Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:38

Рахмон уулун мэр кылды


Тажик президент Эмомали Рахмон (ортодо), уулу Рустам (оңдо)
Тажик президент Эмомали Рахмон (ортодо), уулу Рустам (оңдо)

Тажик президенти Эмомали Рахмондун 29 жаштагы уулу Рустам Дүйшөмбү шаарынын мэрлигине дайындалды.

Дүйшөмбү шаарын 20 жыл башкарган Махмадсаид Убайдуллоевдин ордуна президенттин уулу Рустам Эмомалинин келиши көпчүлүк үчүн күтүүсүз болсо да, авторитаризм үчүн сынга кабылган өлкө үчүн өтө таңкалычтуу болгон жок.

Президенттин сайтында 12-январда жарыяланган билдирүүдө эски мэр эмне үчүн кызматтан алынганы так айтылбады.

Бирок шаардык кеңештин депутаты Гүлнора Амиршоева соңку кадрдык өзгөрүү жаш адистерге жол ачуу аракети катары мүнөздөлгөнүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, президенттин чечими өкмөттүк активдердин катышуусунда бейшемби күнү таңга маал өткөн жыйында жарыяланган.

- Убайдуллоев буга чейин ишеним көрсөтүп келгени үчүн президентке ыраазычылыгын билдирди. Ал президенттин жаштарга жол ачуу демилгеси кадрдык өзгөрүүлөргө себеп болгонун айтты. Ошондой эле жаңы жылда жаңы өзгөрүүлөр баш калаадан башталганын, жаштарды алга сүрөө боюнча дагы көп аракет болорун белгиледи,-деди шаардык кеңештин депутаты Гүлнора Амиршоева.

Президенттин буйругу менен Дүйшөмбү мэринин төрт орун басары да дароо иштен кетип, алардын ордуна жаңылары келди.

29 жаштагы Рустам Эмомали буга чейин Коррупцияга каршы агенттикти жетектеп келген.

Рустам Эмомали
Рустам Эмомали

Тажикстандык эксперт Марат Мамадшоев Рустам Эмомалинин мурдагы кызматы деле маанилүү болгонун айтып, Рахмон уулунун ар кыл кызматтарды жетектеп көрүшүн каалап жатат деген оюн ортого салды. Президент уулун мураскор катары таптап жатат деген пикирлерге тажик саясат таануучусу Зафор Абдуллаев да кошулат:

- Азыр Рустамдын алдында оор тапшырмалар бар. Ал мынчалык масштабдагы иштерге туш келе элек болчу. Андыктан ага оңой болбойт. Бирок ага жардам беришсе керек. Рустамдын Дүйшөмбүнүн башчылыгына келиши жаман болот деп айтпайм. Балким жакшы болоор. Бирок орто жана узак мөөнөттөн алып караганда өлкөнү жетектөөнү мурастап калууда бул кызмат Рустам үчүн башкы ролду ойнойт.

Быйыл май айында Тажикстан Баш мыйзамын өзгөртүп, 64 жаштагы президент Эмомали Рахмондун бийликте каалашынча калуусуна жол ачылган. Ошол эле учурда президенттикке талапкердин курагы да 35тен 30га түшүрүлгөн.

Тажик президенти кызы Озоданы медал менен сыйлап жатат, 2015-жыл.
Тажик президенти кызы Озоданы медал менен сыйлап жатат, 2015-жыл.

Айрым саясат талдоочулар бул өзгөрүү Рахмондун уулу Рустамдын да президенттик шайлоого катышуусуна мүмкүнчүлүк түзөт деп ишенишет. Себеби 2020-жылы өтчү шайлоодо Рустам Эмомали 33кө же президенттикке талапкер болууга уруксат берилген жашка толгон болот.

90-жылдардын башында жарандык согушту башынан кечирген Тажикстанды Рахмон дээрлик 23 жылдан бери башкарып келет. Анын эки уул, жети кызы бар. Анын бир кызы 38 жаштагы Озода 2016-жылы президенттик аппараттын башчысы болуу менен бирге Рахмондун квотасынын негизинде парламент депутаты болуп шайланган.

Былтыр ноябрь айында президенттин үчүнчү кызы Рухшона Рахмонова Тышкы иштер министрлигинин бөлүм башчысынын орун басары болуп дайындалганы кабарланган.

Укук коргоо уюмдары Тажикстандагы адам укуктарынын, сөз эркиндигинин абалын сынга алып келишет. Өткөн жылы “Хьюман Райтс Уотч” баштаган эл аралык уюмдар Тажикстандагы адам укуктары соңку жыйырма жылдагы эң терең кризиске кептелгенин билдиришип, өлкөгө санкция киргизүү чакырыгы менен чыгышкан болчу. Бирок тажик бийлиги мындай сындарды кур доомат катары мүнөздөп келет.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG