Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:19

Словянскиде Пасха күнү кан төгүлдү


Cловянск шаарындагы баррикада. 19-апрель 2014
Cловянск шаарындагы баррикада. 19-апрель 2014

Украинанын Словянск шаарынын четиндеги орусиячылар орноткон бекетке 20-апрелде чабуул жасалды. Украин тараптын айтымында, атышууда бир адам өлүп, үч адам жарадар болгон. “Орусия-24” өкмөттүк телеканалы чабуулда бекетте күзөттө турган үч адам жана кол салган тараптан экөө окко учканын билдирди.

Словянскинин сыртындагы тозотто турган беткапчан активист Рейтер агенттигине таңкы 2 чендеги чабуулду мындай сүрөттөдү: “Адамдар “Жип” (Jeeps) машинелеринен ыргып чыгып, бизге ок жаадыра баштады. Анан барсылдак гранаталарды ыргытышты. Биздин адамдар ар кайсы жакты көздөй кача баштаганда кимдир бирөө “Жаткыла!” деп кыйкырды. Кыштакка качмак болгон биринчи адамды снайпер атып өлтүрдү. Анан экинчи адам өлдү. Сойлоп бараткан экинчи адам турбай калды.”

Словянск облус борбору Донецктен 100 чакырымдай түндүктөгү шаар. Жикчилер Словянскидеги негизги өкмөттүк имараттарды 6-апрелде басып алышкан. Алар коңшулаш Крематорск шаарында жайгашкан Украинанын куралдуу күчтөрүнүн бир нече аскердик машинесин туткундап алган.

“Эгер бүгүнгө чейин кагылыштарда жоготуулар минималдуу болсо, мындан ары биз эч кимди аябайбыз,”-дейт өзүн Словянскинин мэри жарыялаган Вячеслав Пономарев.

Чабуулду Орусиянын Тышкы иштер министрлиги “чектен чыккан зөөкүрлүк” деп сыпаттады. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Александр Лукашевич 20-апрелдеги билдирүүсүндө буларды айтты:

- Орусия тарапты согушчандардын бузукулугу ачуулантты. Бул Киевдин улутчулдарды жана экстермисттерди ооздуктоону жана куралсыздандырууну каалабаганын күбөлөйт. Бул трагедиянын 17-апрелде Женевада Орусия, АКШ, Европа Биримдиги жана Украинанын өкүлдөрү ар кандай зомбулукка, кийлигишүүгө жана бузукулукка барбаганга түз чакырган билдирүүгө кол коюшкандан кийин болгону таң калтырат. Украина өлкөнүн түштүк чыгышындагы жагдайды деэскалациялоо боюнча милдеттенмесин так аткаруусун Орусия талап кылат.

Женевада Орусия, АКШ, Европа Биримдиги жана Украинанын тышкы иштер министрлери ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык, Украинадагы абалды деэскалациялоо үчүн бардык мыйзамсыз куралдуу топтор куралсыздандырылыш керек. Ошондой эле өкмөттүк имараттарды ээлеп алгандар имараттарды калтырып кеткенге чакырылган. Азырынча макулдашууда каралган чаралардын аткарылганы жөнүндө эч кандай кабар жок.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Словянскинин четиндеги чабуул үчүн украин улутчулдарынын “Оңчул секторунун” мүчөлөрүн да күнөөлөдү.

“Оңчул сектордун” өкүлү Артем Сикорский кыймылдын кол салууга эч кандай тиешеси жок экенин билдирип, аны Орусиянын атайын күчтөрүнүн “Ыйык Пасха түнүндө жасаган карасантайлыгы” деп атады.

Украинанын ички иштер министринин милдетин аткаруучу Арсен Аваков Фэйсбуктагы баракчасында Улуттук гвардиянынын аскерлерин жана атайын күчтөрдүн бөлүктөрүн текшерүүгө барарын жазды. Ал бирок коопсуздук күчтөрү Чыгыш Украинада өткөрүп жаткан операцияга барабы же бул сапар Словянскидеги чабуулга байланыштуубу, анысын айткан жок. Айтылган операция Пасха учурунда убактынча токтотулган.

Украинанын ички иштер министрлиги 20-апрелде “Бүркүт” атайын бөлүгүнүн мурдакы жоокерлерин ыктыярдуу коргонуу отряддарына кошулуп, өлкөнү тышкы жоодон коргоого чакырганын “Азаттык” радиосунун Украин кызматы кабарлады. “Бүркүтчүлөр” февралда Киевдеги майданчылар менен тез-тез кагылышып тургандыктан, Янукович президенттиктен кулатылгандан кийин жаңы өкмөт тарабынан таркатылган болчу.

Украин жана Орус ортодокс дининдегилердин башчылары Пасха майрамын пайдаланып, саясый билдирүүлөрдү жасашты. Украин православ чиркөөсүнүн башчысы Филарет кутпа сөзүндө Орусияны “өз ыктыяры менен атомдук куралдарынан баш тарткан жоош-момун Украинага” каршы “баскынчылык кылды” деп сындады. Ал эми Орус православ чиркөөсүнүн партиархы Кирилл майрамдык зыяпаттагы сөзүндө “Ыйык Орусияны бүлүнтүүнү каалагандарды” Кудай жазалайт, Украина Орусиядан “саясый жактан” бөлүнгөнү менен “руху жана тарыхы жагынан Орусия менен бир” деди.

Рим католик чиркөөсүнүн адыйы Франциск да 20-апрелдеги кайрылуусунда эл аралык коомчулуктун көмөгү менен Украинада, Иракта, Түштүк Суданда, Жакынкы Чыгышта тынчтык орношун Кудайдан тиледи.

Украинанын премьер-министринин милдетин аткаруучу Арсений Яценюк үй-бүлөсү менен 20-апрелде Киевдеги Ыйык Николай чиркөөсүндө Пасхага байланыштуу өткөрүлгөн ибадатка катышты. Андан соң:
“Украина биринчи жолу улуу Пасха маалында кысымга алып кыйратуу планына кабылууда. Бирок биз бирдиктүү болсок, караңгыны жарык жеңип, Украина кайра жаралат деп бул Ыйык күндө ар бириңиздерди ишендиргим келет,” - деди Яценюк кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып.


Словянскидеги кол салуу, 20-апрель
Словянскидеги кол салуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:46 0:00

XS
SM
MD
LG