Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

ЮНЕСКО: Шахрисабз шаары жоголуп баратат


Шахрисабз шаарында талкаланган үйлөр
Шахрисабз шаарында талкаланган үйлөр

Бириккен Улуттар Уюму Өзбекстандагы Шахрисабз шаарын жоголуп бараткан тарыхый мурастардын катарына киргизди. Өзбек бийликтери болсо тарыхый шаарды туристтер үчүн оңдоп-түзөп жатканын билдиришүүдө.

БУУнун Дүйнөлүк мурастар комитети Өзбекстандагы Шахрисабз тарыхый борборун жоголуу коркунучунда турган баалуулуктардын катарына кошту. ЮНЕСКО мындай чечимди Стамбулда өткөн 40-сессиясында кабыл алды.

Комитет 13-июлда шаардын орто кылымдарга таандык райондорун заманбап мейманкана куруу үчүн бузулушуна тынчсыздануусун билдирип, тарыхый жайларга келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо үчүн Өзбекстанга эксперттик топту жиберүүнү ЮНЕСКОго сунуштады.

Адистердин пикиринде, жаңы мейманканалардын курулушу шаардын баалуулугун биротоло жокко чыгарган. Тарыхый имараттар бузулуп, ордуна туристтер үчүн заманбап мейманканалар курулган. "Узтуризм" болсо Шахрисабз, тескерисинче, реконструкцияланып, туристтердин санын арттырууга даярданып жатат деп билдиришет.

"Шахрисабздын тарыхый бөлүгүндө реконструкциялоо иштери аяктады. Бүгүн Амир Темирдин байыркы мекени болуп көрбөгөндөй кооз болуп калды. Шаар конокторду тосуп алууга даяр. Кашкадарыянын кооздугу бүт облуска көрк берип турат. Келечекте Шахрисабз да Өзбекстандын башка шаарларындай эле популярдуу жайга айланат" деп жазылат "Узтуризмдин" расмий билдирүүсүндө.

2000 жылдан ашык тарыхы бар Шахрисабз шаары Улуу Жибек жолунда Өзбекстандын Кашкадарыя облусунда жайгашкан. Шахрисабз байыркы заманда Кэш деп аталып, өрөөндүн маданий жана саясий борбору болуп турган.

ЮНЕСКОнун маалыматына караганда, Шахрисабз шаары XV–XVI кылымдарда жашап өткөн Амир Темирдин доорундагы диний жана светтик эстеликтердин кайталангыс топтому менен баалуу деп эсептелет.

Шахрисабз 2700 жыл мурун негизделген. Шахрисабзда Тимурдун Аксарайы, Дорут Тилават мемориалдык комплекси, Тимуриддердин күмбөзү көрүнүктүү тарыхый эстеликтердин эң уникалдуусу деп эсептелет. Амир Темирдин Аксарайынан улам өзбек президенти Ислам Каримовдун резиденциясы да Аксарай деп аталат.

Бул шаар дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн тарыхый баалуулуктардын дүйнөлүк тизмесине 2000-жылы киргизилген болчу. Өзбек бийликтери шаарга келген туристтерге шарт түзүү максатында калаадагы бир нече тарыхый жайларды сүрдүрүп, орудуна жаңы имараттарды курган.

Өзбекстандын союз учурунан бери белгилүү эстрадалык тобу "Ялланын" "Шахризабс" деген ыры байыркы шаарды маал-маал элдин эсине салып тургандай.

XS
SM
MD
LG