Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:12

Сириялык күрттөр Тел-Абьяд шаарын алышты


Сириялык күрттөр
Сириялык күрттөр

Сириялык күрттөрдүн аскер бөлүктөрү АКШ учактарынын колдоосу менен 15-июнда Түркия менен чек арадагы Тел-Абьяд шаарынан "Ислам мамлекети" радикал тобунун согушкерлерин сүрүп чыгарышты.

Ошентип күрттөр Сирия менен Түркиянын чек арасындагы 400 километрлик тилкени, же жалпы чек аранын жарымын контролдошууда. Дал ошол чөлкөмдөн "Ислам мамлекетинин" катарына кошулууну каалаган чет өлкөлүк жихадчылар өтчү жана курал-жарак, мунай аткезчилик жолдор менен ташылчу.

Сириялык күрттөрдүн тобу өз сайтында жана маалымат агенттиктерине берген маектеринде шаарды толугу менен көзөмөлгө алышканын ырасташууда. Сириядагы күрттөрдүн өкүлү Идрис Насан ДПА агенттигине буларды айтты:

- Биз "Ислам мамлекетин" курал-жарак өтчү жолдордон сүрүп чыгарууну көздөйбүз. Тел-Абьядды алуу менен ошол максатка жакындадык.

Түркияга агылган качкындар
Түркияга агылган качкындар

Түркия тараптан тартылган видеодо сириялык козголоңчулардын жашыл-ак-кара түстөгү желеги чек арага жакын жерде желбиреп турганын көрсө болот.

Сириядагы адам укуктарына байкоо салган уюмдун маалыматы боюнча "Ислам мамлекетинин" радикалдары кээ бир жерлерде каршылык көргөзүүнү улантып жатышат. Бирок калаанын дээрлик бүт аймагы күрт бөлүктөрүнүн колуна өттү.

Буга чейин экстремисттер Түркия менен чек арадагы дагы бир маанилүү пункт – Кобанини тарттырып жиберишкен. Ошондон бери сириялык күрттөрдүн тобу АКШ баштаган коалициянын учактарынын кеңири колдоосуна ээ болуп келатат.

Күрттөр ошондой эле "Ислам мамлекетинин" де-факто борбору Ракка шаары менен Тел-Абьядды туташтырган жолду көзөмөлдөшүүдө.

Акыркы чабуулга байланыштуу кошуна Түркия күрттөрдүн мындай ийгилиги өз өлкөсүндөгү күрт азчылыгынын жикчил маанайына май тамызышы мүмкүн деп кооптонууда.

Түркиянын чек арасы
Түркиянын чек арасы

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган күрттөрдү жергиликтүү арабдар менен түркмөндөр таштап качкан жерлерди өз колуна алгандыгы үчүн айыптады. Ал ошондой эле Батыш күрт “террорчуларын” колдоп жатат деп сындап, "анын арты Түркиянын чек ара коопсуздугуна залакасын тийгизиши мүмкүн" деди. Анкара күрттөрдүн ал кошуундарын ПКК – Күрт Жумушчу партиясынын бир бөлүгү деп эсептейт.

Дүйшөмбүдө бир катар топтор күрттөр ээлеп алган чөлкөмдөрдө этникалык тазалоолор жүрүп жатканына нааразылыгын билдиришти. Күрттөрдүн өкүлдөрү дооматтарды четке кагып, бошотулган аймактарды башкаруу жергиликтүү жарандык комитеттерге өткөрүлөрүн билдиришти.

Качкындар
Качкындар

Ал тапта БУУ соңку апталарда Сириянын түндүгүндөгү салгылашуулардан качкан 23 миңдей киши Түркияга өткөнүн билдирди. Анын алдында түрк өкмөтүнүн басма сөз катчысы, вице-премьер-министр Бүлент Арынч маалымат жыйында Сириядан 18 миңдей качкынды кабыл алышканын, чек арада күтүп жаткан кишилердин саны анча көп эместигин айткан:

- Өтө керек болсо Түркия, канчалык жагымсыз абал болбосун, бүгүн 16-17 миң кишини кабыл алгандай өз эшиктерин ачат. Бирок мындай кырдаал көпкө созула бербейт. Түркия азап чеккен, муктаж адамдарга кучагын жайган жападан жалгыз өлкө. Акчалай чыгымдардан тышкары ал адамдар коомдо кандайдыр бир тескери көрүнүштөрдү жаратып жатканын эске алыш керек.

Түркияда 1,8 миллион сириялык баш паанек тапкан. Мынчалык көп сандагы качкындарды Сириянын бир да башка коңшусу өз аймагына жайгаштырган эмес.

4 жылдан бери уланып келаткан жарандык согуш 200 миңден көп кишинин өмүрүн кыйды, бир миллиондон ашууну ар кандай жараат алды, 4 миллионго жакыны башка өлкөлөргө агылып, качкынга айланды.

XS
SM
MD
LG