Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:06

Орусия обочолонуу саясатына өттүбү?


Батыштын санкциялары орус экономикасына зыян келтирерин Кремл өзү да моюнга алууда. Орусия рубли. 2013-жыл.

Батыштын санкциялары орус экономикасына зыян келтирерин Кремл өзү да моюнга алууда. Орусия рубли. 2013-жыл.

Орусия дээрлик чейрек кылым глобалдык айылда жашагандан кийин Кремл “жетишет”, “тойдук” деп өктөм айтты.

Орусиянын бул кадамга баруусуна Украина кризисиндеги Москванын ролуна байланыштуу АКШ жана Европа Биримдигинин санкция киргизгени түрткү болду.

Орусиянын глобалдык айылдан чыгуусу бир нече багытта жүрмөкчү. Өлкө веб-серверлердин дүйнөлүк желесинен, GPS глобалдык навигациялык системасынан, VISA жана Master Card эл аралык төлөө системасынан, ырчы-өнөрпоздордун Eurovision сынагынан чыгып, АКШ менен космостук кызматташууну токтотмокчу. Экономикалык рейтинг боюнча өз агенттигин түзүп, андай эл аралык мекемелердин кызматын пайдалануудан баш тартат.

Серепчилердин айтымында, кайсы бир тармактарда автономиялуу жашоо мүмкүн болгону менен толук альтернативдүү системаларды түзүү жылдык экономикалык өсүүсү 0,5 процентке чыкпайт деп боолгонуп жаткан Орусия үчүн жеңил болбойт.

Москвада иштеген экономист-консультант Крис Уифер Кремлдин жогорудагыдай билдирүүлөрүн АКШ менен Евробиримдик соңку айларда киргизген санкцияларга карата терең ойлонулбаган реакция деп мүнөздөйт:

- Ушу тапта Кремлдин Орусияны калган дүйнөдөн бөлүү же изоляциялоо ниетине ишенбейм. Менин оюмча, биз уккан жооптор жана сунуштар болгон окуяларга шыр жасалган реакция болду. Орусия финансылык трансакция, технология, азык-түлүк жана айыл чарбасы сыяктуу кээ бир тармактарга көңүл бурганда олуттуу натыйжа болот. Бул тармактар эбактан бери өнүгүүгө муктаж.


Украина кризисин дипломаттык жол менен жөндөө аракетинен натыйжа чыкпагандан улам Вашингтон жана Брюссел Путиндин жакын чөйрөсүндөгү мартабалуу чиновниктерге, орусиячыл жикчилдерге жана орусиялык компанияларга удаа-удаа санкция киргизген. Бул чаралар Батыштын жогорку технологиясын колдонгон Орусиянын космостук өнөр жайына жана башка тармактарына зыян келтирерин Кремл өзү да ырастады.

Siemens, Morgan Stanley, PepsiCo сыяктуу компаниялардын Санкт-Петербургда 22-24-майда болчу Экономикалык форумга келбей коюусу Кремл үмүт кылган 4 млрд. долларлык тышкы инвестициядан кол жуудуруп коюшу ыктымал.

Путиндин командасынын экономика жана технология жаатында Батышка көз карандысыз болуу дымагы жөнөкөй элдин жашоо сапатына жана керектөөсүнө да таасир этет. Анан да банктык тейлөөнү эл аралык деңгээлге чыгаруу оңой-олтоң иш эмес экенин айтат Мамлекеттик Думанын банктар боюнча кичикомитетинин мурдагы башчысы Павел Медведев:

- Биз башка элдин компьютерин жана программалык колдонмолорун алабыз. Биз адаттагыдай эле бөтөн элдердин эксперттери менен кеңешебиз. Бул өзүбүздүн бизнес болот. Бул сонун да. Бул Visa менен атаандашып, анын тейлөөсүн арзан кылат. Сөз ушу жөнүндө жүрүп жатса, мен аны колдойм жана алыма жараша андай долбоордун ишке ашуусун колдойм. Эгер биз Visaны жана бүтүн дүйнөнү басып өтөбүз десек, көп узабай шаабайыбыз сууйт.

Медведевдин айтымында, азыр VISA жана Master Card тейлөөсүн Орусияда ишкерлердин 90 проценти пайдаланат.

Серепчилердин баамында, Орусия Батыш менен теңтайлашуу үчүн постсоветтик өлкөлөрдү бириктирген Евразия бажы союзун түзүүнү жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмун кеңейтүүнү мерчемдөөдө. Бул сыяктуу блоктор же уюмдар түзүлгөнү менен, Крис Уифердин пикиринче, орусиялыктардын жашоо жолоюн мурдагы нукка салуу мүмкүн болбой калды:

- Менин оюмча, жин шишеден чыкмак түгүл, качан эле кеткен. Орусиялык керектөөчүлөрдүн азыркы адаттарын жана жашоо жолоюн мурдагы нукка салуу мүмкүн эмес. 1998-жылкы кризистен жана президент Путин келгенден бери көп өзгөрүүлөр болду. Сиз бул такыр башка өлкө деп айта аласыз.

Ошентсе да, эксперт Украинада 25-майда болчу президенттик шайлоодон кийин жана Батыштын санкцияларынын натыйжасында Кремл жогорудагы риторикасын акырындап жадынан чыгарышы этимал деп боолгойт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG