Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:05

"Жаңы мэр Кличкого ийгилик!"


Киевдин жаңы мэри Виталий Кличко.
Киевдин жаңы мэри Виталий Кличко.

Киевдин жаңы мэри, дүйнө чемпиону Виталий Кличконун алдындагы эң биринчи максаты - шаарды кайра калыбына келтирүү.

Азыр дагы борбор калаанын чок ортосундагы Төбөлсүздүк аянтынан майданчылар толук кете элек. Кличко алгач шаардын борборун тазалап, андан соң коррупция менен күрөшөрүн белгилеп келет.

25-майда өткөн шайлоодо жеңип чыккан бокс боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону, учурдагы украин саясатынын бирден бир белдүү фигурасы Виталий Кличко Киевдин борборундагы советтик имараттагы иш кеңсесине барды. Киев мэриясын Украинада элдик толкундоолор башталганда эле майданчылар ээлеп алган. “Революция штабы” аталган имаратта Майдандын активисттери түнөп, күнү-түнү аянттагылар менен иш жүргүзгөндөр тамактанып, атургай атышууларда алгачкы медициналык жардам алган жер болуп калган.

22-февралда мурдагы президент Янукович бийликтен кулап, өз өлкөсүн таштай качкандан кийин дагы ушул күнгө чейин Киевдин Майданында “революциялык турмушту” улап, баррикадалардын ичинде отургандар бир топ.

Үч миллион калктуу Киевдин Төбөлсүздүк аянтын таштандылардан арылтуу, баррикадалардан тазалоо жаңы мэр Кличко кызматка келгенден кийинки эң биринчи маселе экенин маалымат каражаттарына билдирген.

Украин парламентинин депутаты, шаар башчылыкка ат салышкандардын дагы бири Леся Оробец жеңишке жеткен атаандашына “боору ооруп турганын” билдирет, “Анын алдында чоң жоопкерчилик турат. Эч кимди таарынтып албаш үчүн эми ал өтө кылдат болуусу керек. Ошол эле маалда шаарды оңдоп, шаардыктар үчүн бардык шарттарды түзүп берүү милдети турат. Бул оңой маселе эмес. Майданды чындап кайтарган адамдар эбак эле үйлөрүнө тарашкан. Бирок ал жерде азыр дагы отургандарды таратуу кыйын болсо керек. Кличкого ийгилик!”, - деди.

Оробец шайлоодо 8,5% добуш жыйнап, экинчи орунга чыккан.

“Чече турган көп көйгөйлөр бар. Көп механизмдер түп-тамыры менен жоюлушу керек. Маселен, шаарда эс алуучу жайлар жоюлуп, же жеке бирөөлөргө өтүп, мыйзамсыз курулуштар көбөйүп кеткен. Ошонун баарын калыбына келтирүү керек", - деди УДАР партиясынын өкүлү Ростислав Павленко.

Кличконун шайлоо платформасындагы эң башкы милдеттер шаар бийлигин тазалоо жана борбордогу коррупцияны жоготуу. Ал мурдагы шаар бийлиги кабыл алган бюджет боюнча чечимдерди текшерип, туура эмес колдонулган каражаттын бардыгын ачыкка чыгарууну убада берген.

Ошондой эле мыйзамсыз берилген жерлерди кайра шаардын менчигине алып, коммуналдык ишканаларды тартипке салууну көздөрүн дагы билдирген.
Кличко Киевди тазалайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:17 0:00

"Эң башкы максат - инвестициялык климат түзүп, украиналык жана чет элдик инвесторлорду шаарга тартуу керек. Чечиле элек көп суроолор бар. Украина мурда эле Чыгыш Европанын бермети болмок. Бирок биз өз потенциалыбызды узак убакыттан бери коррупция үчүн колдоно алган жокпуз”, - деди Ростислав Павленко.

Мурдагы бокс боюнча дүйнө чемпиону саясатчы катары салмагын Евромайдандагы активдүү жана чечкиндүү аракеттери аркылуу топтогонун байкоочулар белгилешет.

Шайлоодо Кличконун УДАР партиясы дагы Киевдин шаардык кеңешинде көп мандатка ээ болду.

Киевдиктер акыркы жолу мэрди 2012-жылдын июль айында шайлашкан, андан кийин Януковичтин мыйзамга киргизген өзгөртүүсү боюнча Киев шаарынын башчысын президент бекиткен.

Соңку ирет шайланган мэр Леонид Черновецкий бийлик менен пикири келишпей, 2012-жылы кызматтан кетүүгө мажбур болгон.

УДАР партиясынын дагы бир өкүлү Геннадий Павленко эми шаар башчынын ыйгарым укуктары толук калыбына келерине ишенет.

“Мен өтө пессимисттик көз караштамын. Себеби, Киевдин мэри шаарды билген, шаарды көтөрүп кете алган амбициясы бийик саясатчы болуусу керек. Кличкого бул сапаттар жетишпейт, менимче ал өз милдеттерин башка бирөөгө ишенип тапшыруусу абзел, мен бул киши кантип иштерин көрө албай турам”, – деди киевдик эксперт Виталий Бала.

Кличко өз талапкерлигин шаар мэрлигине мындан мурда дагы эки жолу коюп, бирок утулуп калган. Бул ирет 56% добуш менен менен 19 талапкердин ичинен биринчи айлампада жеңип чыкты. Кыргызстандын Чүй облусундагы Ак-Суу айылында туулуп, чоң спортто дүйнө чемпиондугун бир нече жолу уткан Виталий Кличконун чоң саясатка киргенине тогуз жыл болду.

Февраль айында Янукович бийликтен кулагандан кийин Кличко президенттикке ат салышарын айткан. Кийинчерээк болсо өз талапкерлигин Жогорку Рададагы санаалашы, Украинанын жаңы президенти Петро Порошенконун пайдасына алып койгон.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG