Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

Азиада: Үмүттү үзгөн үч балбан


Азат Бейшебеков 1/4 финалда филиппиндик Валабол Жасонго туш келип, 1-айлампада эле 11 упай топтоп, мөөнөтүнөн мурда жеңиш ээси болду. 1-октябрь 2014-ж. Инчхон.
Азат Бейшебеков 1/4 финалда филиппиндик Валабол Жасонго туш келип, 1-айлампада эле 11 упай топтоп, мөөнөтүнөн мурда жеңиш ээси болду. 1-октябрь 2014-ж. Инчхон.

Түштүк Кореяда өтүп жаткан 17-азия оюндарында бүгүн үч кыргызстандык балбан коло байге үчүн күрөшүп, тилекке каршы байгеге жетпей калды.

130 кг.салмакта Мурат Рамонов чейрек финалда тажикстандык Муроджан Туйчиевди утуп, андан кийин жарым финалда казак балбаны Нурмахан Тыналиевге 3:1 эсебинде алдырып койгон. Ал 3-орун үчүн болгон беттеште ирандык Бабажанзадех Дарзи Баширге туш болуп 3:1 эсеби менен жеңилип, коло байгеден куру калды.

85 кг. салмакта Азат Бейшебеков жарым чейрек финалда түркмөнстандык Кыяс Эсеновду 4:0 эсебинде жеңген. Чейрек финалда Азат филиппиндик Валабол Жасон аттуу күрөшчүгө туш келип, 1-айлампада эле 11 упай топтоп мөөнөтүнөн мурда жеңиш ээси болуп, жарым финалда күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган. Тилекке каршы финалга чыгуу үчүн беттеште Азат түштүккореялык Ли Сейолго 3:0 эсеби менен утулуп калды. 3-орун үчүн айыгышкан таймашта ирандык Каримфар Можтабага туш болуп 3:0 эсебинде утулуп, байгени колдон чыгарды.

Дагы бир балбаныбыз Самат Шырдаков 75 кг.салмакта коло байге үчүн таймашта казак балбаны Досжан Картыковго жеңилип, байгесиз калды. Буга чейин Самат чейрек финалда кореялык Ким Хйенвууга утулган. Кийин корей балбаны финалдык беттешке чыккандыгы үчүн Самат Шырдаков 3-орунга күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Ал эми 66 кг. салмакта Руслан Царёв биринчи беттешинде ирандык Бйабангард Афшинге утулуп, мелдештерин жыйынтыктаган.

Бүгүн Азия оюндарында көркөм гимнастика боюнча мелдештерде Фируза Сыдыкова жана Салтанат Кыязова өз өнөрлөрүн көрсөтүшүүдө.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат катчысы Нурдин Султамбаев жакынкы күндөрү кыргыз спортчулары катыша турган мелдештер тууралуу төмөнкүлөрдү маалымдады.

- Таэквондо, карате, заманбап спорттун 5 түрү жана жеңил атлетика боюнча жарыштарга мекендештерибиз таймаштарга чыга баштайт. Эртең бокстан 49 кг. салмакта Турат Осмонов жарым финалда күч сынашат. Эгер Турат бул беттеште утса алтын байге үчүн таймашат. Эгер утулса бокс эрежесине ылайык коло байгени алат.

Азия оюндарына Кыргызстандан спорттун 21 түрүнөн 115 спортчу катышууда.

Учурда кыргыз спортчуларында беш байге бар. Буга чейин кыргызстандык спортчулар арасынан велоспортчу Евгений Ваккер менен эркин күрөш балбаны Магомед Мусаев күмүш алса, эркин күрөшчү Эламан Догдурбек уулу, күрөшчү кыз Айсулуу Тыныбекова жана грек-рим балбаны Жанарбек Кенжеев коло байгенин ээси болгон. 19-сентябрда башталган Азия оюндары 4-октябрда аяктайт.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG