Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:37

Янукович: Крым - Украинанын трагедиясы


Янукович Би-Би-Сиге интервью берүүдө
Янукович Би-Би-Сиге интервью берүүдө

Украинанын мурдагы президенти Виктор Янукович Би-Би-Сиге маегинде өзүн бийликтен кулатууга алып келген 2014-жылдын февралындагы окуяларда ажал тапкандар үчүн кайсы бир деңгээлде жоопкерчилик аларын билдирди. Бул Януковичтин бийликтен кеткенден бери Батыш маалымат каражаттарындагы биринчи интервьюсу болду.

Виктор Янукович Киевдеги былтыркы кан төгүүлөргө байланыштуу суроолорго жооп берип жатып, бул окуялар үчүн жоопкерчиликти четке какпасын, эч качан коопсуздук күчтөрүнө ок атуу тууралуу буйрук бербегенин айтып, бирок кан төгүүнүн алдын алууда жетиштүү чара көрө албаганын моюнуна алды:

- Митингчилерге ок атуу тууралуу кимдир бирөө буйрук бергени боюнча менде фактылар жок. Мен буга караманча каршы болгом. Мен эч кандай буйрук берген эмесмин. Биринчиден, бул менин ыйгарым укуктарыма кирбейт эле. Экинчиден, мен күч колдонууга, асыресе ок атууга каршы экенимди ошондо эле коомчулукка жарыя кылгам.

Янукович андан ары коопсуздук күчтөрү мыйзамга ылайык, өз милдеттерин аткарганын, курал колдонууга алардын укугу болгонун кошумчалады.

Киевдин борбордук аянтындагы былтыркы тополоңдордо, демонстранттардын жоон тобун полиция кууп таратмак болгондо жүздөн ашуун адам каза тапкан. Андан кийин 23-февралда Янукович өлкөдөн качып чыгып, Орусиядан башпаанек тапкан.

Окуялар андан ары Орусия Крымды аннексиялап алышы менен уланып, Украина чыгышында орусиячыл жикчилдер мамлекеттик мекемелерди ээлей башташы менен коштолгон. Бул өлкөнү жарандык согушка кептеп, тутанган от дале өчө элек. Бул согуш азырга чейин алты жарым миңдей адамдын өмүрүн алып, миллиондон ашуун кишини там-ташын таштап кетүүгө аргасыз кылды.

Янукович Крымдын Орусияга кошулушун "Украинанын трагедиясы" деп атап, эгер өзү бийликте турганда мындай окуя болбостугун айтты:

- Абдан жаман болду, азыр эми мындай кырдаалдан чыгуунун жолун издеш керек. Азыр согуш жүрүп жатат. Эми болсо Крымды кайтарып алабыз деп атышат. Кантип... Согуш мененби? Бизге дагы бир согуш керекпи?

Янукович Украинанын мамлекеттик каражатын кымырып алганы жана ал акчаны чет элдик банктарда сактаганы тууралуу маалыматтарды да четке какты. Ал бийликтен кулатылгандан кийин Киевдин четиндеги хан сарайдагы байгер жашоосу, ал жердеги зоопарк коомчулуктун оозун ачырган эле.

- Бул резиденциянын аймагындагы 630 чарчы метр аянттагы үй гана меники. Аны мен декларацияланган өз акчама сатып алгам. Бул аймактагы калган нерселердин мага эч кандай тиешеси жок жана болгон да эмес. А төө куштар жөнүндө айтсак, аларды карагандын эмнеси жаман? Жаныбарларды жакшы көргөнүм менен ал жерге барууга менде убакыт да болгон эмес, мен иштегем.

Янукович андан ары бул сарай үчүн миллиондогон долларлар сарпталганы тууралуу маалыматтарды “саясий технология” деп атап, "андан бери бир жарым жыл өттү, азыркы бийликтегилер менин банктык эсептерим кайда экенин көрсөтпөйбү, андай эсеп болгон эмес" деп айтты.

Украина бийлиги Януковичти миллиондогон долларды кымырып алган деп айыптап, быйыл январда Интерпол аркылуу ага издөө салган.

Янукович маегинде Орусия президенти анын өмүрүн сактап калганы үчүн ыраазычылык да айтты:

- Владимир Путин мени алып чыгып кетүүнү чечип, атайын кызматтарга тапшырма бериши - бул анын укугу жана иши. Муну мени менен кеңешкен эмес. Ал менин өмүрүмдү сактап калуу үчүн ушундай буйрук бергенине мен албетте алкыш айтам.

Янукович Украина чыгышындагы жаңжалды «Донбасс калкына» карата геноцид деп атап, бирок орусиячыл жикчилдер тарабынан көзөмөлдөнүп жаткан аймактар Украинанын курамында калышы керектигин, АКШ жана Европа Биримдиги расмий Киевди козголоңчулардын лидерлери менен сүйлөшүүгө мажбурлашы зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле Киевдеги оппоненттерин аскерий төңкөрүш жасап, радикалдык кадамдарга барбашы керек эле деп эсептейт:

- Алар Майдан менен эле токтоп калбасын, андан ары кетерин мен эскерткем. Айткандай эле андан ары кетишти. Өткөн бир жарым жыл ичинде согуш болду, Украина Крым менен Донбассты жоготту, миңдеген өмүрлөр кыйылды, өлкөнү кыйратышып, бул жаңжалга бүт дүйнөнү тартышты - Европаны, Орусияны жана Америка Кошмо Штаттарын...

Виктор Янукович бул маегинде мурдагыдай эле Украинага кайсы бир күнү кайтып барам деген ниетте экенин да айткан. Анын сөзүнө караганда, азыр көпчүлүк мезгилде Ростов-на-Донуда жашап жатат. Бирок Орусиянын башка аймактарына такай жылып турууга, өмүрүнө коркунуч келгендиктен ар дайым жансакчылардын коштоосунда жүрүүгө мажбур.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG