Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:44

Украинада оппозиция аза күттү


Эркиндик аянтындагы демонстранттардын чатырлары. Киев, 26-январь, 2014.
Эркиндик аянтындагы демонстранттардын чатырлары. Киев, 26-январь, 2014.

Украин оппозициясы жекшембиде аза күтүү күнүн жарыялап, полиция менен болгон буга чейинки кагылыштарда курман болгон эки активистти эскеришти.

Миңдеген адамдар Киевдеги Михайлов чиркөөсүнө келип, өткөн жумада полиция менен демонстранттардын кагылышуусу учурунда мерт кеткен беларусиялык активист Михаил Жизневскийди эскеришти. Михайил Жизневскийди жерге берүү зыйнатына миңдеген адамдар катышты.

Кагылышууларда мерт болгон Сергей Нигояндын сөөгү да Днепропетровск облусундагы Березнатовка айылында жерге берилди. Оппозиция бул жоготуулар үчүн укук коргоо орагандарын күнөөлөсө, ИИМ эки адам милициянын огунан өлбөгөнүн айтууда.

Демонстрациялар Киевде жана башка шаарларда жекшемби күнү да уланды. Жекшембиге караган түнү митингчилер полиция жана коопсуздук күчтөрү отурган имаратка чабуул жасашты. Имарат акциялар өтүп жаткан борбордук аянттан алыс эмес жайгашкан.

Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер эки тарапты тең зомбулукту токтотууга чакырды.

- Менимче, биз Украинага бир эле кеңеш бере алабыз. Украина келечекке карай кадамды зомбулук колдонуу менен жасай албайт. Бул зомбулук кайсы тараптан келгени маанилүү эмес. Кырдаал абдан кыйын болсо да, саясий чечимди кабыл алууга мүмүкүнчүлүк бар деп ишенем.

Орусиядагы ИТАР-ТАСС маалымат агенттигиндеги маегинде Украинанын коргоо министри Павел Лебедев эки тараптын ортосуна армиянын кийлигишүүсү мүмкүн эмес деп билдирди. Лебедев баса белгилегендей армия Украинанын конституциясын жана мыйзамдарын аткарат.

Президент Виктор Янукович оппозицияга эки жогорку даражадагы кызматты сунуштады, оппозиция лидерлери бул сунушту четке кагышты.

Янукович Арсений Яценюкка премьер-министрдин, Виталий Кличкого вице-премьер-министрдин ордун сунуштаган. Яценюк жана Кличко бул сунушка макул болбогону менен, оппозиция президент менен сүйлөшүүлөрдү улантаарын билдирди. Кийинки сүйлөшүүлөр 31-январга белгиленген.

Протестчилер ошондой эле батыш Украинада Львов, Ровно, Тернополь, Хмельницкий шаарларынын администрацияларын ээлешти.

Львовдо жума күнү демонстранттар облустук администрациянын жолун бууп, кызматкерлерди имаратка киргизбей коюшкан. Бейшемби күнү губернаторду кызматтан кетүү боюнча арыз жазууга мажбурлашкан.

Хьюман Райтс Уотч эл аралык укук коргоочу уюму бийликти жоголгон актвисттерди табууга үндөдү. Уюмдун билдирүүсүндө нааразылык акциянын лидери Дмитрий Булатов 22 январда жоголгону, андан бери уюлдук телефону иштебей, унаасы табылбай жаткандыгы жазылган.

Мындан тышкары 21-январда дагы башка активисттер уурдалган. Уурдалып, кайра табылган Игорь Луценко азыр ооруканада. Денесинде зомбулуктун издери бар дагы бир активист Юрий Вербицкийдин денеси 22-январда табылган.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG