Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:03

Ооган-тажик чек арасы тынч эмеспи?


Ооган коопсуздук күчтөрү
Ооган коопсуздук күчтөрү

Расмий Дүйшөмбү Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен тилкесинде “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочулары топтошууда деген маалыматты жокко чыгарды.

Буга чейин ооган бийлиги “Талибан” кыймылынын жоочулары Тахор провинциясынын Даркад жана Ходжагор аймактарынан сүрүп чыгарылып, алар Тажикстандын чек арасына чегингенин жарыялаган болчу. Бирок Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети чек арада абал тынч экенин билдирди.

Тажикстан жоочулардан кооптонбойт

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара аскерлигинин башкы башкармалыгы Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен аймагында “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочулары топтошууда деген маалыматты төгүндөдү. Тажикстандын чек ара аскерлигинин расмий өкүлү Мухаммад Улугхожаевдин айтымында, Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен түндүк провинцияларында “Талибан” кыймылына каршы ооган өкмөттүк күчтөрүнүн операциясы өтүүдө.

Мухаммад Улугхожаев тажик-ооган чек арасы толук көзөмөлдө экенин айтып, аймакта “Ислам мамлекети” тобуна таандык жоочулар жоктугун билдирди:

- Тажикстан менен чектешкен Ооганстандын аймактарында “Ислам мамлекети” тобунун жоочуларынын топтошуусу байкалган жок. Учурда тажик-ооган чек арасы тынч. Анда кандайдыр бир куралдуу топтордун чогулуп жатканы тууралуу маалымат чындыкка коошпойт. Чек ара тилкелерин кайтаруу биздин чек арачылардын толук көзөмөлүндө.

Быйыл 28-сентябрда “Талибан” кыймылы Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясын басып алган. Туура бир айдан соң Тахор провинциясынын Даркад жана Ходжагор аймактарына кирип келген жоочулар өкмөттүк күчтөрдүн каршылыгына кабылып, артка чегинген. Бирок “Талибан” кыймылы жыл башында “Ислам мамлекети” тобун тааныбай турганын жарыялап, аны менен бирге эмес экенин билдирген. Анткен менен мурда “Талибандын” карамагында болгон Ооганстандагы майда куралдуу топтор “Ислам мамлекети” тобуна берилгендигин жарыялаган эле.

Сентябрь айынын аягынан бери “Талибан” кыймылы басып алган аймактарды бошотууга жакында Кабулдан кошумча күчтөр алынып келгени белгилүү. Бир жумадан ашуун созулган кезектеги салгылашууда Ооганстандын куралдуу күчтөрү үстөмдүк абалын калыбына келтирген.

Ооганстандын Тахор провинциясынын башчысынын маалымат катчысы Суннатулло Темур аталган салгылашуунун жыйынтыгы тууралуу “Азаттыкка” мындай деп билдирген:

- Өкмөттүк күчтөр мурда ээленген аймактарды кайра бошотуу үчүн болгон куралдуу салгылашууда кеминде кыркка чукул “Талибандын” жоочусу жок кылынды. Алардын арасында Тажикстан менен Өзбекстандын жарандары да бар. 18 жоочу жарадар болду. Мындан сырткары салгылашууда өкмөттүк күчтөрдөн он жоокер набыт болду.

Жоочулар кайда жоголду?

Ооган бийлиги мурда ээлеп алган аймактардан сүрүлгөн “Талибандын” жоочулары түндүк жакка багыт алып, Тажикстандын чек арасына чегингени тууралуу маалымат тараткан. Бирок жогоруда айтылгандай, тажик бийлиги муну ырастаган жок.

Анткен менен Орусиянын коргоо министринин орун басары Анатолий Антонов “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочуларынын Тажикстан менен Түркмөнстандын чек арасына жакындашына байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.

Антонов 4-ноябрда Куала-Лумпурда өткөн Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттер бирлигинин жыйынында сүйлөп жатып, “Ислам мамлекети” тобунун улам жайылып бараткан таасирине токтолгон болчу.

Орусиянын коргонуу мекемесинин маалыматы боюнча “Ислам мамлекети” тобунун тарабында 25 миңден 30 миңге чейин чет элдик жалданмалар бар. Алардын көпчүлүгү Орусиядан, Борбор Азиядан жана Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн баргандар. Бул топтун курамындагы жоочулардын жалпы саны болжол менен 50 миңден 200 миңге чейин жетиши мүмкүн.

Тажикстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча Сирия менен Иракта согушкандардын арасында бул республиканын 500гө чукул жараны болушу ыктымал. Анын ичинен 150 адам согуш талаасында окко учканы ырасталган.

XS
SM
MD
LG