Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

Түркия Анкара жардыруусунун артынан күрт согушкерлерине сокку урду


Жардырууда каза тапкандар менен коштошуу зыйнаты. Анкара, 14-март, 2016-жыл.
Жардырууда каза тапкандар менен коштошуу зыйнаты. Анкара, 14-март, 2016-жыл.

Анкарадагы түнкү жардыруулардан кийин бүгүн Түркиянын аскерий учактары Ирактын түндүгүндөгү күрт согушкерлеринин турумдарына кайрадан сокку урду. Ал эми Түркиянын өзүндө күрттөр жашаган бир шаарчада коменданттык саат киргизилди. Анкарадагы бийликтер кеминде 37 адамдын өмүрүн алып, 120дан ашуун кишини жаракат кылган терактты ишке ашыргандар бүгүн-эртең расмий айтылат деп билдирүүдө.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкарадагы жардырууларга жооп катары “терроризмди чөгөлөтүүгө” убада кылды. Түрк лидеринин пикиринде, террордук уюмдар күч түзүмдөрү менен күрөштө жеңилүүгө учурагандан кийин эми түздөн түз жарандарды бутага алууга өтүштү.

Эрдогандын айтымында, ондогон адамдын өмүрүн алган соңку жардыруу Түркиянын күч түзүмдөрүнүн террорчулар менен күрөшүүдөгү чечкиндүүлүгүн гана күчөтөт. Бирок бүгүн Анкаранын моргуна жардырууда набыт болгон жакындарынын сөөгүн алып кетүүгө келгендердин кеминде бирөө Түркияда теракттардын көбөйгөнү үчүн Эрдоганды айыптады:

- Биз нес болуп турабыз. Сезимдерибиз өлдү. Кайгыга чөгүп, кан жутуп турабыз, башка айтаар сөзүбүз жок. Режеп Тайып Эрдоган мени каматып коё алат, бирок менин жээнимди кайтарып берсин! Ал бул жакка келсинчи, мен Тайып Эрдогандын көзүнө карап туруп, ага акараат келтире алам. Мени сотко бере берсин. Ал президент болом деп жутунганынан улам көп адамдар баласын жоготуп отурат. Менин жээним 16 жашта эле, көчөгө ойногону чыккан, биз болсо анын сөөгүн алып отурабыз, - деди бүгүн Анкарада жакынын жоготкондордун бири Илияс Жакар.

Күрт согушкерлерине чабуул

Анкарадагы жарылуунун артынан Түркиянын согуштук учактары Күрт жумушчу партиясы - ПККнын Түндүк Ирактагы турумдарына кайрадан сокку урууга өттү. Армиянын билдирүүсүнө караганда, бутага ПКК согушкерлеринин Түндүк Ирактын Гара аймагындагы жана Кандил тоолорунда башпаанектеген жана курал каткан жайлары алынууда.

Ал эми Түркиянын өз аймагынан болсо күрт согушкерлерине каршы операция жүргүзүү үчүн өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Сирнак шаарчасында дүйшөмбү күндөн тарта коменданттык саат киргизилди.

Жекшемби күнкү жардыруу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.

Жардыруу болгон жер. Анкара, 14-март, 2016-жыл
Жардыруу болгон жер. Анкара, 14-март, 2016-жыл

Бирок Түркиянын коопсуздук чөйрөсүндөгү булактар алдын ала берген маалыматтар боюнча жекшемби күнкү бомбаланган унаа менен жардырууну ишке ашырган эки адамдын бири - Күрт жумушчу партиясына 2013-жылы кошулган аял киши болгон. 24 жаштагы аял Түркиянын чыгышындагы Карс шаарынан. Экинчиси, эркек адамдын да Күрт жумушчу партиясына байланышы бар.

Түркиянын өкмөтү терактты уюштургандарды бүгүн-эртең эле расмий айтабыз деп убада кылууда:

- Буга чейин жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында маанилүү далилдер алынды. Бирок кол салууну жасаган уюм тергөө бүткөндөн кийин жарыяланат. Менимче тергөө 14-мартта бүтүп, жыйынтык жарыяланат,- деди Түркиянын ички иштер министри Эфкан Ала өкмөттүн шашылыш жыйынынан кийин.

Жарым расмий "Анадолу" агенттиги кабарлагандай, Сирия менен чектеш Шанлыурфа шаарчасынан полиция бүгүнкү операция учурунда Анкарадагы жардырууга катышы бар деп шектелген төрт кишини камакка алган.

"HurriyetDailynews" интернет басылмасы болсо бийликтерге шилтеме жасап, Анкарадагы жардыруунун артынан кеминде 20 киши кармалганын маалымдады.

Террактардын көбөйүшү

Анкара, 14-март, 2016-жыл.
Анкара, 14-март, 2016-жыл.

Ушуну менен Түркия борборунда соңку бир ай ичинде эле экинчи теракт жасалды. Февраль айында эле жанкечти айдаган унаанын Анкарада жарылуусунан отуз кишинин, көбүнесе аскер кызматчыларынын өмүрү кыйылган эле. Ал үчүн Күрт жумушу партиясы менен байланышы бар анча белгисиз уюм - "Шумкарлар Күрдистандын эркиндиги үчүн" деген топ жоопкер болгон.

Жардыруу президент Эрдогандын Түркиянын түштүк-чыгышындагы күрттөрдү кысмактаган саясатына жооп иретинде жасалганы айтылган. Ага чейин Анкарада былтыр октябрда 100дөй адамдын өмүрүн алган жардыруу үчүн болсо түрк бийликтери “Ислам мамлекети” террордук тобун күнөөлөшкөн.

"Рейтер" агенттигинин маалыматына караганда, азыркы жардыруудан эки күн алдыда АКШнын элчилиги Анкарада өкмөттүк имараттарга кол салынышы ыктымалдуулугу тууралуу эскертүү берген.

АКШ, Британия, Орусия, Франция башка дүйнө державалары соңку терактты кескин айыпташты.

Түркиялык “Хурриет” басылмасы өз анализинде белгилегендей, Анкарадагы соңку жардырууну “терроризмдин жылаңач формасы” катары баалоого болот.

Жардыруу болгон кез. Анкара, 13-март, 2016-жыл.
Жардыруу болгон кез. Анкара, 13-март, 2016-жыл.

Чалгын кызматтары шектүү жыйырма унаа жөнүндө бир нече эскертүү жасаганына карабай, чабуул алдын алынган жок. Ал эми террордук кол салуулардын санынын көбөйүшү түрк өкмөтүн өтө оор абалга кептөөдө.

“Хурриет” басылмасы ошондо эле Анкарадагы жардыруу Күрт жумушчу партиясы – ПКК куралдуу жана ашынган солчул майда уюмдардын тогузу менен Түркияга каршы бирдиктүү майдан түзгөнүн жарыялагандан эки күндөн кийин болгонуна көңүл бурду.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG