Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:01

Түштүк Кореяга барып иштесем же окусам деген мекендештер аз эмес болсо керек. Анда мен өзүмдүн тажрыйбам менен бөлүшө кетейин.

Түштүк Корея дегенде дароо оюбузга жогорку ылдамдык менен өнүгүп бараткан "чыгыштагы батыш" эске келет.

Чыгыш “ажыдаарларынын” жарышына түшкөн Корея Жапония, Сингапур сыяктуу мамлекеттер менен таймашып, 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча дүйнөнүн 13-экономикасы болуп чыга келди. Болбосо, 50 жыл мурун бул өлкөдө электр жарыгын же канализацияны колдонуу тургай, эл согуштун калдыктарын чогултуп, күрүч болсо байлар гана жеген азык эле.

Түштүк Кореянын мындай ылдамдык менен өнүгүшү эл аралык деңгээлде талкууланып, көптөгөн мазмундуу эмгектер жарык көргөн. Ал эмгектерге таянсак, негизги себептерден болуп калкынын эмгекчилдиги, өлкө лидеринин максаттуу реформалары жана чет элдик жардамды эффективдүү колдонгону айтылып келет.

Мен бул табышмактуу өлкөгө 2011-жылы барып калдым. Студенттик кезде Түркия же Кытайда билим алууну максат кылганым менен, тагдыр буйруп мени Түштүк Корея күтүп турган экен. Максатым: ал жактан өзүмдүн кесибим боюнча тажрыйбага ээ болуу эле.

Чынын айтсам, баратканда бул мамлекет тууралуу дээрлик билимим жокко эсе болчу. Атургай, “саламатсызбы, рахмат” дегенден башка сөз билбейт элем.

Алгачкы күндөн тарта эле өзүмүн кесибимде талап кылынбаса да, корей тилинин канчалык маанилүү экендигин сездим. Бирок тил курстарына барууга убактым жок эле. Ошентсе да көчөдөгү жазууларды окуп, кишилерге "саламатсызбыдан" баштап "кандай түш көрдүңүз" дегенге чейин тартынбай сурап жүрүп, акыры корей тилин эркин сүйлөшүү деңгээлине чейин өздөштүрдүм. Жазуу менен окууну болсо, жумушума керектүү нерселерди англис тилинде карабай, түшүнбөсөм да котормочу программалар менен которуп, корей тилинде издеп жүрүп үйрөндүм.

Каныбек Касымалиев.

Каныбек Касымалиев.

Жумуш боюнча эки жылдык келишим бүткөндөн кийин кайра Кыргызстанга келгендин ордуна, дүйнөдө 8-орунда турган, “мээ борбору” (think tank) деп эсептелинген Корея өнүктүрүү институтунун өнүктүрүү саясаты багытында магистратурага тапшырып көрүүнү чечтим. Ал институтту азыркы Кореянын атасы, же өлкөнүн өнүгүүсүнө жол ачкан Кореянын президенти Пак Чун Хи негиздеген.

Корея өнүктүрүү институтунда окутуу толугу менен англис тилинде жана ал жерде дүйнөнүн Оксфорд, Кэмбриж, Йэл, Чикаго, Сингапур сыяктуу алдыңкы окуу жайларынан келген профессорлор сабак берет.

Кабыл алуу критерийлери аябай татаал болгонуна карабай, аракет кылып жатып институтка өттүм. Башында үч айдай аябай кыйналдым. Дээрлик уйку болгон жок, күнү-түнү окууга туура келди. Үч айдан кийин оорчулукка көндүмбү же окуу оңойлодубу, айтор, профессорлор жана башка студентер менен талкууларга кенен катышып, сабактарымдан да кыйналбай калдым. Окууну бүткөнчө күнүнө 4-5 сааттан эле уктап жүрдүм. Кыйынчылыктарга карабай эки жылдык окуумду "эң жакшы" жана "жакшы" деген баалар менен аяктадым.

Жалпысынан айтканда Кыргызстандан баргандар үчүн Корей жергеси көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү, ошол эле кезде көптөгөн кыйынчылыктарды да тартуулайт. Биринчи кыйынчылык - маданий айырмачылык. Биз мыйзамдарды толук кандуу аткарбаган эл экенибизди ошол жактан байкадым. Корей элинде жазылган да, жазылбаган да мыйзамдар кынтыксыз аткарылат. Бири-бирин сыйлоо, сылык мамиле жасоо жана коомдук нормаларды бузбоо алар үчүн биринчи орунда турат.

Корей эли чет элдиктерге толеранттуулук менен мамиле кылса да, биздин көнүмүш адаттар алар үчүн жийиркеничтүү көрүнөт. Андан сырткары майлуу, эттүү жана калориясы көп тамактарды жеп жүргөн кыргыздар үчүн корей тамактарына көнүү аябай оор. Өзүм сегиз айдай көнө албай жүрдүм.

Ошентсе да билим алууга баргандар үчүн эң негизги кыйынчылык - Кыргызстанда билим деңгээли төмөн экендиги. Корей окуучулары башталгыч класстардан баштап эле дүйнөнүн эң жакшы деген практикаларын колдонуп, күнүнө 10-13 сааттан сабак окууга көнүшөт. Биз үчүн андай ыргакка көнүү абдан кыйын.

Иштегени баргандар үчүн баштапкы кыйынчылык да биздин каныбыздагы жалкоолуктан башталат. Корей ишканаларында жумушта өткөргөн сааттан да кылган жумушуңа карап баа берилет. Корей завод-фабрикаларындагы жумуш аябагандай оор, кооптуу. Башкаруучулар катуу кармайт. Көптөгөн мигранттарыбыз ден соолугунан айрылган учурлар да кездешет.

Дагы бир кыйынчылыкты биздин мыйзамсыз жүргөн мекендештерибиз туудурат. Анткени алардын көбөйүшү Кореяга баргысы келген башка жарандарыбыздын виза алуу мүмкүнчүлүктөрүн чектеп, жолун алда канча кыйындатууда. Ошондуктан кыйын болсо да бир гана мыйзамдуу түрдө эмгектенүү зарыл. Себеби сиздин мыйзамсыз жүрүшүңүз, сиз эле эмес, туугандарыңыздын дагы кийин Корея мамлекетине баруусун чектеп коет.

Кореяга барып иштөөнүн же окуунун жолдору көп. Кореяда окуу үчүн эң оңтойлуу жана колдоосу күчтүү болгон программа - Корея өкмөтүнүн стипендиялык программасы. Бул программага Кореянын Кыргызстандагы элчилиги аркылуу тапшырса болот. Андан кийин Кореянын ири ишканалары (КОИКА, ПОСКО, КоГАЗ ж.б.) камсыз кылган программалар. Бул программаларды ишканалардын расмий интернет баракчаларынан тапса болот. Ошондой эле көптөгөн окуу жайлар өздөрүнүн стипендиялык программалары боюнча да чет элдик студенттерди алышат.

Жумушка баруу жолдору жөнүндө айта кетсем, азыркы учурда окууга барууга караганда да татаал. Жогорку квалификациядагы жана "көк жакалуу" жумуштарга барууну каалагандар үчүн ишканалар менен түзмө-түз эле байланышып, жумуш табуу мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми заводдорго катардагы жумушка баруу өкмөттөр аралык келишимдин негизинде гана квота менен жүргүзүлөт. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине кайрылуу зарыл.

Каныбек Касымалиев.

Каныбек Касымалиев.

Кореяда студенттердин стипендиясы 800дөн 1000 АКШ долларына чейин болот. Ошондуктан Кореяга баргысы келген жарандарга кеңешим: биринчи окууга баргандары жакшы. Себеби, ал жакта магистр даражасын алгандар үчүн эки жылдык виза эч кандай тоскоолдуксуз берилет. Анын үстүнө, айлык маянасы да катардагы жумушчулардан 2-5 эсеге чейин жогору болот.

Каныбек Касымалиев,

Экономика министрлигине караштуу инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин эксперти

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG