Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:41

Талиптер Кабулду ракеталашты


Кабулдуктар терезелеринин сыныктарын жыйнап жатышат, 4-август, 2009
Кабулдуктар терезелеринин сыныктарын жыйнап жатышат, 4-август, 2009

Ооганстанда талиптер шайлоонун алдынан чабуулдарын күчөтө башташты. Өткөн түнү алар Кабулга сегиз ракета атышты. Бир жаш бала жаракат алды.

Кабулдуктар мынча көп ракета чабуулун бир топ жылдан бери көрө элек болчу. Адамдар таң эртелеп баамдат намазына жыгылган учурда ракеталар катарма катар атыла баштады. Азырынча эки адам жарадар болгону белгилүү. Талиптер өздөрү муну шайлоого эки апта калганда элдин үшүн алыш үчүн жасашканын айтып чыгышты.

1996-жылы талиптер Кабулду алып, өздөрүнүн режимин орнотуш үчүн да танкелер менен кирип, ракета жардырып, адамдарды бир катуу чочутушкан эле. Алардын өкүлү Забиуллах Можахеддин айтымында, Кабулдагы эларалык аэропорт менен ооган армиясынын баш кеңсесин да ойрон кылууну каалашкан экен.

Бирок ракета чабуулдарынан борбордогу турак-жай райондору жабыр тартты. “Tolo-TV” сыналгы каналы Кабулда бир топ үйлөрдүн, көчөлөрдөгү машинелердин терезелери сынганын көрсөттү.

Адамдар чабуулдардан коркуп, шайлоого барбай коюшу мүмкүн.
Шаардын айрым тургундары булардын баары 20-августта президенттик шайлоого тоскоол болбойт деп ишенишет. Бирок акыркы чабуулдардан коркуп калгандар да көп. Ракеталардын бири Фероз Хандын үйүнө түшкөн. Бирок ал өзү аман калган экен. Таңкы окуялар ага 1990-жылдары ооган жикчилери ортосунда Кабулду алыш үчүн жүргөн согушту эске салганын айтат. Анда бир нече миң адам кырылып, шаардын көп бөлүгү жер менен жексен болуп калган эле.

“Эгерде бул улана берсе, шайлоо күнү эч ким добуш берүүгө барбайт, - деди ал. - Ким үчүн добуш беришибиз керек өзү? Бүгүн ракета менин үйүмө түштү. Эртең ал башка бирөөнүн үйүн жарат. Эмне болуп кетээрин эч ким айта албайт. Анан эмне үчүн биз добуш беришибиз керек? Мунун баары бизди өлкөдөн чыгып кетишибизге мажбурлайт”.

Бүгүн ракета Кабулдун түштүк-чыгыш тарабындагы Дех Сабз району тараптан атылды. Биринчи ракета атылышы менен ооган полициясы ал районду курчоого алганга аракет кылды. Алар атылбай калган тогузунчу ракетаны да табышкан.

Акыркы эки аптадан бери Ооганстанда шайлоо алдында абалды курчутуш үчүн талапкерлерге, шайлоо комиссияларында иштегендерге каршы чабуулдар күчөдү.

Президенттик кызмат үчүн ат салышып жаткан 41 талапкердин тизмесин азыркы мамлекет башчы Хамид Карзай жетектейт. Бул шайлоонун негизги мааниси АКШ жана НАТОнун аскерий күчтөрү ооган жеринде коопсуздукту канчалык деңгээлде камсыз кыла алышканын (же кыла алышпаганын) көрсөтөөрүндө болуп жатат.

Азыр Ооганстанда НАТОнун жана АКШнын 100 миңден ашуун аскери бар. Өткөн айдын өзүндө эле ал жерде 83 америкалык аскер окко учту.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG