Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:07

Түркиядагы тирешүүнүн тутамдашкан тамыры


Түркия -- Жаштардын өкмөткө каршы нааразылыгы, 19-декабрь, 2013.

Түркия -- Жаштардын өкмөткө каршы нааразылыгы, 19-декабрь, 2013.

Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган полиция, прокуратура башчыларын алмаштыруу, кызматтан төмөндөтүү, башка жактарга которуу кампаниясын улантууда. Түрк премьеринин бул өнөктүгү анын өкмөт мүчөлөрү ири коррупциялык иштерге илээшкенде башталган.

Түркиядагы тирешүү, байкоочулардын баамында, өткөн айда эмес, андан мурдараак башталган. Күз айларында Түркияда таанымал коомдук жана диний ишмер Фетхуллах Гүлендин колдоосу астында ачылган бир катар окуу жайлар жабылган. Декабрдын башында коррупция боюнча кеңири масштабдагы иликтөөнүн алкагында, өкмөттүк мекемелерде иштеген 24 киши камакка алынды. Камалгандар арасында премьер-министр Режеп Тайип Эрдоганга жакын кишилер, ички иштер жана экономика министрлеринин балдары, мамлекеттик “Халк банктын” башчысы бар эле.

Аларга "эл аралык санкцияларды бузуп, Иранга мыйзамсыз акча которгон жана ири курулуш долбоорлорундагы паракордукка байланышы бар" деген олуттуу кинелер тагылды. Эрдоган прокуратуранын иликтөөсүнүн артында чет элдик кутум турат деп ачууланып, ага жооп иретинде полициянын бир нече чиновнигин иштен алды. Эрдоган менен гүленчилердин тымызын тиреши андан ары уланып, ушул жумада эле Түркиянын өкмөт башчысы өлкөдөгү 81 провинциянын он бешинин полиция башчыларын иштен бошотту.

Фетхуллах Гүлендин ишмердигин, анын кыймылын социалдык ислам деп атасак, ал Эрдогандын саясий исламынан көз карандысыз, өз алдынча кыймылга айланган.
Андан мурунку күнү полицияда ар кандай жетекчи кызматта иштеген 350 киши иштен айдалып, же орун которууга аргасыз болду. Соңку эки апта ичинде Эрдогандын буйругу менен сот, прокуратура органдарында иштеген жүздөгөн адам жооптуу кызматынан кол жууп, башка төмөнүрөөк даражадагы ишке которулду. Ишинен айрылгандар арасында Анкара, Измир, Диярбакир шаарларынын полиция жетекчилери да бар. Түркиядагы тирештин эки башкы каарманы тууралуу кыскача маалымат:

Фетхуллах Гүлен - коомдук жана диний ишмер. Ал түзгөн "Хизмет" кыймылы - формалдуу курамы, же мүчөлөрү жок, бирок дүйнөдөгү эң таасирдүү мусулман уюмдардын бири эсептелет. Түркия, Африка, Борбор Азия, деги бүткүл дүйнөдө "Хизметтин" жүздөгөн мектептери, изилдөө борборлору, маалымат каражаттары иш алып барууда. Миллиондогон жактоочулары жана миллиарддаган каражаты бар. Имам Гүлен өзү исламдагы сабырдуулукка, башка диндер менен сүйлөшө билүүгө үндөйт. Кайрымдуулук, талыкпас эмгек жана билимди жогору коёт. Түркияда Гүлендин айткандарына жандили менен берилген миллиондогон адамдар бар, алар өлкөнүн коопсуздук, полиция органдарында, өкмөттүк кызматтарда, бардык жерлерде иштешет. "Хизметтин" каражатына ачылган мектептер секулярдуу болгону менен, мугалимдер бардык жагынан кынтыксыз үлгүлүү болушу шарт. Гүлен диний мектептерде жалпы билим берүүчү сабактарды окутууну колдойт. Ошентсе да, башынан эле бул кыймыл дүйнөдө өз диний таасирин бекемдөөнү көздөйт деп шектенгендер аз эмес. 1999-жылы Фетхуллах Гүлендин: "мамлекеттеги бийлик колуңарга тийгенче чыдап туруу зарыл. Силердин максатыңарды эч ким билип калбашы керек" деп өз колдоочуларына айтып жатканы видеодо тарап кетип, ал мамлекеттеги секулярдык системага чагым салуу ниети үчүн айыпталып, кийин кайра акталган. Ошол жылы АКШга кеткен боюнча Түркияга кайтып бара элек. 72 жаштагы Гүлен азыр да Пенсильвания штатында жашайт. Мечит салгандан көрө мектеп кургула деп кайталап келет. Times журналы Гүленди дүйнөдөгү эң таасирдүү 100 адамдын катарына кошкон.

Фетхуллах Гүлен

Фетхуллах Гүлен




Режеп Тайип Эрдоган - Адилеттүүлүк жана өнүгүү, же кыскача АК исламчыл партиясынын лидери, 11 жылдан бери Түркияда 3 жолку шайлоодо жеңип, өкмөттү башкарып келатат. Байкоочулардын баамында, ага чейин улам бир кризиске учураган түрк саясаты менен экономикасында туруктуулук орното алды. Бул жылдары түрк экономикасы үч эсе жогорулап, өндүрүш жана экспортун мурда болуп көрбөгөндөй көтөрө алды. Карапайым үй-бүлөдө чоңоюп, ислам мектебинде, кийин Стамбулдагы Мармара университетинде билим алган. Динчил көз карашы үчүн ар дайым сынга кабылып, 1998-жылы диндер аралык араздашууну козутту деп соттолгон. Он айга эркинен ажыратылып, төрт айдан кийин бошонуп чыккан. Тышкы саясатта Израилдин палестиндерге карата саясатын ачык сындап, Жакынкы Чыгышта кадырын бекемдей алды. Сириядагы оппозицияны колдоп келатат. Түркиянын өзүндө ондогон жылдар бою бийликти көзөмөлдөп келген аскер жетекчилерин алсыратып, либерал жана секулярдык катмардын колдоосун тапкан. Бирок ашынган секулярист, же динсиздердин жашыруун тобунун бетин ачып, анын шылтоосу менен ондогон, атүгүл жүздөгөн чыгармачыл адамдар, интеллигенция өкүлдөрү жана журналисттер соттолду. Соңку апталардагы окуялар Эрдогандын "үлгүлүү демократиялык ислам мамлекетинин лидери" бейнесинин боёгун өзгөртүп, авторитардык ыкмага ооп баратат деген сынга кабылды. Forbes журналы дүйнөдөгү эң бай мамлекет башчыларынын тизмесине кошуп келатат. Түрк басылмалары жазгандай, соңку жылдары Эрдоган өзү гана эмес, кеңешчилери, балдары да ири байлык топтой алды.

Режеп Тайип Эрдоган

Режеп Тайип Эрдоган



Түркиядагы азыркы саясий, же коомдук тирешүүнүн тамыры эмнеде деген суроону 21 жылдан бери Түркияда жашаган, Стамбул университетинин эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөн жердешибиз Нурлан Мусаевге узатканда, ал Эрдоган менен Гүлен экөө тең динчил адам болгондуктан, соңку окуялар көпчүлүк үчүн күтүүсүз болгонун айтты.



Түркияда азыр өкмөт менен тирешип жаткан Фетхуллах Гүлендин “Хизмет” кыймылы, маалыматка караганда, 140тай өлкөдө билим берүү жайларын, маалымат каражаттарын ачкан. Бул уюм Кыргызстанда да өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келатат. Кыргызстанда көбүнесе түрк окуу жайларда билим алган жаштардын башын кошуп, андай окуу жайларды каржылап, студенттер үчүн атайын жатаканаларды ачкан. Фетхуллах Гүлен жана анын "Хизмет" кыймылынын Кыргызстандагы ишмердиги тууралуу Бакыт Асановдун материалы.



Түркиянын өкмөт башчысы, тажрыйбалуу саясатчы, исламчыл АК партиясынын лидери Режеп Тайип Эрдоган ошентип, коомдук ишмер, көп жылдан бери АКШда жашаса да, абдан таасирдүү адам Фетхуллах Гүлен менен тымызын жана ачык тирешке чыкты. Бул күрөштүн максаты эмне? Аягы эмне менен бүтүшү мүмкүн? – деген суроолорду Лондондогу Chatam House изилдөө борборунун Түркия боюнча аналитиги Фади Хакурага узаттык:

- Менимче, Эрдоган мырза бул жерде аскер жетекчилери жана мурдагы оппоненттери, же кемалчылар менен биротоло тил табышуу аракетинде эки максатты көздөп жатат. Биринчиден, түрк премьери күн тартибиндеги башкы маселе – коррупциядан элдин көңүлүн башка жакка алаксытып, өкмөт менен аскер башчыларынын ынтымагына басым жасоодо. Экинчиден, Эрдоган мырза аскер башчылар менен тил табышып, Фетхуллах Гүлендин таасирин азайтууга, гүленчилерди жаманатты кылууга жанталашып жаткан кез. Ал армия жана түрк коомчулугунун колдоосуна таянып алып, гүленчилерди тымызын мамлекеттик төңкөрүш даярдап жаткандай көргөзүп жатат.

"Азаттык": Өкмөт башчынын калктын көзүн жазгырып, коррупциялык иштерден көңүлүн ушундай бир “жашыруун мамлекеттик төңкөрүш” тууралуу маалыматка бурдуруу аракети түрк коомчулугу тарабынан кандай кабыл алынып жатат?

Хакура: Мен билгенден бул стратегия азырынча ийгиликтүү иштеп жатат. Жалпы атмосфера, маанайды өзгөртүп, түрк коомчулугу конспирация, же бир жашыруун кутумчулук тууралуу ар түрдүү аңгемелер айтып жаткан кез. Эл азыр коррупцияны сөз кылбай эле мамлекетте бандиттер, бузукулар кыянатчыл иш даярдап жаткан экен деп ошону сөз кылууда. Түрк коомчулугу табиятынан ошондой бир жашыруун кутумдар, көшөгө артындагы көмүскө топтор тууралуу сөзгө оңой берилет. Абдан консервативдүү, эскичил коом, ошондуктан бийликке, өкмөткө сый-урмат менен мамиле кылууга көбүрөөк ыктайт. Негизинен түрк коому айылдык аң-сезимден шаардыктарча ойлонууга толугу менен өткөн эмес деп айтаар элем. Ушундан улам түрктөр реалдуу окуялардан көрө жашыруун, тымызын жасалган иштер тууралуу теорияларга оңой берилип кетет.

"Азаттык": Ошентип, Түркияда азыр эки маселенин тирешүүсү жүрүп жаткандай. Прокурорлор Түркиядагы эң чоң көйгөй коррупция деп коңгуроо какса, өкмөт тарап “жашыруун мамлекеттик төңкөрүш, кутумчулук” тууралуу теорияны күн тартибинин башына чыгаруу менен алек. Сиздин оюңузча, түрк коому азырынча экинчисине көбүрөөк ишенип, коррупция маселеси унутулуп баратабы?

Хакура: Калкты – коррупция да, тымызын кутумчулук теориясы да кызыктырбайт, эл үчүн эң башкысы – түрк экономикасындагы абал. Шайлоого барганда алар ошону гана эсепке алат. Экономика гүлдөп-өсүп турса, антикоррупциялык айыптоолор Эрдогандын аброюна, кадырына аз-маз гана көлөкө түшүрүшү мүмкүн. Эгерде экономика төмөндөп, элдин жашоосу кыйындаса, анда коррупциялык иштер премьер-министр Эрдоганды ээрден кыйшайтып салышы ажеп эмес.

"Азаттык": Баарын экономика чечет деңизчи? Экономика өйдөлөп турса, коррупциялык жаңжалга түрк коомчулугу анчейин көңүл бурбай койобу?

Өкмөткө каршы акция. Анкара, 27-февраль, 2013-жыл.

Өкмөткө каршы акция. Анкара, 27-февраль, 2013-жыл.

Хакура: Премьер-министр Эрдогандын тагдыры эки маанилүү маселеге барып такалат. Биринчиси – экономика, элдин жашоо деңгээли. Экинчиси – Түркияда азыр эл колдогон, ишенген оппозиция жок. Мындай жагдай премьер Эрдоганга бийлигин, түрк саясатындагы оор салмагын бекемдөөгө жардам берип жатат.

"Азаттык": Оппозиция жок дедиңиз, ал эми көрүнүктүү коомдук, диний ишмер Фетхуллах Гүлендин кыймылычы? Түркиядагы азыркы күрөш өкмөт менен ушул кыймыл ортосунда жүрүп жаткан жокпу?

Хакура: Бул жерде айта кетүүчү нерсе – араб өлкөлөрүндө саясий ислам жана социалдык ислам десек болоттур – ушул экөө бир уюмга, же институтка бириккен болсо, Түркияда бул экөө эки башка бөлүнүп калган. Фетхуллах Гүлендин ишмердигин, анын кыймылын социалдык ислам деп атасак, ал Эрдогандын саясий исламынан көз карандысыз, өз алдынча кыймылга айланган. Азыр ушул консервативдүү исламдын ичинде каршылашуу жүрүп жатат. Түркияда саясий ислам Гүлендин кыймылынан таптакыр башка, өзүнчө кыймыл. Ушул эки башка, өз алдынча исламдык кыймыл бир убакта аскер жетекчилерине каршы биригип, бири-бирин колдоп турган эле. Азыр андай душман жок, эми бири-бирине каршылашып жаткандай. Ошентсе да, марттагы жергиликтүү шайлоо, августтагы президенттик шайлоодо жеңип чыгууну көздөп жаткан Эрдоган үчүн Гүлендин тарапкерлеринин көз карашы абдан маанилүү. Бирок эң башкысы, мурдараак айткандай, бир кезде экономикадагы акыбал Эрдоганды бийликке алып келсе, эми да экономика аны өргө чыгарып, же тескерисинче кулатып тынышы мүмкүн.

Биз берүүбүздүн башында Түркияда көп жылдардан бери жашаган кыргызстандык адис Нурлан Мусаевди кепке тарткан элек. Ал Эрдоган-Гүлен тиреши чоң чыр-чатакка айланып кетпейт го, бирок кесепети тереңдеп кетти, биротоло жарашуу кыйын болуп калды деген оюн айтты.

Азырынча Түркиядагы тирешүү, лондондук адис айткандай, эки күчтүү исламчыл лагер, саясий ислам жана шарттуу айтканда, социалдык ислам кыймылдары ортосундагы эрегиш уланууда. Премьер Режеп Тайип Эрдоган – далайды башынан өткөргөн такшалган саясатчы катары марттагы шайлоого чейин бул жагдайды чечүүнүн жолун табышы мүмкүн. Чет элдик байкоочулар, эксперттер аны эми мурдагыдай демократиялуу лидер деп айтуу кыйын деген ойдо. Эрдоганды алардын пикири анчейин кызыктырбайт, эң башкысы – Түркиянын азырынча ырааттуу өнүгүп бараткан экономикасы төмөндөбөй, элдин ага болгон ишеничи азайбаса болду. Чатакташуу кандай кеткен күндө да, АКШда жашап жаткан Гүлендин Түркиядагы жана чет өлкөлөрдөгү жактоочулары да көз карашын өзгөртпөйт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG