Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

Секелек кыздар өгөй атадан зордук көрдүбү?


14-май күнү социалдык коргоо кызматынын өкүлдөрү Бишкек шаарындагы балдардын клиникалык тез жардам ооруканасына 10 жана 6 жаштагы эже-сиңдини өгөй атасы зордуктады деген шек менен алып барышкан.

Доктурлардын текшерүүсүнөн кийин кыздардын жыныстык органдарына доо кеткени такталды. Бирок Республикалык соттук-медициналык экспертиза дарыгерлердин бүтүмүнөн шек саноодо.

Ооруканага барганыбызда 10 жана 6 жаштагы кыздар апасы, байкеси жана иниси менен сыртта көздөн далдоо жерде тамактанып жаткан экен. Атын атагысы келбеген эне кыздарынын келечек тагдырын ойлогондо жүрөгү эзилип жатканын, күйөөсү зордуктап жаткан жеринен кармап алса да, ички иштер органдары аны жазасыз калтырып, койо берип жибергенин көзүнө жаш алып айтып берди:

- Биринчисинде мен өзүм кармап алгам. Анан кызымдан сурасам ал үч жылдан бери, тагыраагы 1-класстан бери эле күйөөмдүн зордуктоосуна кабылып жүргөнүн айтып, анын бул кылыгын ишке ашырган жерлерди көрсөтүп берди. Күйөөм менен байланышым ошондо дароо үзүлдү. Милицияга арыз менен кайрылдым. Бирок кайындарым, күйөөм мени уруп, сабап, коркутуп тосмо арыз жаздырышып, камактан чыгарып алышты. Эми экинчисинде да ушинип Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү чыгарып ийди. Булардын байланыштары, тааныштары күчтүү да.

Дарыгерлер тастыктаган зордуктоо

14-май күнү кыздарды социалдык коргоо кызматынын өкүлдөрү ооруканага жеткирери менен дарыгерлерден түзүлгөн атайын топ экөөнү тең текшерип чыккан. Натыйжада 10 жаштагы кыздын жыныстык органдары жабыркаганы аныкталып, 6 жаштагы сиңдисине да ошондой диагноз коюлган. Кыздарды текшерген жана азыр дарылануусун ишке ашырып жаткан дарыгер Рустам Тазабеков алардын акыбалы тууралуу мындай дейт:

- Кыздар келери менен эле дароо консилиумга чогулдук. Аларды карап чыгып, кичүүсүнүн арткы тешигине доо кеткенин, улуусунун болсо жыныстык органдары жабыркап, кыздык белгиси бузулганын аныктадык. Кечээ дагы көптөгөн адистерди чогултуп, дагы жалпы консилиум өткөрдүк, кыздарды дагы текшердик. Биринчи күнкү диагноздор экинчи ирет да тастыкталды. Кыздардын кичүүсү 6 жаш 11 айлык, улуусу 10 жаш 3 айлык экен. Аларды азыр дарылап жатабыз.

"Зордукчул жазасыз калууда"

Кыздарды зордуктады деп шектелген өгөй атанын азыр эркиндикте жүргөн себебин жана эмнеге бул иш боюнча кылмыш иши козголбогонун билүү үчүн Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө барып, ишти караган тергөөчүдөн жооп ала албадык.

Ал эми Балдардын укугун коргоо лигасынын төрайымы Назгүл Турдубекова кыздардын өгөй атасы кылмыш иши козголбой, боштондукта жүргөнүнөн пайдаланып, качып кетиши ыктымал экенин айтат:

- Биздин талабабыз: шектүү адамды тез аранын ичинде камакка алуу. Себеби ал азыр ооруканадагы эки кызга зыян алып келиши мүмкүн. Муну менен чектелбей, ал башка балдарга жана кыздарга да зордук-зомбулук кыла алат. Таң калганыбыз - зордукталган кыздардын апасы былтыр ноябрда да Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылыптыр. Бирок алар өгөй атаны он күн эле камап, боштондукка чыгарып ийиптир. Азыр эми ооруканадагы дарыгерлер да кыздардын зордукталганын тастыктап, далилдерди көрсөтүп, энеси арызданып жатса да, шектүүнү камоо же кылмыш ишин ачуу иши али да аткарыла элек.

Балдардын тез жардам клиникасы чыгарган тыянакты Республикалык соттук-медициналык экспертиза кабыл албай, андан бүдөмүк санап жатканына да укук коргоочу таң калууда. Мунун себебин билүү үчүн аталган кызматтын директорунун орун басары Эрмек Максүтовго кайрылганыбызда ал мындай жооп узатты:

- Мага документтер келген күнү эле Аламүдүн райондук экспертизанын өкүлү кайрылды: кыздар азыр ооруканада, карап чыгалы деди. Биздеги бир аял кызматкер менен чогуу барып, үчөөбүз кыздарды текшердик. Бирок тез жардам ооруканасынын дарыгерлери чыгарган тыянак менен биздин текшерүүбүз дал келбей жатат. Кичине шек санап жатабыз. Ушундан улам биз кошумча изилдөөгө бердик. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат окшойт. Ал тууралуу маалымат бере албайбыз.

Соттук-медициналык экспертизанын бүтүмү 10-15 күндүн ичинде чыгат. Ага чейин кыздарга кордук көрсөткөн шектүү адам качып кетеби деп укук коргоочулар сарсанаа болушууда. Ал арада запкы көргөн кыздар материалдык жана моралдык да колдоого муктаж экенин энеси “Азаттыкка” айтып ыйламсырады.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG