Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Аркадагдын бийлигин узарткан шайлоо


Гурбангулы Бердымухаммедов
Гурбангулы Бердымухаммедов

12-февралда Түркмөнстанда өткөн президенттик шайлоого эл өтө активдүү катышканы, 2,7% гана шайлоочу келбей калганы белгиленди. Ушул мүнөттөрдө жеңүүчүнүн аты атала элек. Бирок, тогуз талапкердин ичинен эбегейсиз айырма менен Гурбангулы Бердымухамедов утуп чыгарын айтышууда.

Түркмөнстандын учурдагы президенти Гурбангулы Бердымухаммедов үгүт иштерин активдүү жүргүздү. Бирде завод жумушчуларына ыр созсо, бирде алыскы айылдардагы малчыларга телевизор тартуулап, алар өз кезегинде жапырт "сизди гана шайлайбыз" деп убада берип турушканын мамлекеттик телеканалдар көрсөттү. Лебап облусунун курулушчулары менен жолугушууда аларга курортко билет таап берүүнү чиновниктерге буюрду. Шайлоочуларга белек берүү түркмөн мыйзамдарында тыюу салынган. Бул үчүн адегенде эскертүү берилип, жорук экинчи кайталанса талапкер жарыштан четтетилиши керек эле. Түркмөн Боршайкому үн каткан жок.

Түркмөнстанда президенттик шайлоо өтүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:24 0:00

Президент жана президенттикке талапкер Бердымухамедов шайлоо мыйзамына көңүл бурган жок:

- Ал эми закон жана эрежелер боюнча айтсак. Биз маанилүү эл аралык эксперттерди чакырып, алар менен мыйзамдарды талкууладык,- деди добуш берип жатып. Ал шайланып калса, негизги саясаты эл жашоосун жакшыртууга багытталарын айтты.

Бюллетенге тогуз талапкердин аты жазылган. Бердымухамедовдон башкасы майда, облус акиминин орун басарлары, банк, завод жетекчилери сыяктуу талапкерлер. Борбордон эмес, дээрлик ар башка Ахал, Мары, Лебап жана Дашогуз облустарынан көрсөтүлүшкөн. Республикалык деңгээлде таанымал эмес.

Бердымухаммедов шайлоодо үй-бүлөсү менен келип добуш берди:
Бердымухаммедов шайлоодо добуш берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:27 0:00

Түркмөнстан Борбордук шайлоо комиссиясы добушканалар жабылган убак, кечки 7ге карай шайлоочулардын 97,27%ы келишкенин санады. Баш калаа Ашхабаддагы активдүүлүк да мындан кем болбогону расмий көрсөтүлдү. А бирок, “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы Солтан Ачилова өзү көргөн аймактардагы абалды башкача дейт:

- Шайлоо учурунда элдин активдүүлүгүн байкаган жокмун. Аз эле болду. Добушканага келгендердин көбү карылар же орто курактагылар экен. №32 тилкеде бир сааттай болуп, андан соң Ашхабаддагы 50-мектепте ачылган тилкеге бардым. Анан 45-шайлоо тилкесинде да болдум. Бул жактардан да көп элди көрбөдүм.

​“Азаттыктын” түркмөн кызматы бюллетендер 11-февраль күнү толтурула баштаганын жазды. Тагыраагы, Ашхабаддагы №15 мектептин 5-7-класстарынын окуучуларына ал бюллетендерди толтуртушуп, келбеген шайлоочулардын ордуна урнага ташташарын жазат. Бул тууралуу атын атагысы келбеген булак билдирди дегени мене, азырынча далил маалыматтар жана расмий органдардын жообу жок.

А дегеле буга чейин эле эл аралык байкоочулар, укук коргоо уюмдары же көз карандысыз жергиликтүү байкоочулар, журналисттер Түркмөнстанда эч качан акыйкат, бирдей мүмкүнчүлүк түзүлгөн шартта, таза шайлоо болбогонун белгилеп келишет. Бул жолкусу деле алдын ала чечилип калганын жашырышпайт. Ал эми калган сегиз талапкерди “кожо көрсүн”, же демократияга окшоштуруу үчүн чыгарылгандар деп сындашкан.

Маселен, эл аралык “Хюман Райтс Уотч” укук коргоо уюму Түркмөнстандагы президенттик шайлоонун алдында сөз эркиндиги жана маалыматка жетүү мүмкүндүгү жок өлкөдө жарандардын мамлекет башчысын эркин тандоосу мүмкүн эмес экенин билдирген:

- Түркмөнстанда эч качан ачык жана адилеттүү шайлоо өткөн эмес. Алдыдагы шайлоо да ошондой эле болот. Биз Түркмөнстандагы адам укуктары жаатындагы абалга кылдат байкоо салып, ошонун негизинде ушундай жыйынтыкка келдик. Адам укуктары одоно бузулуп жаткан жерде сөз эркиндиги, тынч жыйындарга чогулуу эркиндиги да жок. Ошондуктан,биз анда эркин, ачык шайлоолор өтүшү мүмкүн эмес деп эсептейбиз, - деп айтылган уюмдун билдирүүсүндө.

Түркмөнстандагы шайлоо.
Түркмөнстандагы шайлоо.

Түркмөнстан дээрлик бардык бийлик адамдарын президент дайындаган, президенттик башкаруудагы өлкө. Ал тургай парламенти да Бердымухамедовдун таасиринде экени белгиленет.

​Өткөн жылы түркмөн парламенти Конституцияга өзгөртүү киргизип, президенттик бийликти беш жылдан жети жылга узарткан. Президенттикке 70тан ашкан адам талапкер боло албайт деген чекти жойгон. Муну талдоочулар 59 жаштагы Бердымухамедов өмүр боюу бийликте калуунун аргасында жасаганын айтышкан.

Эми башкы суроо ким жеңет эмес, аркадаг канча пайыз менен жеңет дегенде болууда. Бердымухамедов 2006-жылы 89, 2012-жылы 97 пайыз добуш алган деп табылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG