Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:51

Ирак күчтөрү Мосулга жакындап калды


Ирак күчтөрү
Ирак күчтөрү

Ирак күчтөрү АКШ баштаган коалициянын абадан көрсөткөн колдоосу менен Мосул шаарын бошотуу операциясын жүргүзүп жатат.

17-октябрда башталган операциядан бери Мосулга жакын бир нече чакан шаар жана айылдар бошотулду. Кошмо Штаттардын коргоо министри Түркия, Иракка келип, операциянын жүрүшү боюнча кеңешүүлөрдү өткөрдү.

2014-жылдан бери “Ислам мамлекети” аталган террордук топтун колундагы Мосул шаарын бошотуу операциясы өткөн жумада башталган. 24-октябрга карай Ирак өкмөттүк күчтөрү жана күрттөрдүн пешмерге тобунун жоокелери Мосулдун түштүгүндөгү, чыгышындагы жана түндүгүндөгү айыл, шаарларды бошотуп, 1,5 миллион калкы бар делген чоң шаардын өзүнө жакындап баратышат. Пешмерга жоокерлери 23-октябрга карай сегиз айылды бошотуп, Мосулга тогуз чакырым жакындап келишти.

Ирактагы күрт автономиясынын лидери Масуд Барзани АКШнын коргоо министри Эш Картер менен жолугушууда пешмерга Мосулдун түндүк-чыгышындагы 24 чакырым алыстыктагы Башика шаарын ээлегенин билдирген. Бул шаарда Түркия аскердик базасын түзүп, ал жерде жергиликтүү тургундарды, жоокерлерди аскерий күрөшкө машыктырып, үйрөтүп жаткан.

Түрк өкмөт башчысы Бинали Йылдырымдын айтымында, түрк танк жана артиллериясы пешмерга күчтөрүнө колдоо көрсөтүүдө. Бирок Түркиянын мындай аскерий активдүүлүгүнө Ирактын өкмөтү жана анын премьер-министри Хайдар аль-Абади каршы чыгууда. Ал түрк аскерлеринин жана аскерий базанын Ирак аймагында жайгашуусун мыйзамсыз деп, чыгып кетүүсүн талап кылууда.

Ирак өкмөттүк күчтөрү өз кезегинде ишемби, жекшемби күндөрү Мосулдун чыгышында 12 чакырым алыстыкта жайгашкан Барталла шаарын ээлешти.

Ирак армиясынын жоокери Висам Мухаммед аскерлерде Иракты жоочулардан бошотуу деми күчтүү экенин билдирди:

- Кудайга шүгүр, биз жакшы формадабыз. Күн сайын аткара турган милдетибиз бар, аны жакшы аткарып жатабыз. Эртең менен транспорт каражаттарыбызды даярдайбыз. Аскерлердин баары даяр. Жакын арада жерлерибизди бошотобуз деген үмүттөбүз. Иракты мүмкүн болушунча ылдам бошотмоюн алдыга умтула беребиз.

Өкмөттүк күчтөр ошондой эле Мосулдун түштүк-чыгышындагы христиандардын Хамдания шаарын, түндүк жакта беш чакырым аралыктагы Талль-Кайф айылын ээлешкени кабарланды.

Мосулду бошотуу: алгачкы ийгиликтер

Мосулду бошотуу: алгачкы ийгиликтер

Күрт командирлери Кошмо Штаттардын колдоосуна таянган пешмерга күчтөрү менен Ирак армиясы Мосул шаарын бошотууда алдыга батыл жылып баратканын билдиришет. Ирактын түндүгүндөгү бул шаарды “Ислам мамлекети” деп аталган экстремисттик топтон бошотуу операциясы 17-октябрда башталган.

Ирак армиясынын штаб башчысы генерал Осман аль-Ганини алар жоочулардан тазалоону абайлап жүргүзүп жатышканын билдирди:

- Биздин “таза күрөш” дегенибиз элибизди согуш азабынан коргоо дегенди билдирет. Биз тынч элдердин арасынан жоготуулар мүмкүн болушунча аз болушуна жана бул жердеги инфраструктура сакталышына аракет жасайбыз.

Ирак эксперти Абу Ракф Мосул үчүн күрөш жеңил болбойт дейт. Анын пикиринде, Мосулдагы тоолор, үңкүрлөр, адырлар жоочулардын жашынышына жана ал жерлерди колдонушу үчүн ыңгайлуу. Андан сырткары “Ислам мамлекетинин” үгүтү көптөгөн жаштардын аң-сезимине сиңип калган. Ошондуктан жоочулар Мосулдан жоготулса да алардын таасири кала берет.

Рейтер маалымат агенттигинин маалыматы боюнча, 17-октябрда операция башталгандан бери Ирак жана күрт күчтөрү жалпысынан бир миң чарчы чакырым жерди, 70тен ашуун айыл-кыштак, шаарчаларды бошотту. Операциянын максаты - Ирактын экинчи чоң шаары Мосулду жоочулардан кайтарып алуу.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG