Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:54

Алепподогу кармаш Сириянын эртеңин аныктайт


Алеппо
Алеппо

Сириянын аба күчтөрү Алепподо куралдуу оппозициянын турумдарына сокку урууда. Бул тууралуу Сириянын жана Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлоодо. Ал эми оппозициялык күчтөр Алепподо өкмөттүк күчтөрдүн курчоосун жарып чыгышканын маалымдашууда.

Орусиялык ТАСС маалымат агенттигинин жазышынча, Сириянын өкмөттүк күчтөрү соңку 24 сааттын ичинде 800дөн ашуун оппозициялык күчтөрдүн аскерлерин жок кылышты. Ошону менен катар президент Башар Асадга караштуу күчтөр Рамусех районунун түштүк тарабындагы аскерий окуу жайды кайра өз карамагына алуу үчүн контрчабуулга даярданышууда.

Айыгышкан салгылашуулардан улам Рамусех аркылуу өткөн айланма жолдун бир тилкеси бийлик тарабынан торолуп турат.

Дем алыш күндөрү Алеппонун борборун ээлеп турган козголоңчулар жана шаардын батышындагы куралдуу оппозиция топтору өз фронтторун бириктирүүгө аракет жасашты. Саясат таануучу Саркис Кассаржяндын билдиришинче, Алеппону куралдуу оппозиция алдырып жиберсе, Сириядагы беш жылдан бери уланып келаткан согуштун жүрүшү өзгөрүшү мүмкүн:

- Алеппо стратегиялык мааниге ээ шаар. Кеп Сириянын экинчи баш калаасы жөнүндө болуп жатат. Өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан бул калаа мамлекеттин экономикалык борбору деп айтсак жаңылышпайбыз.

Согуштун запкысы тийген ата-бала
Согуштун запкысы тийген ата-бала

Саясат таануучулар белгилешкендей, эгер козголоңчулардын өкмөттүк күчтөрдүн курчоосун жарып чыгышканы ырасталса, бул өкмөттүк коалицияга чоң сокку урулганын айгинелейт. Учурда Асадды колдогон күчтөр Сириянын түндүк-батыш тарабын кармап турушат.

- Эгер Идлиб провинциясындагы козголоңчулар менен Алеппонун түштүк-батышындагы козголоңчулар өз күчтөрүн бириктирсе, Асаддын түндүктөгү базалары чоң коркунучта калат, ошону менен катар Асаддын көтөрүлүштү толугу менен токтотуу мүмкүнчүлүгү жокко учурайт, - дейт Генри Жексон атындагы уюмдун илимий кызматкери Кайл Ортон. Анын пикиринде, Алеппо үчүн күрөш беш жылдан бери жүрүп жаткан согушта чечүүчү мүнөзгө ээ.

Ортондун пикирине башка саясат таанучулар да кошулат. Алардын бири Тарек Алабед Рейтерс агенттигине берген маегинде:

- Алеппону өз карамагына алуу деген Дамаск менен түз байланышты колго алуу дегенди билдирет. Ошол эле учурда Идлиб, Хасека жана Ракка шаарларына эшик ачылат. Эгер саясий-аскерий прогресс жасоону көздөсөңүз, Алеппону өз колуңузга алышыңыз шарт.

Алеппо Сириядагы экинчи чоң шаар.
Алеппо Сириядагы экинчи чоң шаар.

Сирия аскерлерине Орусиянын аба күчтөрү жардам көрсөтүүдө.

Учурда козголоңчулар тарапта “Аль-Каида” экстремисттик уюмунун сириядагы бир бутагы, мурда "аль –Нурса фронту" деген ат менен белгилүү болуп келген, жакында эле өз аталышын «Жабхат Фатх аль-Шам» деп өзгөрткөн топ, “Ахрар аль-шам” жана “Эркин сирия армиясынын” бригадалары бар.

Буга чейин эл аралык коомчулуктун катышуусунда жүргүзүлгөн бир катар тынчтык сүйлөшүүлөрү козголоңчуларга эч кандай пайда алып келген жок. Байкоочулардын маалыматына ылайык, августтун соңуна белгиленген сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы да эч натыйжасыз аякташы ыктымал.

Ал тапта Алепподо гуманитардык кризис күчөп турган маалы. Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, шаардагы 300 миңдей тургун курчоодо калган. Алар учурда азык-түлүксүз жана дары-дармексиз күн көрүшүүдө. Өлкөдөгү 2011-жылдан бери уланып келе жаткан жарандык согуш 300 миңдей адамдын өмүрүн алды, 14 миллиондой адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG