Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:56

Туманбаевдин иликтөөгө илинчек болгон ишмердиги


Каныбек Туманбаев
Каныбек Туманбаев

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев "Аманат Строй Инвестке" тиешеси бары тууралуу сөздөрдү четке какты. Мунун алдында "Спутник" маалымат агенттиги Баткенде куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдү салып жаткан аталган компаниянын Туманбаев менен байланышы тууралуу иликтөө жарыялаган. Президент Садыр Жапаров бул материалга комментарий берип, Туманбаевди "мыкты аткаруучу, мыкты көзөмөлдөөчү" катары сыпаттаган жана үйлөрдү курууда эбегейсиз акча үнөмдөлүп калганын айткан.

Соңку окуялар дегеле "Туманбаев ким?" деген суроо жаратты. Анын аты буга чейин негизинен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго байланыштуу аталып келген.

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев журналисттер тобун 2-февралда атайын Баткенге алып барганы белгилүү болду. Анда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта өрттөлүп, талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү иштери менен тааныштырып, "Аманат Строй Инвест" компаниясына тиешеси жоктугун айтты. Ал бул компания тендер аркылуу тандалганын билдирди.

"Менин "Аманат Курулушка" ("Аманат Инвест Строй") эч кандай тиешем жок, болгон дагы эмес. Бул 2021-жылы сатып алынган компания экен. "Аманат-Курулушту" мен тандабайм. Аны кандай тандап алышканын Мамлекеттик курулуш агенттигинин мурдагы жетекчисинен сураш керек. Мамлекеттик курулуш агенттиги тендер өткөргөн. Ошонун негизинде эң арзан бааны бергенине байланыштуу ушул компания утуп алган. Бирок баса белгилеп коюшум керек, "өзгөчө кырдаал" деген бар. Ошол убакта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун токтому менен бул жерде тендерсиз алынышы керек эле. Тилекке каршы, ушул жерде дагы мыйзам бузулган. Тендер жарыяланып, өткөрүлүп, ошону утуп алган. Бул компания эки жолу баш тарткан экен. Урматтуу президентибизге сметаны 5 миллион 700 миң сом деп алып келишкен. Бул сумма чоң болуп кеткенине байланыштуу урматтуу президентибиз күмөн санап, ошол жерден жыйын өткөрүп, эксперттерди, сметчиктерди топтоп, 3 миллион 300 миң сомдун тегерегинде эсептелип чыкты. "Аманат-Курулуш" компаниясы ушул акчаны 33 компанияга бөлүп берип жатат. Бүгүнкү күндө ал көзөмөлдөөчү компаниялардын бири".

Ушул аптанын башында “Спутник” маалымат агенттиги “Кан төгүлгөн Баткендеги көмүскө кызыкчылыктар. Артында Туманбаев турабы?” деп аталган иликтөө жарыялаган. Анда Туманбаевди Баткендеги үйлөрдү куруп жаткан "Аманат Строй Инвест" менен байланыштырган маалыматтар айтылган.

Президент Садыр Жапаров 1-февралда "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде буга байланыштуу комментарий берген. "Аманат Строй Инвест" үйлөрдү арзан куруп жатканын маалымдаганы менен бул компания менен Туманбаевдин түздөн-түз байланышы тууралуу сөздөрдү тактап же жокко чыгарган эмес.

"Былтыр сентябрда Баткендеги жабыркаган үйлөрдү жаңыдан куруу жаатында долбоорлорду даярдоо боюнча Мамлекеттик курулуш жана турак жай агенттигине тапшырма бердим. Бир аптадан кийин долбоорду алып келишти. Алардын сметасы боюнча ар бир үйдү 5 млн. 500 миң сомдун тегерегинде курушубуз керек экен. Анан мен Иш башкармалыктын жана жеке курулуш адистерин топтодум дагы: “ар бир үйгө 5 млн. 500 миң сом кетет деген бул өтө кымбат. Ортодо мамлекеттин акчасын жеп көнүп калышкан мамлекеттик кызматкерлердин бул сметасы мага жаккан жок. Бир үйгө канча акча кетет экен, силер эсептеп чыккылачы” деп тапшырма бердим. Эки күндө мага сметасын алып келишти. Бир үйгө 3 млн. 300 миң сомдон акча кетет экен. “Эч ортомчусу жок ушул суммага кургула” деп дароо тапшырма бердим. Ошентип ар бир үйдөн 2 млн. 200 миң сомдон үнөмдөп калдык. Ошондо эсептеп көргүлө, Баткенге баш-аягы 500дөн ашык үй салабыз. Ар бир үйдөн 2 млн. 200 миң сомдон айырма болгондо эле бир миллиарддан ашык сом мамлекеттин акчасын үнөмдөп калдык. Эгер мамлекеттик курулушка ишенип, “Ии болуптур, сала бергиле” деп койгонумда, бул акчаны саналуу кишилер жана ортомчу компаниялар жеп кетмек. Мен бул акчаны алардын оозунан жулуп алдым да. Алар: “Ушунун баарын Иш башкармалыктын жетекчиси Каныбек Туманбаев кылып жатат” деп ойлоп атышат. Ошон үчүн ага акчадан куру калгандар маалыматтык чабуул башташты", - деген Жапаров.

Кызык жагдайды президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жазган. Анда курулушту арзандатуу тууралуу сунушту Туманбаев бергенин белгилеген.

"Бир үйдүн курулушунун чыгымы - Мамлекеттик турак жай, курулуш агенттигинин эсебинде 5 млн. 500 миң сомдун тегерегинде куруу сунушталган. Ал эми президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев альтернативдүү сунуш берген. Бир үйдүн курулушуна 3 млн. 300 миң сомдон кетерин эсептеп чыгып, бир эле турак жайдан мамлекет 2 млн. 200 миң сомду үнөмдөсө болорун айткан. Бүгүнкү күндө подрядчы "Аманат строй инвест” компаниясы, субподрядчы жергиликтүү 33 компания үйлөрдү бүтүрүүдө. Салыштырып айтканда, базар баасы менен турак жайлардын бир чарчы метри 700-800 долларга бааланып жаткан чакта, керектүү курулуш материалдары транспорттук чыгымдар менен Бишкектен ташылып жатканына карабай, Баткенде курулуп жаткан үйлөрдүн бир чарчы метри 380 доллардан ашкан жок. Муну менен курулуштун сапаты да бузулбай, стандарттар толугу менен сакталууда. "Спутник" сайтынын журналисти эски маалыматтарды пайдаланып, аны бүгүнкү күн менен жарыялап, тек гана көрөрмандарга “Баткендеги курулуш иштеринде К.Туманбаевдин кызыкчылыгы бар” деген таасирди калтыргылары келгени, негизги максат болгон деп эсептейбиз", - деп жазды Орунбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев "Аманат Строй Инвесттин" тандалышы, ачык-айкындуулугу тууралуу суроолор көп экенине токтолуп, бул маселедеги президенттин жоопкерчилигин эске салды.

"Куруучу чоң компания эмес, негиздөөчүсү да жаш экен. Ал өзү компания эмне жумуштарды жасап жатканын да билбейт экен. Анда бул компания кантип лицензия алды, эмнеге тандалды? Эмнеге чоң, техникалары бар компания тандалган жок? Мыйзам боюнча үйлөрдү сала турган компаниялар ачык тандалышы керек. Бирок азыр баары жабык болуп жатат. Президент өзү жооп берип жатат. Демек, суроолор президентке берилиши керек. Ал өзү мен айттым, кириштим, уурдасаңар ушундай кылабыз дедим деп айтып жатпайбы. Бул биринчи көрүнүш эмес. Буга чейин дагы ушундай болгон. Кээ бирлери муну коррупцияга каршы күрөшүү деп айтышы мүмкүн. Келечекте президент өзү аралашканы үчүн анын кызыкчылыгы болгон деп да сөз чыгышы ыктымал. Мыйзамда баары так жазылган, бардык иштер ачык жүрүшү керек".

Бирок Туманбаевдин ишин кубаттап, аны колдогондор дагы жок эмес. Алардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев иштин жыйынтыгы маанилүү деген ойдо.

“Бизге маанилүүсү – иштин жыйынтыгы. Акчаны бөлүп бергенбиз, убагы келгенде сурайбыз. Үйлөр убагында курулуп, тургундар кирип жашап калса, ыраазы болобуз. Жумуш толук аткарылбаса, жооптуулар жооп берет. Курманбек Бакиевдин үйүнүн ордуна реабилитациялык борбор салганы, Азербайжан паркынынын курулушу, Чолпон-Атадагы эс алуу зонасынын, Караколдогу аэропорттун, Бишкектеги администрациялык имараттын салынып жатышы боюнча мен кемчилик таба алган жокмун. Сапаты өзүнчө кеп. Ал колдон келгенин кылып жатат. Бирок келечекте кандай болот, аны айта албайм. Аны текшере турган органдар иштейт. Менин билишимче, ал азыр өз ишин аткарып жатат”.

Эми Каныбек Туманбаевдин эмгек жолуна келели. Ал президенттин иш башкаруучусу болуп былтыр май айында дайындалган жана бул айрыкча социалдык тармактарда кызуу талаш-талкуу жараткан.

Ал 1981-жылы Аксы районунун Кербен шаарында туулган. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Таш-Көмүрдөгү инженердик-педагогикалык факультетин аяктаган жана соңку дайындоого чейин мамлекеттик кызматта иштегени тууралуу расмий маалымат болгон эмес.

Өмүр баяны тууралуу маалыматта Туманбаев 2012-2019-жылдары "БКС" деп аталган курулуш компаниясынын жетекчиси болгону жазылган. Бирок кайсы бир чөйрөдө анын аты мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго байланыштуу аталып келген.

Маселен, Илмиянов Ак үйдө таасирлүү адамдардын бири болуп турганда Туманбаев анын эң жакын адамы, ишенимдүү жардамчысы катары сыпатталып келген. Айталы, убагында Илмияновго таандык экени айтылган ON1 каналы Туманбаевге катталган. Кийин бул каналдын негизинде "Апрель ТV" түзүлгөн.

Чакан чөйрөдө Илмияновдун мындан башка бир топ мүлкү Туманбаевге катталганы айтылып келген. Мындан улам эл арасында "Шоопурдун шоопуру" деген каймана ат да жаралган.

Туманбаев 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан (КСДП) тизмеси менен катышкан. 2017-жылкы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун ишенимдүү адамы болгон. Ал 2020-жылкы шайлоодо бийликчил "Биримдик" партиясынын тизмесине кирген. Ушул шайлоодогу мыйзам бузуулардан улам элдик толкундоолордун натыйжасында Жээнбеков кызматтан кетип, Садыр Жапаровдун бийликке келишине жол ачылган.

Туманбаевдин ысымы "Кыргыз темир жолу" ишканасындагы коррупциялык схемалар, муфтияттагы айрым чатактарда да аталган. Ал былтыр "Темиров LIVE" жана "МедиаХабдын" "Кыргыз темир жолундагы" жана жер сатуудагы коррупциялык иштердин бетин ачкан чуулгандуу журналисттик иликтөөлөрүнүн каармандарынын бири болгон.

Ошол маалда Туманбаев коррупциялык дооматтарга жана Илмиянов менен байланышы тууралуу маалыматтарга кандайдыр бир маалымат берген эмес.

Саясат талдоочу Аида Алымбаева бийликтеги адамдар, тендер жана коррупция тууралуу журналисттердин иликтөөлөрү көңүл сыртында калбашы зарылдыгын айтты.

"Журналисттер иликтөө жасап, фактыларды келтиргенден кийин бийлик буга көңул бурушу керек. Соңку учурда тендерлер жабык өтүп, мамлекеттик сатып алууларда коррупциялык көрүнүштөр чыгып жатат. Буга чейин журналисттер Равшан Сабировдун балдарынын тендерди утуп жатканын айтып чыгышкан. Кечээ эле көрдүңөр, Transparency Intenational уюмунун баяндамасында айтылгандай, Кыргызстан он жылда коррупцияны жоё албаптыр. Улам жаңы президент келген сайын коррупция менен күрөшөм дейт. Садыр Жапаров да ошенткени менен коррупция ордунда эле турат. Укук коргоо органдарына тапшырма берип, карап чыккыла дегендин ордуна кадрын коргоп, колдоп жатпайбы. Мындайда коррупция жоюлбай, тескерисинче коррупцияга жол ачылат".

Мурдагы эки бийликтин тең тилин тапкан Туманбаевди Садыр Жапаров иш башкаруучусу катары кантип тандалганы тууралуу түкшүмөл суроолорго комментарий берген эмес. Маектерининин биринде Жапаров жанындагы адамдардын буга чейинки басып өткөн жолу эмес, азыркы ишмердигине маани берерин айткан жайы бар.

"Айланамда жүргөндөрдүн баарын көзөмөлдөп турам. Мурдагы ишмердиктери, репутациясы мени кызыктырбайт. Мен башында эле сүйлөшкөм. “Мурда кандай иштедиң, ким менен иштедиң – мени кызыктырбайт. Мындан ары таза иштейсиң, уурдабайсың, мамлекет үчүн күнү-түнү дебей иштеп бересиң. Эгер кыйшайсаң, камаласың” деген талап менен иштетип келе жатам. Мамлекет башына келгенден кийин жоопкерчилик моюнуңда болот экен. Сарсанаа болот экенсиң. Мамлекеттин ишин тартып кете турган кадрларды издей баштайт экенсиң. Бирөөнү тапсаң, таза, бирок потенциалы төмөнүрөөк. Бирөөнү тапсаң, эл айткандай, репутациясы начар, бирок мамлекеттик ишти удургуткан бойдон тартып кетет. Анан аны менен ушинтип сүйлөшүп алып иштетишке туура келет экен. Жеке мага эмес, элге дагы мамлекеттин иштери дүркүрөп алдыга жылып турушу керек да акыры. Анан эле тиги жегич, бул жаман деп отура берсек, алдыга жай жылабыз. Мен азыр эч кимге жегизбейм".

Президенттин иш башкармалыгы мамлекет башчынын, өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин ишмердигин финансылык, материалдык-техникалык, транспорттук, социалдык-тиричилик, ден соолукту чыңдоочу, эс алуучу жана медициналык жактан камсыз кылат. Соңку конституциялык өзгөрүүдөн кийин иш башкармалыктын укуктары да кеңейтилген.

Азыркы жободо иш башкармалык "турак жайларды, социалдык-тиричилик жана өндүрүш багытындагы объекттерди, медициналык жана соода-мейманкана багытындагы административдик имараттарды, жайларды долбоорлоону жана курууну уюштурат" деп дагы жазылган.

Ушундан уламбы, Туманбаев акыркы кезде Садыр Жапаровду такай коштоп жүрөт.

Акыркы жолу өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин Бишкекке сапары учурундагы тааныштырууда Каныбек Туманбаев өкмөт мүчөлөрү-министрлерден жогору турганын көрүндү.

Садыр Жапаров былтыр жыл аягында Туманбаевди "Даңк" медалы менен сыйлаган. Ал өзү Фейсбуктагы баракчасына "президенттин ишенимин актап, адал кызмат кыларын" жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG