Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Козголоңчулар Алеппону алдыра баштады


Алеппонун козголоңчулар колундагы ал-Шаар району. 23-ноябрь, 2016-жыл.
Алеппонун козголоңчулар колундагы ал-Шаар району. 23-ноябрь, 2016-жыл.

Сирияда өкмөттүк күчтөр бүгүнкү күнгө карата Алеппо шаарынын козголоңчулар колундагы алты районду ээлегени айтылды. Соңку күндөрү козголоңчулар бул жерде аймактык жоготууларга учурап жатканын байкоочулар да ырасташууда. Өкмөттүк күчтөрдүн чабуулуна тушташ Алеппонун козголоңчулар карамагындагы бөлүгүнөн акыркы эки түндө он миңдей адам кетүүгө аргасыз болгону да кабарланды.

Сириянын мамлекеттик телевидениесинин 28-ноябрдагы жарыясына караганда, өкмөттүк аскерлер жана аларга өнөктөш күчтөр Алеппонун Сакхур, Хайдария, Шейх Кадыр райондорун ээлешти.

Бул өлкөдөгү жарандык согушка башынан бери байкоо салып келе жаткан уюм - Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы мамлекеттик телевидениенин бул маалыматын ырастап, президент Башар Асаддын өкмөтүнө каршы күрөшүп келген күчтөр Алепподо азыр алар саналуу күн мурда эле көзөмөлдөгөн аймактардын үчтөн бирин жоготконун белгиледи.

Обсерваториянын башчысы Рами Абдулрахман Рейтер агенттиги менен маегинде мүнөздөгөндөй, бул оппозициянын Алепподо 2012-жылдан берки эң ири жеңилиши. Мисалы, Сакхур районунун көзөмөлдөнүшү өкмөттүк күчтөр Алеппонун козголоңчулар карамагындагы бөлүгүн да иш жүзүндө экиге ажыратып салды дегенди туюндурат.

Алеппонун чыгышынан чыгарылгандар. 27-ноябрь, 2016-жыл.
Алеппонун чыгышынан чыгарылгандар. 27-ноябрь, 2016-жыл.

Өкмөттүк күчтөрдүн чабуулунан улам Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын эсебинде, 26-27-ноябрдын түнүндө Алеппонун камалоодо болуп келген чыгыш ыптасынан кеминде 10 миңдей адам качууга аргасыз болгон. Аларды ташуу үчүн бийлик автобустарды берген өңдүү:

- Биз толугу менен азап-тозокто жашадык, кемсинтүүгө кириптер болдук. Өлүмдү көрдүк. Нан да, тамак-аш да, кант да, тамеки да, эч нерсе жок, - деди камалоодогу аймактан чыккан аялдардын бири.

Сириянын өкмөттүк күчтөрү Алеппонун чыгыш бөлүгүндөгү райондорду ээлөө боюнча жаңы чабуулун 15-ноябрда баштаган эле.

Президент Башар Асаддын режимине каршы козголоңчулардын көзөмөлдөгөн райондорун өкмөттүк күчтөргө алдыра башташты алар турган аймактарга Сирия менен Орусиянын аба күчтөрү бир нече апта бою интенсивдүү аба соккуларын жасагандан кийинки учурга туш келди.

Алеппонун козголоңчулар карамагындагы ал-Хамра району. 20-ноябрь, 2016-жыл.
Алеппонун козголоңчулар карамагындагы ал-Хамра району. 20-ноябрь, 2016-жыл.

Бул аба соккулардын жайкын тургундарга тийгизген кесепеттеринен улам АКШ менен Франциянын бийликтери Алепподо аскерий кылмыш жасалып жаткан жокпу деген маселе көтөрүшкөн эле.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы соңку чабуулдар учурунда 26-ноябрда өкмөттүк күчтөрдүн артиллериялык соккусунан кеминде 18 адам өлгөнүн, ал эми 15-ноябрдан бери кургактан жана абадан жасалган соккулардан 220дай жайкын тургундун, анын ичинде 27 баланын өмүрү кыйылганын кабарлоодо.

Козголоңчулардын 130дан ашууну мерт болсо, өз кезегинде алар шаардын өкмөт карамагындагы батыш бөлүгүн аткылоосунан 19 жайкын тургундун, анын ичинде 11 баланын өмүрү кыйылган.

Алепподогу гуманитардык абалдын оордугун эл аралык уюмдар да билдирүүдө:

- Алеппонун чыгышындагы кырдаалды чындап эле сөз менен сүрөттөөгө мүмкүн эмес, үрөй учурарлык. Менимче, биз баарыбыз бул боюнча жаңы бир нерсе айта албаганыбыз абалдын абдан оор болгонун көрсөтүүдө. Ал эми ооруканалардын такай соккуга алынып жаткандыгы абдан тынчсыздануу жараткан маселе, - деген эле өткөн аптада БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын өкүлү Руперт Колвилл.

"Чек арасыз дарыгерлер" уюмунун айтымында, Алеппонун чыгышындагы тогуз оорукананын сегизи иштебей калган. Тогузунчу оорукана менен да эч байланыш болбой турат.

Алеппонун чыгышында акыркы 15 күндөн бери дарыгерлер жаракат алгандарды тейлей албай калганын, бул аба соккулардан кийин адамдары куткаруу менен алектенип келген ыктыярчылардын “Ак каскачандар” тобунун башчысы Рейед ал-Салех да ырастады.

ЮНИСЕФ уюмунун 27-ноябрдагы билдирүүсүнө караганда, Алепподо камалоодо калган балдардын саны 100 миңге, али бүткүл Сирия боюнча камалоодогу 16 аймакта күч кечирип жаткан балдардын саны 500 миңге жакын.

Алеппонун козголоңчулар колундагы ал-Шаар районунда жүргөн балдар. 17-ноябрь, 2016-жыл.
Алеппонун козголоңчулар колундагы ал-Шаар районунда жүргөн балдар. 17-ноябрь, 2016-жыл.

Алеппо шаары өкмөт көзөмөлдөгөн батыш жана козголоңчулар карамагындагы чыгыш бөлүк болуп 2012-жылы эле экиге ажыраган. Башар Асаддын режимине каршы козголоңчулар шаарды өздөрүнүн де-факто борбору катары да санашчу.

Дээрлик талкаланган шаардын чыгыш ыптасында акыркы айларда жалпысынан 250 миңдей адам камалоодо турганы айтылып келди.

Сириядагы көп тараптуу жарандык согуштун башаты 2011-жылы жазында Асаддын өкмөтү демократияны талап кылган жана анын өкмөтүнө каршы чыккан демонстранттарды күч менен баскан учурга барып такалат. Андан бери 250 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды, 11 миллиондой сириялык жер которууга аргасыз болду. Алар азыр дүйнөдөгү качкындардын эң ири бөлүгүн түзөт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG