Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:12

Түркия - Иран: Жакындашуудан кийинки каршылашуу


Режеп Тайып Эрдоган жана Махмуд Ахмадинежад. Анкара, 17-май, 2010-жыл.

Режеп Тайып Эрдоган жана Махмуд Ахмадинежад. Анкара, 17-май, 2010-жыл.

Түркия ракетадан коргонуу системасынын алкагында өз аймагына радар жайгаштырууга уруксат бериши чыгыштагы коңшу Ирандын кыжырдануусун жаратты.

Бул чечим Иран менен экономикадагы аласа-бересе өскөнүнө карабай, саясий мамилеси солгундай түшкөн Түркиянын жаңы саясатынын бир бөлүгү катары каралууда.

НАТОнун ракетадан коргонуу системасынын алкагында Түркияда жайгаштырылуучу радары биринчи кезекте Иранга багытталган. “Азаттык” радиосунун Стамбулдагы кабарчысы Доран Жонстун жазганына караганда, Анкаранын жогорудагы чечимине Иран кыжырдануу жана коркутуу менен реакция жасады. Өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменейи чечимди айыптаса, аскерий жетекчилер менен расмий өкүлдөр мунун кесепеттери болорун эскертти.

Франциядагы Бургундия бизнес мектебинин Иран боюнча талдоочусу Жамшид Ассадинин айтымында, Тегеран Анкаранын кадамына нааразы болгону айдан-ачык. Бул ирандык басылмалардан да көрүнүүдө. Бирок Ирандын Түркияга экономикалык жана каржылык көз карандылыгы күчөгөнүн эске алганда, анын Анкарага асылгыдай чамы-чаркы чектелүү эле:

- Иран изоляцияланган. Түркия Иранга эмес, Иран Түркияга көбүрөөк муктаж. Ирандын басма сөзү Түркияны сындоодо. Анткен менен Түркия эмне десе, ошону кабыл алмакчы. Аларда башка тандоо жок.
Анкаранын чечими Вашингтондун дипломатиялык жана аскерий жеңиши, ал эми Түркиянын Иран боюнча НАТОдогу өнөктөштөрү алдында алган милдеттемесин аткаруусу катары каралууда.


Багыттын өзгөрүшү

Бул ошондой Түркиянын бийликтеги “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” же АК партиясы соңку жылдары карманган багыттан чегингендиги. Тамыры исламчыл саясий күчкө барып такалган бул партия бийликке келгенден бери Тегеран менен алакасын “коңшулар менен такыр көйгөй жок” саясатынын алкагында тереңдетип келген эле.

Батыштагы өнөктөштөрүнүн Тегерандын өзөктүк программасы боюнча катаал турумун сынга алган түрк премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган атүгүл бир ирет Иран президенти Махмуд Ахмадинежадды Түркиянын жакшы досу катары сыпаттаган.

Бирок түркиялык мурдагы дипломат Синан Улгендин пикиринде, Иран менен камыр-жумур болуу доору бүткөндөй:

- Биз азыр, менимче, жаңы этап жөнүндө айта алабыз. Биз реалдуу баалоолордун мезгилине кирип жатабыз. Тегерандан чыгып жаткан билдирүүлөргө караганда, Түркия менен Ирандын мамилесиндеги чыңалуунун күчөө тобокелчилиги бар. Анкара менен Тегерандын мамилесине мүнөздүү тирешүү бар. Мүнөздүү дегенибиздин себеби анын тарыхтан калган мурасынан, бул өлкөлөрдүн аймактагы таасир үчүн бири-бирине каршылаштырган аракеттеринен улам.

Түркия менен Ирандын аймактык таасир үчүн атаандаштыгы байкалган өлкөлөрдүн бири - Ирак. Анкара Тегерандын Багдадга таасир көргөзүү аракетине чакырык таштоого радар боюнча чечимге чейин эле умтулуп, премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган Багдадга быйыл мартта жогорку деңгээлдеги иш сапары менен барып келген.

"Араб жазы" жана Сирия

Ал эми “Араб жазы” деп атыккан окуяларда Түркиянын өзүн демократиянын колдоочусу, атүгүл жаңы режимдер үчүн үлгү боло ала турган секулярдык өлкө катары көргөзүүсү, эң башкысы Сириядагы оппозицияны колдоосу иран-түрк алакасына чоң коркунуч туудурууда.

Сирия, 13-октябрь, 2011-жыл

Сирия, 13-октябрь, 2011-жыл

Түркиялык саясат таануучу, Истамбул университетинин окутуучусу Нурай Мерттин пикиринде, Иран эгер Сирияны жоготсо, Жакынкы Чыгыштагы маанилүү базасынан айрылат.

Анткени Сириядагы режим Иран режиминин Жакынкы Чыгыштагы башкы өнөктөшү.

Түркиянын Сирия боюнча саясатын Вашингтон менен координациялап жатышы Ирандын кыжырдануусуна кошумча болууда. Түркиялык мурдагы дипломат Синан Улген мындай дейт:

- Бул жерде жогорку деңгээлдеги телефон чалышуулар, АКШ меннен Түркия жетекчилигинин сүйлөшүүлөрү болду. Азыр эки тарап тең бир эле багытта турат жана Түркиянын Сирияга карата саясаты АКШ администрациясынын толук колдоосуна ээ болуп жаткандай.

Саясий мамиле муздаганы менен соода солгундай элек

Бирок Анкара Иран менен уланып жаткан каржылык жана соода алакалар жагынан Вашингтондун колдоосуна ээ эмес. Саясий мамиледеги солгундоого карабай, соода-сатык күчөөдө. Түркия БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары Иранга каршы санкция киргизилишине каршы чыккан.

Британиядагы “Beatamatrix” консалтинг компаниясынын Иран боюнча эксперти Мехрдад Эмади мунун себебин мындайча түшүндүрөт:

- Башкы фактор - Түркия Иран режиминин санкциялардан жан сакташына жардамдашканы жана көмөктөшкөнү. Биз Түркиянын банктары менен фирмалары, жүк ташуучу компаниялары Тегерандагы режимдин атынан Иранга зарыл товараларды жана технологияларды сатып алганы боюнча кеминде 11 учурду билебиз.

Иран менен уланып жаткан экономикалык алакасы үчүн Түркиянын дарегине батыштык өнөктөштөрүнүн, асыресе АКШнын сыны да күчөөдө.

АКШ президенти Барак Обама жана Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган жакында ушул маселеге байланыштуу айтыша кеткенин түрк тышкы иштер министри Ахмед Давутоглы өткөн дем алыш күндөрү ачыктады. Бирок түркиялык мурдагы дипломат Синан Ульгендин көз карашында, Иран сыяктуу эле Анкаранын батыштык өнөктөштөрү да алар азыр жаңы Түркия менен иш кылып жатканын түшүнүүсү керек.

Түркиянын Иранга карата мамилеси алдыда дагы бир жолу сынакка түшчүдөй. Анткени АКШ жакында Ирандын Сауд Аравиянын Вашингтондогу элчисин өлтүрүүнү максат кылган кутумунун бети ачылганын шардана кылуу менен санкциялар дагы күчөтүлүшүн көздөөдө. Анкара бул маселени азырынча комментарийлей элек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG