы Илен Масктын айтышынча, “болочокто 14 миллиард долларга” электромобиль сатылып кетти дегенди билдирет жана автомобиль өндүрүшүндө мындай рекорд болгон эмес. Натыйжада, 4-апрелге карай Tesla Motors компаниянын акцияларынын наркы 3% өскөн. Жаңы автомобиль беш орундуу. Ал 6 секундда ылдамдыгын 96,6 километрге чейин көбөйтө алат. Бир заряд менен 346 километр жүрөт. Азыркы электромобилдердин заряды узакка жеткени BMWi3. Анын бир заряды 128, 7 километрге жетет.

Tesla Model 3 электромобили
Tesla Model 3 электромобили

Model 3 инвестор-миллиардер Илен Маск башында турган компания базарга массалык чыгарган биринчи автомобиль болот. Былтыр Tesla Кошмо Штаттарда электр менен заряддалып жүрчү 116 миң автомобиль саткан. Тесланын ийгилиги атаандаштарын изденүүгө түртөрү кадиксиз. General Motors, Toyota, Ford, BMW же VW Group компаниялары беш жылда 150 миң электромобиль сатса, Nissan жалгыз өзү быйыл март айына чейин 200 000 даана электр менен заряддалып жүрчү автокөлүк саткан.

Model 3 электромобили 2017-жылдын аягынан баштап сатыкка чыгарыла баштайт. Бирок Time басылмасы Tesla Motors кардарлар күткөн сандагы автомобилди жетиштүү чыгара алабы деп суроо коёт.

1908-жылы октябрда Ford компаниясынын Model T автомобили чыкканда келерки 19 жылда эң көп сатылган автоунаа болгон, 15 миллион даана сатылган. Бул рекордду 1972-жылы Volkswagen Beetle бузган.

(Маалымат булагы: http://www.dailymail.co.uk; www. Time.com; www.Venturebeat.com)

2020-жыл Марс планетасы терең изилденет

Себеби, АКШ, Бириккен Араб Эмираты, Европа биримдиги, Кытай жана Орусия Кызыл планетаны өздөштүрүүнү дал 2020-жылы баштаганга камданып жатканын эксперт-билермандар айтышууда. Эмне үчүн 2020-жыл? Анткени Марс ар 26 айда Жерге салыштырмалуу жакындайт жана аз каражат, күч коротуп учууну мүмкүн кылат.

АКШнын космостук агенттиги-НАСАнын Марс жүргүсү- Curiosity Кызыл планетанын бетинде. 3-февраль 2013.
АКШнын космостук агенттиги-НАСАнын Марс жүргүсү- Curiosity Кызыл планетанын бетинде. 3-февраль 2013.

Ушундай дарча (форточка) 2020-жылдын июль-август айларында “ачылат”. Андан тышкары береги мамлекеттердин бюджетинин өсүшү жана өнүгүү деңгээли 2020-жылга туура келерин эксперттер эсептеп чыгышкан.

Буга чейин Марска 40тан ашуун спутник учурулуп, бирок баары эле ийгиликтүү болбогон. АКШнын космостук агенттиги - НАСА, мурдагы Советтер Союзу, Европа космостук агенттиги жана Индиянын космосту изилдөө уюмдарынын жиберген миссиялары максатына жетсе, Жапония менен Кытайдын спутниктери тапшырманы толук аткара албаган. Келерки беш жылда БАЭ2 жана Кытай Марсты багындырган өлкөлөрдүн тобуна кошулат деп жоромолдонууда

(Булагы: www.Techcrunch.com)

Семиз адамдарды арыктатуу жолу табылды

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин илимпоздору иштеп чыккан жаңы ыкма “бариатрикалык артериалдык эмболиция” (Bariatric Arterial Embolisation - BAE) ) деп аталат. Ал ыкма боюнча карындын фундус деп аталган бөлүгүнө көзгө көрүнбөгөн майда мончокчолор чачылат. Мончокчолор фундуска кандын келишин азайтып, гормондордогу ачкалык сигналын басат. Фундус адамдын кулкунун чоң ачуучу гормон-грелинди иштеп чыгат, бөлөт.

Натыйжада пациенттин тамакка табити араандай ачылбай, салмагын жогото баштайт. Жаңы ыкманы колдонуу үчүн эч кандай хирургиялык операциянын кереги жок. Ашказандын тийиштүү бөлүгүнө жетүү үчүн дененин карын бөлүгүндө же билекте тешик жасалып, катетер түтүкчөлөр менен магниттик-резонанстык томография пайдаланылат.

Жаңы ыкма менен дарыланган адамдар бир айдан соң 5, 9% салмагын, а жарым жылдан кийин 13,3% салмагын жоготушкан

(Караңыз: www.firstpost.com)

***** ****** ****** *****

1 Ксенотрансплантация - адамга айбандардын клеткасын, тканын же органын трансплантациялоо (орнотуу).

2 Бириккен Араб Эмиратынын космостук агенттиги 2 жыл мурда негизделген.

XS
SM
MD
LG