Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:06

Тажикстан: Кабирини помидор менен ким урду?


Белгисиз бирөөлөр Мухиддин Кабириге чабуул койгон учур, 10-июнь, 2014-ж.
Белгисиз бирөөлөр Мухиддин Кабириге чабуул койгон учур, 10-июнь, 2014-ж.

Тажикстандын Куляб шаардык соту Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабириге чабуул үчүн кармалган жети кишинин экөөнү беш күнгө камады. Алардын бири Кабиринин партиялашы.

Камоо тууралуу чечим бейшемби, 12-июнда чыгарылганын “Азаттыктын” тажик редакциясына шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Чындап эле Кулябдагы инцидент үчүн камалгандардын арасында ушул партиянын активисти Насрулло Ражабов да бар экенин “Азаттыкка” Кулябдагы бөлүмүнүн башчысы Махмадшариф Набиев да ырастады.

- Насрулло Ражабов чындап эле биздин мүчөбүз. Кабири менен жолугушуудагы чырдан кийин аны кармап кетишкен, кечинде чыгарышты. Бирок эртеси кайра алып кетишти. Милицияда ага каршы конкреттүү тага турган кине жок.

Набиев ошондой эле Кабириге "бир аял менен дагы бир мас киши кол салганын, ал адамдар катуу кыйкырып, сөгүнүп, кийин алардын бирин Насрулло менен кошо камашканын" айтты.

Кабарларга караганда, Кулябдагы тополоңдо Кабириге помидор ыргыткандарды партиянын мүчөсү Ражабов орой сөздөр менен тилдеген. Набиевдин айтымында, аны ошол жерде Кабириге чабуул койгондордун арасынан эки кишинин сөзүнүн негизинде камашты.

Ушул аптанын шейшембисинде Тажикстандын түштүгүндөгү Куляб шаарында Ислам кайра жаралуу партиясынын төрагасы Мухиддин Кабирини белгисиз бирөөлөр жумуртка жана помидор менен ургулаган. Партия лидерине Кулябда жасалган чабуулдун эртеси Кабири өлкө парламентинде сүйлөп, ага жана партиялаштарына чабуулдарды укук коргоо органдары дыкат иликтебей жатканына даттанган болчу.

Бул Ислам кайра жаралуу партиясынын өкүлдөрүнө жасалган биринчи чабуул эмес. Ушул жылдын февраль айында партиянын жыйналышы өтүп жатканда бир нече аял менен Элдик фронттун мурдагы талаа командирлеринин бири Иброхим Исмоилов кирип келип, иш-чараны үзгүлтүккө учуратууга аракет жасаган.

Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясы Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен каттоого турган жана парламентте орун алган жалгыз ислам партиясы.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG