Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:12

Улуу Британия Ооганстандан чыгууда кургак жана темир жолдорун пайдаланганы үчүн Өзбекстанга аскерий жабдуу бергени жатат. Өткөн аптада белгилүү болгон бул жаңылык Борбор Азия өлкөлөрү ичинен Өзбекстан НАТО өлкөсү менен бул жаатта аймактагы коңшуларынан озунуп макулдашууга жеткенин каңкуулады. Британ тарап Ташкенге кандай курал-жарак жана аскерий техника таштоосу мүмкүн?

Улуу Британия Өзбекстан менен келерки жылдын соңуна чейин жүк ташууда алардын авто жана темир жол магистралдарын колдонууга мүмкүндүк берген макулдашууга жетишкенин британ коргоо министри Филип Хэммонд өткөн аптада Ооганстанда болгон учурунда билдирген.

Британ министри өзбек тарап кандай техника жана жабдуу алууну каалагандыгын ачыктаган жок.

Бирок адам укуктарын бузуу кеңири жайылганына, Өзбекстан “Transparency International” уюмунун баасында эң коррупцияланышкан беш өлкөнүн бири деп саналганына карабай Британия келишимден баш тартуусу күмөндүү экендигин ишара кылды.

Филип Хэммонд белгилегендей, эки тарап макулдашкан долбоор азыр ратификация жараянынан өтүп жатат. Британ коргоо министри келишимди комментарийлеп, “жалпысынан биз ички репрессиялар үчүн колдонулуучу техниканы сатпоо принцибин карманабыз. Анткен менен Өзбекстан 2014-жылдан кийин Ооганстан менен узун чек арасында бир катар көйгөйлөргө кириптер болот. Бул исламчыларга каршылык көрсөтүү гана эмес, кылмыштуулук жана наркотиктер менен да күрөшүү”, - деп айткан.

Ооганстанда АКШдан кийинки эле ири контингент Британияга таандык. Бул эки өлкө кайра артка жүк ташууда Борбор Азиянын аймагын пайдаланса, акысын Ооганстандан чыгарылып жаткан техника жана курал-жарак менен да төлөй алары акыркы бир жылдан бери айтылып келген жана маселе расмий сүйлөшүүлөрдө козголгон.

Соңку жаңылык Борбор Азия мамлекеттери арасынан Өзбекстан НАТО өлкөсү менен бул жаатта аймактагы коңшуларынан озунуп макулдашууга жеткенин каңкуулады. Талдоочулар Өзбекстандын былтыр Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан чыгуусунун бир себебин да Ташкенттин ушул, атүгүл Батыштын аскерий базасына кайрадан жай берүү планына байланыштырышкан.

Укуктук жактан буга тоскоолдук жок. Ташкент ЖККУ уюмуна байланбайт. Ал Анжиян окуяларынан кийин киргизилген курал эмбаргосун Евробиримдик 2009-жылы, АКШ былтыр жойгон.

Эми британ тарап Ташкенге кандай аскерий техника жана курал-жарак таштоосу мүмкүн?

Орусиялык аскерий эксперт Павел Фельгенгауэр “Азаттык” менен маегинде:

-Сөз аскерий техника жөнүндө эле эмес, көп сандагы көмөкчү техника, жабдуулар жөнүндө да жүрүп жатат. Брондуу техникадан калышы мүмкүн, анын көлөмү чоң, анын үстүнө Ооганстанда пайдаланылды, кайра алып кетүүгө оор да. Артиллерия, ок атуучу куралдан, ок-дары, камсыздоо предметтеринен калышы мүмкүн. Ал эми жашыруун жабдууларды, учкучсуз башкаруудагы учактарды, НАТОнун стандарттары боюнча жасалган байланыш каражаттарын, албетте калтырышпайт.

Лондондо чыгуучу “Таймс” гезитинин жазганына караганда, келишим боюнча Британия Өзбекстанга өзүнүн брондуу техникасын сата алат. Бул Ташкентке Ооганстан менен чек арасын бекемдөөгө жардам бермекчи.

Таймс” белгилегендей, азыр британ армиясы Ооганстандан ар эки күндө 80 тоннадан ашуун жүк чыгарууда. Акыркы он бир жыл ичинде болсо Ооганстанда 6,5 миң контейнер аскерий жүк жыйналган. Мындан сырткары 2600дөй аскерий унаа чыгарылуусу керек.

Британ коргоо министри Филип Хэммонддун сөздөрүнө караганда, Өзбекстанга конкреттүү эмне сатылары боюнча чечим баа жана сапат катышы эсептелген соң гана кабыл алынат.

Ал эми өлкөгө кайтаруу экономикалык жактан пайдасыз болгон техника өнөктөштөргө сунуш кылынмакчы.

Борбор Азия боюнча германиялык эксперт Майкл Лабуштун айтымында, адатта аскерий өңүтү бар келишимдердин чоо-жайы ачыкталбагандыктан, Өзбекстан Британиядан жол акысы үчүн эмне алып каларын так айтуу кыйын:

- Мен алар бул келишимдин чоо-жайын коомчулукка ачык айтышат деп ойлобойм. Келишим тилекке каршы жабык эле бойдон калат. Биз билгенден жол акысы үчүн аскерий жабдуу берүүнү Өзбекстан АКШдан да суранган. Биз алар кандай аскерий жабдууларды сүйлөшүп жатканын так билбейбиз. Балким чыгым жагынан АКШ же Европага кайтаруу абдан эле кымбат тургандардан болушу мүмкүн.

Буга дейре жарыяланган стратегияга ылайык, АКШ баштаган НАТО күчтөрү Ооганстандан 2014-жылдын аягына чейин толук чыгарылат.

Британия болсо өзүнүн 9000 аскеринин басымдуу бөлүгүн быйыл жыл соңуна чейин алып кетүүнү көздөөдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG