Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:10

“Тегин” сөзү тегин жерден жаралбаган: Кыргыз паспорту жана орток латын алфавити тууралуу ой жоруу


Ала-Тоодон түндүккө кеткен азыркы көчмөн жигит Кыргызстандын ички паспортун жана Орусиянын паспортун кармап ойлуу турат.
Ала-Тоодон түндүккө кеткен азыркы көчмөн жигит Кыргызстандын ички паспортун жана Орусиянын паспортун кармап ойлуу турат.
Тарыхчы жана публицист Тынчтыкбек Чоротегин бул блогунда заманбап сөз таануу маселелеринен тышкары кыргызча паспортто ысымды туура жазуу жана бир катар түрк калктары үчүн орток латын алфавитин калыптандыруу көйгөйлөрү жөнүндө талкуулоо үчүн окурмандарыбызга “жем таштайт”.

Тегин

Мага Фейсбук аркылуу бир жигит кайрылып, “тегин” сөзүн ысымга кошуунун келип чыгышы тууралуу оюмду сурады. Бул термин жаатында “Сөз таануу” куржунунда мурда да талкуу болгон. Кыскача айтаарым, орто кылымдардын эрте мезгилинде Кыргыз каганатында жана башка айрым түрк мамлекеттеринде “тегин” сөзү кагандан ылдыйкы тепкичтеги жогорку даражалуу, тектүү ак сөөккө, кагандын урпактарына берилчү, аны азыркыча “канзаада” (принц) деп чечмелей алабыз.

Ал эми 1989-жылдын 23-сентябрында (мындан чейрек кылым илгери) кыргыз тилин мамлекеттик тил катары жарыялаган мыйзамдын авторлору “тегин” сөзүнө жаңы өмүр, жаңы маани ыроолоп, фарсы тилинде жана азербайжан тилинде “заде” (вариант: “зода”) – “(төлөнчөнүн) урпагы” деген, орусча “-ов” деген ысым жаратуучу мүчөлөр сыяктуу эле “тегин” сөзү да кыргыз тегатын (фамилиясын) жарата алат деген бүтүмдү мыйзам түрүндө сунушташкан.

Ал кезде да, кийин деле мен мыйзам чыгаруу бийлик бутагына эч бир тиешеси болбогон карапайым атуул катары “тегин” терминине жаңы мазмун берген мыйзамчыларга бул реформатордук сунушу үчүн ыраазычылык билдирип келдим.

Айрымдары ушул сөздү Чоротегин таңуулаган экен деп санашат. Бул – жаңылыштык. Кыргыз мыйзамчылары мага ушул сөздү адабий тегатым катары Чоро деген чоң атамдын ысымына жалгаштырууга (Чоро+тегин) 1989-жылы ойдо жок жерден жол ачканын дагы бир ирет баса белгилегим келет.

Негизи, кыргыз мыйзамчылары “тегин” сөзүн “тек” уңгу сөзүнөн жасашкан. Байыркы “тегин” (“канзаада”, “каган урпагы”) сөзү деле “тек” сөзүнөн жасалган. Бул эки аракетте тең эч бир айып жок.

“Сиз, эмне, өзүңүздү кагандын урпагы катары санайсызбы?” деген какшык суроого жоопту мындайча узаткым бар:

- Албетте, башка тилден алынган “-ов” дегенди тегатыбызга жалгаштырганга караганда, нукура кыргыз сөзүн (“тегин”, “уулу”, “кызы”) тегатыбызга жалгаштырып, Кыргыз бабабыздын, Манастын урпагы экенибизди, кул эместигибизди тастыктап жатабыз да.

Бүгүнкү “мырза” сөзү да орто кылымдардын соңундагы “эмирзаада” (эмирдин, бектин урпагы) сөзүнөн мааниси өзгөрүп бизге жеткен.

“Эсенсиңби, Чоке!”

Айтмакчы, 1989-90-жылдары жаңы мыйзамдын күүсү менен паспортту өзгөртөөрүмдө паспорт бөлүмүн тейлеген аткаминерлер “тегин” сөзүн өз атаңдын (Кадырмамбет) ысымына гана жалгаштыра аласың”, деп чыгышты. Мен болсом чоң атам Чоро ажынын ысымын адабий тегатым катары сактап калууну чечтим.

Андан бери чейрек кылым аккан суудай агылып өттү... Ошентип, бир эле учурда менин Чоротегин жана Чороев деген тегаттарым бири-бири менен чатакташпай эле мени турмуштун тар жол, тайгак кечүүлөрүнөн аман-эсен өткөрүп келишет. Менин жагдайымды түшүнүү менен кабыл алган замандаштарыма ыраазымын.

Айрымдары гана чаташып, Тынчтыкбек атымды унутуп, оңоюраак жагына качырып (чагымда, “Чоротегин” сөзүн эстөө “Тынчтыкбек” сөзүн эстегенге караганда алда канча жеңил окшобойбу!), мага: “Ал-жайың кандай, Чоке!” - деп кайрыла калып жүрүшөт. “Менимче, өз ысымы айтылган сайын, ыраматылык чоң атамдын ал-жайы жакшы эле болсо керек”, деп ичимден компоюп коём.

Паспорт – кимдигибиздин далили

Ушул тапта Орусияга кетип жаткан айрым журтташтарыбыз ал жактагы айрым ачык же тымызын шовинисттерден жазганып, өз тегаттарындагы “тегин”, “уулу”, “кызы” сөздөрүн кайра өчүрөп, “-ов” мүчөсүн кошуп өзгөртүп жатышат.

Кыргызстандын өзүндө болсо пост-советтик сабатсыз аткаминерлер жазган жана алигиче сакталган эреженин айынан ички паспортто (ID, Ай-Ди) “Бөкөн” сөзү “Бокон” болуп, “Өмүр” сөзү “Омур” болуп, “Үмүт” сөзү “Умут” болуп, “Күңөтай” ысымы “Кунотайга” айланып, “Көккөз” болсо “Коккоз” деп кубулуп, Жаңыбайлар кыргызча эле паспортто Джанибайга айланып, айтор, тири шумдук окуялар орун алып жаткан кез.

Бир кыргыз профессору 2013-жылы кыргызча китеп жарыялаптыр. Анын мукабасында тегаты Джусупбеков деп жүрөт.

“Э кокуй, кыргызча китепке Жусупбеков деп эле койбойсуңарбы?” – деп басмачыдан (басма үйүнүн өкүлүнөн) сурасам:

- Биз да ал жарыктык аксакалга айттык. “Азыркы Ай-Ди ушинтип жазылып калыптыр. Автордугумду тастыктай албай калып жүрбөйүн, ушундай эле калтыргыла” деп көнбөй койду, - деди басмачы курбалдашым.

Ушундан улам ой кетет: балким, кыргыз мыйзамчылары кыргыз паспортунда ысымдарыбызды кирил жазмасында да, латын жазмасында да эки вариантта жазуу үчүн жол ачып беришээр. Ошондо гана ӨҢҮбүздү сактап калчудайбыз.

Маселен, кыргызча кирилче “Жаңыбай Өмүртегин” деп, анын ылдыйкы сабында орусча кирил жазмасында “Джаныбай Омуров” деп жазса болот (азерилер совет дорунда эле паспорттун орусча бетинде Алиев деп, азербайжанча бетинде Əлизаде деп жазышчу).

Ички паспорттогу латын арибиндеги ысымды чет элдик паспорттогу латын арибиндеги ысым менен бирдей жазуу талабын коюп, жогорудагы өрнөк болгон ысымды, маселен, кыргызча латын арибинде Jañıbay Ömürtegin, ал эми англисче латын арибинде Janibay Omurtegin деп кош вариантта жазса деле болот. (Немистердин Müller тегатын англисче Mueller деп да жазышат эмеспи).

Мындай усулду “паспорт чыгаруунун жаңы усулу катары мыйзамчыларга жана алар аркылуу Мамлекеттик каттоо мекемесине сунуштайлы” деп мен Мамлекеттик тил комиссиясынын жакында өткөн бир жолугушуусунда Эгемберди Эрматов агайга айтсам, ал киши да жактырды.

Алфавиттик реформадан качанкыга чейин жаа бою качабыз?

Албетте, кыргызча латын арибин жолго коюу зарылчылыгы эчак эле бышып жетилген.

Совет доорунда ысымдарды латынча жазганда француз тилинде тыбыш кандайча жазылса, ошондой кылып жазуу талабы бар болчу. Ошондуктан, маселен, “Ч” тамгасы паспортубузда латынча TCH деп берилип келген. Эми аны CH деп жаза башташты. Ал эми каткалаң “Ж” тамгасын (орусча “ДЖ”) латынча жазууда чаржайыттыкка кол берилип жатат: DJ, J, ZH. Мында ZH коштамгасын кыргызча “Ж” үчүн колдонуу таптакыр туура эмес, анткени бул кош тамга орусча жана казакча жумшак “Ж” (Ž) тыбышын транскрипциялоо үчүн мурдатан эле колдонулуп келген.

Кээ бир аткаминерлер латынча тамганы тартипке салуу сунушунан жаа бою качып келишет. Муну Кремль укса эмне дейт?” дегендер да арбын.

Аларга кулак кагыш кылаарым: орусиялык илимпоздор, орусиялык бийлик жана дүйнө коомчулугу орустун жана славяндардын ар бир тыбышын латын арибинде чагылдырууну (транскрипциялоону) эчак эле бир системага салып коюшкан.

Демек, кыргыз тыбыштарын латын арибине бир системага салуудан качуу – биздин өзүбүздүн гана жармачтыгыбыздын туундусу. Муну саясатташтыруунун, Кремлге “байлоонун” эч кереги жок, бул мажирөөлүктү өзүбүздүн гана жармачтыгыбызга байлашыбыз абзел.

Орток латын алфавити

Албетте, 2025-жылы латын арибине көчүү тууралуу ниетин жарыялаган казак боордоштор менен латын арибинин орток вариантын тандоо ишин чогуу-чаран жүргүзсөк, абдан эле мыкты иш болмок. Эки элдин байыркы тамыры бир экенин эч ким танбайт. Азыр да бул эки эл бири-бирин эч котормочусуз эле аңдашат.

1920-жылдардын этегинде СССРдеги түрк калктары латын арибине өткөндө жана 1939-40-жылдары аларга сталиндик режим тарабынан кирил жазмасы таңууланганда кыргыздар менен казактар (андан тышкары алтайлыктар жана башка боордош түрк калктары) бири-биринен жасалма оолактап калышкан.

Эми ошол өтмүш доордун ачуу сабагын эске алып, кыргыз-казак илимпоздору жана бийлик өкүлдөрү нагыз саясий эркти көрсөтүп, кыргыздар менен казактар орток латын алфавитине өтсө, анда башка бир катар түрк калктарына үлгү болушмак. Басма ишинде да орток мүмкүнчүлүк ачылмак. Кыргыз менен казакта айырмалуу бир-эки тыбыш бар, анын “жарасы” жеңил болмок. Эң башкысы – окшош тыбыштар (алар дээрлик 97 пайыз) кыргызда да, казакта да бирдей тамгалар менен белгиленмек.

Бажы биримдигине кирээр-кирбесибиз арсар, бирок орток алфавит идеясына баш кошуубуз абзел. Советтер Биримдиги кулаган соң, эгемен мамлекетин түптөгөн эки боордош эл 2020-жылдарга карата орток латын алфавитин түзүп калса эске алчу жагдай: каракалпак, алтай, хакас, тыва, шор сыяктуу түрк калктарынын өкүлдөрү да бул болочокку латын жазмасына ыктыярдуу түрдө кошула ала тургандай кылып латынча тамгалардын кыргыз-кыпчактык орток курамын расмий бекитүү.

Эгерде бул деңгээлге көтөрүлө алсак, анда бул орток латын алфавити - азыркы өткөөл доордун түрк дүйнөсүндөгү эл аралык айдыңдык (интеллектуалдык) кызматташтыкка жаңы нук чапкан эң мыкты мөмөсү болмок.

“Сөз таануу” куржунуна өтүү үчүн ушул шилтемеге кайрылыңыз.
XS
SM
MD
LG