Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:09

АКШ-Куба: муз ордунан жылды


Президенттер Рауль Кастро жана Барак Обама
Президенттер Рауль Кастро жана Барак Обама

АКШ менен Кубанын ортосунда бүгүнтөн тарта сооданын жана эки жакка каттоонун жаңы эрежелери күчүнө кирет. Бул Кошмо Штаттар Кубага мындан жарым кылым мурда киргизген эмбаргону жумшартуу багытындагы алгачкы чара.

Мындай кадам эки өлкө бир ай мурда дипломатиялык алака-катышты калыбына келтирүүнү макулдашканын жарыялаган соң жасалып жатат.

АКШ менен коңшу Куба ортосунда соода-сатыкта жана башка алака- катышта бүгүнтөн тарта күчүнө кирүүчү жаңы эрежелер кансыз согуш доорунан мураска калган кастыкты жоюу алкагындагы конкреттүү кадамдардын алгачкысы.

Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги жарыялагандай, бүгүнтөн тарта америкалык авиакомпаниялар Кубага каттамдарды атайын уруксат албастан туруп эле аткара алат. Каржы институттары Кубанын банктарында өз эсептерин ачуусуна, америкалык ишкерлер бул өлкөдө чакан бизнеске жана айыл чарбасына инвестиция жасоосуна уруксат берилет. Америкалыктардын Кубада коротуучу акчасынын көлөмүнө чектөө коюлбайт.

АКШ компаниялары Кубага кеме курууда талап кылынган материалдарды, уюлдук телефондорду, телекоммуникациялык жабдууларды, компьютердик программаларды экспорттоого мүмкүнчүлүк алат. Тизмеде ушуга окшогон башка чаралар да бар.

​Себастиан Аркос
​Себастиан Аркос

​Бирок Майамидеги Флорида Эл аралык университетинде Куба институтунун директорунун орун басары Себастиан Аркос (Sebastian Arcos) “Азаттык” менен маегинде белгилегендей, эки өлкө алакасынын толук нормалдашуусу узак убакытты, балким бир нече жылды талап кылуучу жараян:

- Анткени эки өлкө көп убакыт алысташып кетти. Чечүүнү талап кылган өтө көп маселе бар. Президент 17-декабрда жасаган кадамга Конгресстин каршы чыгышы кырдаалды дагы кыйчалыш кылат. Маселен, элчиликтер эки-үч жылдын аралыгында ачыла албайт. Балким мындан да узарып кетет. Соода эмбаргосу ордунда эле турат. Аны Конгресс гана жойо алат. Бул да кеминде эки жылда болбойт. Конгрессти көзөмөлдөп жаткан республикачылар санкциялардын жоюлушун колдобойт. Андан ары мамилени толук жөнгө салуу канча убакытты талап кылары 2016-жылкы президенттик шайлоону ким: республикачылар же демократтар жеңерине көз каранды болот.

Айрым республикачыл конгрессмендер болсо Обаманын чечимин кескин сындап, “миллиондогон кубалыктардын демократияга болгон кыялын садага чапкандык” катары сыпатташкан.

Обама Куба президенти Рауль Кастро менен 16-декабрда телефондон сүйлөшкөн.Бул эки өлкө лидерлеринин 1961-жылдан берки алгачкы маңыздуу сүйлөшүүсү болду.
Обама Куба президенти Рауль Кастро менен 16-декабрда телефондон сүйлөшкөн.Бул эки өлкө лидерлеринин 1961-жылдан берки алгачкы маңыздуу сүйлөшүүсү болду.

Президент Барак Обама өзү болсо былтыр 17-декабрда Кубага карата саясатка өзгөрүү кирип жатканын жарыялаганда буларга токтолгон:

- Бул өзгөрүүлөр аркылуу биз америкалыктар жана кубалыктар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү, Америка мамлекеттери ортосунда жаңы бапты (глава) баштоону көздөйбүз. Артта калган элүү жыл изоляция иштебегенин көргөздү. Жаңыча мамиленин мезгили келди.

Обама бирок анда АКШ саясатындагы бурулуш Кубанын коомуна бир түндө эле өзгөрүү алып келе койбосун да эскерткен.

Келерки апта соңунда Гаванада эки өлкө миграция боюнча сүйлөшүү өткөргөнү жатат.

Гаванага Кошмо Штаттардын Латын Американы тейлеген башкы дипломаты Роберт Жейкобсон баштаган делегациянын барышы эки өлкөнүн 1980-жылдан бери эң жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүсү болот.

Бул сүйлөшүүлөрдү утурлай АКШ администрациясы Куба бийликтери мурда макулдашылган тизмеге ылайык, түрмөдөн 53 саясий айыпкерди бошотушканын ырасташты.

АКШ менен Кубанын алакасы 1959-жылкы ыңкылапта бийликке Фидель Кастро келгенден кийин бузулган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG