Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:19

Тажикстанда жихадчы аял соттолду


Зарина Сардорова сот залында, Дүйшөмбү, 24-фераль, 2016
Зарина Сардорова сот залында, Дүйшөмбү, 24-фераль, 2016

Дүйшөмбүнүн Исмоили Сомони райондук соту баш калаанын тургуну, 34 жаштагы аялды Сириядагы согушка катышканы үчүн 13 жылга эркинен ажыратты. Ага чейин тажик милициясы Сардоровага “бир маалда бир нече күйөөгө тийген” деп айып таккан.

34 жаштагы Дүйшөмбүнүн тургуну Зарина Сардорова "Сириядагы согушка катышкан жана жаштарды жихадга үндөгөн" деп айтыпталып, 13 жылга эркинен ажыратылды.

Тажикстанда биринчи жолу Сириядагы согушка катышкан деген кине менен аял сот жообуна тартылды. 24-февралда Исмоили Сомони райондук соту чыгарган өкүм боюнча Сардорова жалпы режимдеги абакта жазасын өтөйт.

Ишти караган райондук сот Журабек Ширинзода:

- Соттун акыркы чечими боюнча Сардорова Зарина Толбаевна 13 жылга эркинен ажыратылсын. Ошондой эле эки жыл тарбиялык иштен четтетилсин. Ал жазасын жалпы тартиптеги абакта өтөсүн, - деп темир тор артында отурган келинге өкүм угузду.

Эки баланын энеси өткөн жыл башында Түркиянын Газиантеп бекети аркылуу Сирияга өткөн. Согуш жүргөн Сириянын Дайр-ул-Зар провинциясында сегиз ай турган. Ал жерде айыгышкан кармаш башталганда чөнтөгүндөгү 600 доллар менен Түркияга чыгып, андан ары Дүйшөмбүгө кайткан.

Тергөөдө маалым болгондой, адегенде Сардорова Одноклассники социалдык сайтында Парвина Аминова деген ысым менен баракча ачып, жихадга чакырык жасаган. Ал баракчасына автомат кармаган сүрөтүн да койгон. Ошол эле Одноклассники сайтында Марифат деген аял менен таанышкандан кийин Түркияга, андан ары Сирияга барган.

Сардорова өткөн жылдын октябрь айында Дүйшөмбүнүн аба майданында кармалып, Кылмыш кодексинин “Жалданма кишилерди азгыруу, окутуу, каржылоо, материалдык жактан кызыктыруу, аларды куралдуу жаңжалдарга же согуш операцияларына тартуу” жана “Экстремисттик ишмердиги үчүн мыйзам тыюу салган саясий партиялардын жана башка диний коомдук бирикмелер менен уюмдардын ишин уюштуруу”, - деген беренелер боюнча кине тагылган.

13 жыл абакка кесилген келиндин жакындары журналисттерге сүйлөөдөн качып, райондук соттун өкүмү боюнча арызданары же жазага макул болору беймаалым калды.

Буга чейин Тажикстандын Ички иштер министрлиги Сардорованын күйөөсү Рустам Рахмонов аялын Түркияда дарылатам деп банктан үч миң доллар насыя алганын, бирок ал маалда Зарина Сирияда жүргөнү аныкталганын билдирген.

Тажик милициясынын маалыматында Сардорова Дүйшөмбүдө бир эле маалда эки эркекке күйөөгө тийип, Сирияга барганда үчүнчү күйөөгө чыкканы айтылат. Телеканалдардан берилген милициянын билдирүүсүндө Заринанын экинчи күйөөсү тыюу салынган Тажикстан ислам кайра жаралуу партиясынын Исмоили Сомони районундагы бөлүгүн жетектеген.

"Азаттыктын" тажик кызматынын сот залынан тарткан видеосу

Тажик бийликтери учурда өлкөнүн миңден ашуун жараны Ирак менен Сириядагы согуштарда жүргөнүн билдирет. Президент Эмомали Рахмон 21-январда өткөн өкмөттүн жыйында согуш жүрүп жаткан аймактарга Тажикстандан 146 үй-бүлө чыгып кеткенин, жогорку окуу жайдын 21 студенти “Ислам мамлекети” террордук тобунун согушкерлерине кошулганын айткан.

"Азаттыктын" тажик кызматы

XS
SM
MD
LG