Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Тажикстан: орустар колдонгон аэродром


Орусиянын Тажикстандагы 201-аскерий базасы.
Орусиянын Тажикстандагы 201-аскерий базасы.

Тажикстандагы "Айни" аскерий базасынын кеңейтилип жатканына байланыштуу анын жака белинде жайгашкан кыштактагы үйлөр сүрдүрүлөт. Соңку айларда негизинен Орусия колдонуп жаткан бул аэродром баш калаа Душанбеден 15 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Равшан Дехнаев "Айни" аскерий аэдромунун жака белинде жайгашкан кыштактын тургуну. Стратегиялык объекттин кеңейтилгенине байланыштуу анын үйү жакында сүрдүрүлгөнү турат. Короосунун дубалы Равшандын уруксатысыз эле алынды.

Расмий документтерге ылайык, анын үй-мүлкү мамлекет тарабынан 550 миң сомониге же 70 миң долларга бааланган. Ал эми Дехнаев болсо ага өмүр бою компенсация төлөп берилишин талап кылууда. Аткаминерлер так жообун берише элек, алтургай бул жер мыйзамсыз басып алынганын айтышууда.

- Менин бардык жагынан мыйзамга ылайык алган үйүмдүн документтерин туура эмес, бул жер басып алынган деп жатышат. Андай эмес. Мен бул жакта он жылдан бери жашап, салык төлөп келбедимби. Эми эле кайдан баскынчы болуп калабыз? Мен компенсация гана талап кылып жатам. Аэродромдун кеңейишине эч каршылыгым жок. Кенемте төлөп берип, каалаганын кыла беришсин, - дейт Равшан.

Ал кошумчалагандай, бир нече жылдан бери жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү аларга келип, документтерин талап кылып, тынч жашатпай келишет. Равшандын коңшусу Рузмухаммад Махмадов да ушундай эле абалда экенин айтты.

- Документтерибиздин баарын Комил аттуу бала жыйнап кеткен. Ал райондо иштейт. Андан бери эч дайыны жок. Биз ушул жерден агарып-көгөргөнбүз. Келин да алдык.

Аскерий аэродромдун кеңейтилиши тууралуу кептер 13 жылдан бери уланып келет. 2003-жылы Коргоо министрлиги стратегиялык объекттин жанындагы кыштактын тургундары үчүн башка жактан жер тилкелерин да бөлүп берген. Мына ошондо Рузмухаммад жана башка ондогон тургундардын документтери жыйналып кетип, артка кайтарылган эмес. Рузмухаммад компенсация тургай, сотто өз үйүнүн ээси экенин далилдей албай, көчөдө каламбы деп кооптонууда.

Азырынча бул жактагы тургундардын саны жана аларга төлөнө турган компенсациянын көлөмү тактала элек. Муну менен жакында түзүлө турган атайын өкмөттүк комиссия иш алып барары белгилүү болду. Бийликтин билдиришинче, эгер аэродромдун тегерек-четиндеги үйлөр мыйзамсыз салынганы аныкталса, аларга эч кандай каражат төлөнбөйт. Аэродромдун жетекчилиги болсо кеңейтүү иштерин башташты. Ал эми комиссия качан түзүлөрү жана экспертиза качан жүргүзүлөрү беймаалым.

2007-жылы аэродромду индиялык адистер реконструкциялаган. Ага расмий Дели 70 миллион доллар бөлгөн. Объект ушул тапта бардык аскерий аба кемелерин кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Учурда Москва менен Душанбе ортосундагы эки тараптуу макулдашуунун алкагында бул аэродромду Орусия колдонууда. 2015-жылдын күзүндө Орусия Тажикстандагы 201-аскерий базасын МИ-24П тик учактары жана МИ-8МТВ аскерий унаалары менен күчтөндүргөн.

Орусиянын МИ-24 тик учагы.
Орусиянын МИ-24 тик учагы.

Алар "Айнидеги" аэродромго жайгаштырылган. Ошентсе да эки тараптын ырасташынча, бул аэродромду Москвага ижарага берүү тууралуу сөз болгон эмес. Мындан тышкары объектти эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашуулардын алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна же Европа коопсуздук жана келишим уюмуна мүчө мамлекеттер да колдоно алышат.

Ал эми байкоочулар бара-бара бул база толугу менен Орусиянын колуна өтөөрүн боолгошууда.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG