Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:59

Сирия: Асаддын режиминен дагы бир генерал кол үздү


Козголоң башталгандан бери набыт болгондордун саны 45 миң кишиге жетти
Козголоң башталгандан бери набыт болгондордун саны 45 миң кишиге жетти

Жарандык согуш жүрүп жаткан Сирияда армиянын дагы бир жогорку даражалуу кол башчысы режимден кол үздү.

Ал сыналгыдан кайрылуу жасаганда Сирия армиясынын аракеттерин кескин айыптады. Бул аралыкта БУУнун ок атышууну токтотууну максат кылган чабарманы Дамаскта жүрөт. Бирок сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.

Президент Башар Асаддын режиминен кол үзгөн генерал Абдул Азиз Яссем ал-Шаллал Түркияга качкандай.

Сириянын аскерий полициясын жетектеп келген генерал баш кеңсеси Дубайда жайгашкан “ал-Арабия” телеканалынан чыгып сүйлөгөн кезинде эми элдик ыңкылапка кошулганын жарыялады:

- Кудуреттүү жана ырайымдуу Алла тааланын атынан, мен аскерий полициянын башчысы, генерал Абдул Азиз ал-Шаллал качканымдын себеби - армия өлкөнү коргоо боюнча өзүнүн башкы вазийпасынан четтеп, адам өлтүргүчтөр менен бүлүндүргүчтөрдүн бандасына айлангандыгында. Кыштактар менен шаарларды талкалап, эркиндикти талап кылып чыккан куралсыз элибизге каршы кыргын жүргүзгөндүгүндө. Жашасын эркин жана кубаттуу Сирия!

Генерал Шаллал кайрылуусунда ырастагандай, Сириянын коопсуздук күчтөрү арасында азыр режимден кол үзүүнү каалаган башка да жогорку даражалуу офицерлер бар болгону талашсыз.

Армиядан суниттер кетүүдө

Бирок алар мындай кадамга өкмөттүн катуу көзөмөлүнөн улам бара албай турушат. Козголоң башталган 2011-жылдын мартынан бери Сириядан буга чейин да армиянын ондогон офицерлери качып кеткен.

Исламдагы карманган масхабы боюнча суннит Шаллал алардын арасынан режимден кол үзгөн кезинде ээлеп турган кызматы жагынан эң жогорку даражалуусу. Буга дейре июль айында элиталык Республикалык гвардиянын Мунаф Тласс ысымдуу бригада генералы Францияга качып, башпаанек алган. Андан кийин Сириянын ошол кездеги премьер-министри Рияд Хижаб коңшу Иорданияга өтө качкан болчу.

Өзү режимден кол үзүп, четке качкан аскерий же расмий адамдардын көбү суннит мусулмандар. Анткени Асадды бийликтен кулатуу үчүн күрөшүп жаткан согушкерлер да ушул масхабдын адамдары.

Ал эми Асадга али жан тартып турган өкмөт жетекчилери менен армия офицерлери президент өкүлү болгон алавит тайпасына кирет. Алавиттер Сирияда азчылыкты түзөт.

Качкындар агымы уланууда

Бул аралыкта баш кеңсеси Лондондо жайгашкан, Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген уюмдун шаршембидеги жарыясына караганда, акыркы бир аптада Сирияда 1000дей кишинин өмүрү кыйылды. Муну менен козголоң башталгандан бери набыт болгондордун саны 45 миң кишиге жетти. Коңшу өлкөлөргө болсо качкындар агымы уланууда.

Түркиянын Сирия менен чек арасындагы качкындар лагери. 10-декабрда тартылган сүрөт.
Түркиянын Сирия менен чек арасындагы качкындар лагери. 10-декабрда тартылган сүрөт.
Борбордук Хама провинциясына жасалган аба соккудан кийин ушул аптада Түркияга тарапка өткөн качкындардын бири Мохаммад Бадави:

- Адамдар оор абалда турушат. Алар тамак-ашка, сууга муктаж. Жылына тургандай эч нерсе жок. Алар дарыгерлерге көрүнүүгө муктаж. Бирок биз ооруканага бара албайбыз. Анткени ооруканалардын баарын Башар Асаддын өкмөтү көзөмөлдөйт. Ал жакка барсак, бизди камап, өлтүрүп коюшат.

Оппозиция активисттеринин ырастоосунда, шаршемби күнү өкмөттүк күчтөр менен согушкерлер борбор Дамасктын жанындагы ал-Забадани, ал-Тадамун деген райондордо салгылашты.

Активисттердин айтымында, ал-Забадани районунда армиянын 20га жакын офицери менен 50дөй жоокери согушкерлерге кошулуп кеткен. Борбор Дамасктын айланасында уруштар бир нече аптадан бери уланууда.

Уруш кечээ Сириянын Түркия менен түндүк чек арасынын айланасында жүрүп жатканы да кабарланды. Анын алдында шейшембиде согушкерлер түндүк чек арадагы Харем шаарчасын өкмөттүк күчтөрдөн тартып алган.

Сирия борборунда учурда Улуттар уюму менен Араб лигасынын чабарманы Лахдар Брахими да жүрөт. Бирок анын карлышкан тараптарды жараштырып, ок атышууну токтотуу аракетинде жылыш бардыгынын белгиси байкала элек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG