Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Түркиядагы кыргыздар Вандан көчө баштады


Вандык кыргыздар көчүп барчу Йозгат аймагы. (Сүрөт Энифаклы районунун администрациясына таандык)
Вандык кыргыздар көчүп барчу Йозгат аймагы. (Сүрөт Энифаклы районунун администрациясына таандык)

Түркиянын Улупамир айылында төрт миңден ашуун этникалык кыргыздар жашайт. Иран менен чектеш бул аймактагы журтташтар соңку кезде өлкөнүн башка аймагына көчө баштады.

Түркиядагы соңку окуялар жана жумушсуздук көйгөйү вандык кыргыздардын көкөйүнө тийип бүткөн. Вандык кыргыздар менен аймактагы күрттөр ортосунда да түшүнбөстүктөр болуп турат. Улупамир айыл башчысы Ейүпхан Кошар бул тууралуу мындай деди:

- 15-июлдагы окуяга чейин биздин аймак күрт партиясынын башкаруусунда эле. Азыр башкаруу өкмөткө өткөндүктөн абал өзгөрдү. Мурда күрттөр кыргыздарды саясатка, деги эле жогорку мекемелерге жолотчу эмес. Эми айылда үйү да, жумушу да жок кыйналган тургундарыбызга ыңгайлуу шарттар менен үй алып көчүп кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Стамбулдагы кыргыздар эне тилди сагынат

Стамбулдагы кыргыздар эне тилди сагынат

Түркияда жашаган кыргызстандыктар балдарынын өз эне тилин билбей чоңойуп жатканына кабатыр. Бул кемтикти толтуруу үчүн Стамбулдагы кыргызстандыктар атайын кыргыз тил курсун ачып, тил үйрөтүү аракетин көрүп жатышат.

2015-жылы түрк өкмөтү атайын сунуштун негизинде вандык кыргыздарга үй куруп берүүгө чечим чыгарган. Буга ылайык Түркиянын Йозгат облусунда курулуш иштери жүрүп жатат. Турак-жай алуу үчүн сексен үй-бүлө тизмеге жазылган. Үйлөр 2017-жылдын май айында бүтөрү пландалууда. Облустун Энифакылы айыл өкмөтүнүн өкүлү Рашид Козамук үй курулушу бул боюнча мындай маалымат берди:

- Азыр үйдүн чатыры жабылгандыктан иштер бир аз жайлап калды. Келерки жылдын май айында тапшырабыз деген элек, бирок тез иштеп жатышат. Эртерээк эле берип калышыбыз мүмкүн. Бардык шарттар менен курулуп жаткан батирлер 20 блоктон турат. Ар бир блокто төрттөн батир болот. Суусу, жарыгы, газы киргизилип, үй ээлерине даяр үйдүн ачкычы тапшырылат.

Вандагы журтташтар башка облуска көчүп баруу жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат деп ишенишет. 34 жаштагы Февзи Галиптин жүрөгүн да ушундай үмүт уялаган:

Көңүл Акбар кызы: Жоогазындай журтум бар

Көңүл Акбар кызы: Жоогазындай журтум бар

Рахманкул хан элин качырып, ушул түрк жерине алып келди. Бүгүн анын урпактары али өз ордун таба элек, сага окшоп түрк цивилизациясынын артыкчылыктарына колу жеткендери саналуу гана.

- Түркияга 300 үй-бүлө кыргыз көчүп келген экенбиз. Жылдан жылга саныбыз көбөйүп, айылга батпай баратабыз. Анын үстүнө терроризм маселеси Улупамир айылын 20 жылдан бери тажатып, кооптондуруп келет. Жаңы үйлөр курулуп жаткан Йозгат аймагы Түркиянын ортосунда жайгашкандыктан жумуш таап, иштеп кетебиз деп үмүттөнөбүз. Ал жакта Ванга караганда жумуш табууга шарт бар экен.

Йозгуттан үй алуу үчүн 25 жылдан бери үй-бүлөсү менен Стамбулда эмгектенген замандашыбыз Албай Түрк да кезекке турган. Ал алдын ала айылдаштары менен үйдүн курулушун көрүп, эли менен таанышып келгенин айтты:

- Эми Вандагы күрттөр да Түркиянын жарандары. Бирок алар менен анча келише албайбыз. Биздин көчүп бара турган жерибизде түрктөр көп жашайт экен. Балдарыбыздын келечегин ойлоп жер которууга мажбур болуп жатабыз да. Курулуш буюрса бүтүп жатат. Кошуналар менен таанышып, эки-үч күн жатып келдик.

Түркия өкмөтү менен түзүлгөн келишимге ылайык, вандык кыргыздар үйдүн акысынан бир канча жылда ай сайын төлөп кутулат. Төмөндөтүлгөн шарттар менен алынган үйлөр эки кабаттан туруп, ар бир кабатта төрттөн батир болот. Батир аянты орточо 90 чарчы метр болуп, бардык шарттар түзүлөт. Үйлөр менен катар мектеп жана мечит ишке кирет. Ал эми Йозгат аймагында калк негизинен айыл чарбасы жана мал менен жан багат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG