Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:44

Трамптын чечимине мурдагы элчилер каршы


Трамп АКШнын Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешиндеги мурдагы жана азыркы элчилери менен түштөнүүдө.
Трамп АКШнын Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешиндеги мурдагы жана азыркы элчилери менен түштөнүүдө.

АКШнын Улуттар Уюмуна берчү каржыны азайтуу планы өнөктөштөрүн оолактатып, Вашингтондун таасирин алсыратышы ыктымал.

Бул тууралуу Кошмо Штаттардын БУУдагы мурдагы тогуз элчиси эскертүүдө. АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон уюмдун тынчтыкты сактоо миссиясынын бюджетинин 28% көтөрүп жатканы акыйкатсыздык деген пикирин билдирген.

Кошмо Штаттардын Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешиндеги мурдагы тогуз элчиси Конгресске ачык кат жазып, бул эл аралык уюмга бөлүнгөн каражаттын көлөмүн кыскартпоого чакырышты.

25-апрелде жарыяланган катта "Улуттар уюмуна бөлгөн каражатты азайтуу Кошмо Штаттардын позициясын алсыратып, өнөктөштөрдү оолактатат. Ошондой эле бул нерсе америкалык кызыкчылыктарды жана баалуулуктарды алга жылдырган уюмдун ишмердигин үзгүлтүккө учуратат, алыскы келечекте бул бизге кымбатка түшөт" деп жазылган.

Катка сегиз экс-элчи: Саманта Пауэр, Сюзан Райс, Жон Негропонте, Билл Ричардсон, Мадлен Олбрайт, Эдвард Перкинс, Томас Пикеринг, Дональд Макгенри жана Эндрю Янг кол койгон.

Кошмо Штаттардын мурдагы мамлекеттин катчысы Мадлен Олбрайт көп өтпөй "Твиттердеги" баракчасына "Кедейлик менен согуштан кымбат эч нерсе жок" - деп жазды.

Ошондой эле ал журналисттер менен сүйлөшүп жатып "АКШ өз позициясынан бир аз эле тайса, башка мамлекеттер, алды менен Кытай жана Орусия бул боштукту толтуруш үчүн колунан келгенин жасашат" деп айтты.

Шейшемби күнү кечинде АКШ президенти Дональд Трамп дал ушул мурдагы элчилер менен түштөндү. Алар менен баарлашууда Трамп Улуттар Уюмунун айрым кадамдарын сынга алды:

- Мен Коопсуздук кеңешин чогулуп Сирия боюнча жаралып жаткан коркунучтарга каршы турууга чакырам. Кеңештин сириялык режим тарабынан химиялык куралдын колдонулушуна тиешелүү жооп бере албаганы мени абдан өкүндүрдү. Түндүк Корея менен мамиледеги кво-статусу да биз үчүн кабыл алынгыс. Кеңеш Түндүк Кореянын өзөктүк программасына жооп катары олуттуураак кошумча санкцияларды киргизүүгө даяр болушу керек. Бул бүт дүйнө үчүн реалдуу коркунуч. Түндүк Корея Жер жүзүндөгү эң чоң көйгөй. Биз бул маселени акыры чечишибиз керек.

АКШ президенти Доналд Трамп жана БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги АКШнын элчиси Никки Хейли.
АКШ президенти Доналд Трамп жана БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги АКШнын элчиси Никки Хейли.

Трамптын пикиринде, Улуттар Уюмунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана башка маселелерди чечүү үчүн тиешелүү реформалар зарыл. Ал уюмдун өз потенциалын толук колдонууга кудурети жетпей жатканын белгиледи:

- Биз Улуттар Уюмунун бюджетине көңүл буруубуз керек. Каржылоо системасы көзөмөлдөн чыгып кетти. Ошентсе да менин айтаарым, эгер силер жакшы иштесеңер мен бюджетке мынча тынчсызданбайм. Анткени кеп силер аткарып жаткан иш менен салыштырганда өтө аз каражат тууралуу болуп жатат.

Кошмо Штаттар дүйнөлүк уюмга эң көп акча берген өлкө. Уюм бюджетинин 22 пайызы же 5,4 миллиард доллары АКШдан келет. Ошондой эле Вашингтон уюмдун тынчтыкты сактоо миссиясына бөлүнгөн каражаттын 28 пайызын же 7,9 миллиард долларын берет.

Foreign Policy басылмасынын жазганына караганда, Трамптын администрациясы мындан тышкары ЮСАИДге бөлгөн каражатты да кыскартуу ниети бар. Ошондой эле басылма белгилегендей, Кошмо Штаттар 2018-жылы Украинага бөлгөн каржылык жардамды 70 пайызга же 570 миллион доллардан 170 миллион долларга чейин кыскартууну боолголоп жатат.

АКШнын президенти Доналд Трамп шайлоо өнөктүгү маалында эле Бириккен Улуттар Уюмунда реформалар жана өзгөрүүлөр жасалышын талап кылаарын айтып келген. Ал ошондой эле жалпысынан тышкы жардамга, дипломатияга бөлүнгөн акчаны кыскартууну убада кылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG